Жорум

​Атамбаев саясатка кайттыбы же кайра кийлигише баштадыбы?

5 апреля 2018 г. 13:20 861

Кече кечинде "Азаттыктын" ыңгайсыз суроолоруна катыштым, бир топ учурлаш саясий маселелер, коомдук көйгөйлөр боюнча депутат Рыскелди Момбеков экөөбүз өз ойлорубузду айттык. Ал жерде болгон сөздө "Атамбаевдин саясатка кайтып келиши", "КСДПК партиясынын курултайынын жабык өтүшү", "Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши" дегендердин айланасында да талкуу болду. Толук айтылбай, ачылбай, убакыттын чектелүүсүнөн улам өксүк болуп калгандыктан кыскача түшүндүрмө берүү туура го дейм.

Биринчиден, "Атамбаев саясатка кайра келди" - деп жар салып, муну бир ири окуя катары, маанилүү окуя катары жарыя кылуунун өзү натуура. Анткени өлкө башында турган адам эмне кылган күндө да бир мүнөт дагы саясаттан кетпейт, ал кишинин басканы дагы, турганы дагы, сүйлөгөнү дагы, жасаган иши дагы САЯСАТ бойдон калат.

Туура, учурдагы саясий маселелерге аралашпай, кийлигишпей коюшу мүмкүн, бирок саясаттан кете албайт. Ошондуктан биздеги азыркы ахвалды "Атамбаедин саясатка кайра келиши" катары сыпаттабай - "Атамбаевдин мамлекеттик саясатка кайрадан кийлигише башташы" деп айтуу туура болот. "Депутаттарды бир короого камап киргизип алдым, балашкамды Өкмөт башчысы кылып алдым, досумду Президент шайлатып алдым, эми төрт тарабым кыбыла, каалаганымды кылам, өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" - деп ойлоп атса чоң жаңылышат. Андан көрө мамлекеттик саясатка үлгү боло ала тургандай таасирди кандай жол менен, кандай иштер менен берем дегендин үстүнөн ойлонуусу абзел. Өзүнүн боюн түзөп Экс-президент деген статуска көнүшү зарыл, ошого ылайык мүнөз күтүп, ошого ылайык адеп-аклакты көрсөткөнү туура. Келгенди билген эми кеткенди да билүүсү керек, "чыккан кыз чийден тышкары" деп элибиз бекеринен айткан эмес.

Экинчиден, КСДП партиясы өз курултайын кандай өткөрөт, ачыкпы же жабыкпы, же дагы кандайдыр бир үлгүсүн табабы - бул өздөрүнүн иши. Бирок, кеп биздеги каттоодон өткөн 200дөй саясий партиянын бири жөнүндө болуп жаткан жок, кеп БИЙЛИКТЕГИ партия жөнүндө болуп жатат, кеп Президентти шайлаган, Өкмөттү түзгөн, Жогорку Кеңешти кармап турган партия жөнүндө болуп жатат. Мына ушундан улам элдин да партиянын курултайына болгон кызыгуусу күч болчу. Бул маселе коомдун көңүлүнүн чордонунда турган.

Бирок эл күткөндөй болбоду, элдин супсуну сууду, назары сынды, көңүлү кайтты. Анткени эл ал жерде айтылган өлдүр-сөлдүр сөздөрдү эмес, эл мамлекеттин келечеги, элдин эртеңки жашоосу жөнүндө бийликти ээлеп турган партиянын оюн, пикирин угууну күткөн, келечекке карай жолду көрүүнү күтүшкөн. Андай болбоду. Партиянын деле чамасы чак экенин, илгеркилер айтмакчы “"үү” деген үнү, үрпөйгөн жүнү" эле бар экенин көрдүк.

Үчүнчүдөн, "Атамбаев менен Жээнбековдун" тиреши тууралу. Бул тирешти баштаган да, аны ачыкка алып чыгып жарыя кылган да экс-президент Атамбаев. Эми токтото турган да өзү болуусу шарт. Мамлекеттик резиденциянын ичинен бир килейген имаратты ээлеп, аны өзүнчө эле президенттик кеңсе кылып алып, ал жерде өкмөт башчысынын, прокурор, коопсуздук кызматы, милициянын, министр, депутаттардын отчетторун угуп, аларга тапшырма берип, өлкө ичинде кош бийлик жаратууну токтотуу зарыл. Мындай иш экс-президенттик статуска туура келбейт. Экс-президент деген өз жолу, өз наркы, өз дөөлөтү мене жүрүүсү абзел. Бул жөнүндө жогоруда да айттым. Шайланган Президент Жээнбековго да жол берүү керек, анын ишмерлигине бут тозбой, тескерисинче өбөк болуу жагын ойлогон максатка ылайык.

Кечеги маектешим Рыскелди Момбековго ыраазычылык. Өз оюн түз, так айтып, учурлаш саясий маселелер боюнча калыстыкты сактоого аракет кылып жатканын коомчулук көрүп турат.