Ислам дүйнөсү

​Хижабчан мусулман кыздар косплейге кызыгышат

3 апреля 2018 г. 10:20 1980

Косплей аркылуу жапан анимесинин же компьютердик оюндун каарманына айлануу дүйнөгө жайылып, мусулман жаштарынын арасында да тарады. Бул динде аялзатынын кийинүүсүнө көп чектөө бар болгону менен исламды жактаган чыгармачыл кыздар жоолугун чечпестен эле косплей менен алектенишет.

Мындай мода Жакынкы Чыгыштагыдай эле мусулмандар көп жашаган Түштүк-Чыгышта да пайда болду. Ал жердин жаштары ымыркайынан жапан мультиктери менен оюндарынын таасири алдында өсөт. Мага бул өлкөлөрдө акыркы жылдары косплей конкурстары өткөрүлө баштаганын айтышты.

Мында хижаб маселе чыгарышы мүмкүн. Ал каармандардын өзгөчөлүгү болгон чачынын жасалгасы менен түсүн жаап турат. Мусулмандардын ыйык китеби болгон Куранда: “Аялзаты денесинин эркекти кызыктыруучу тараптарын жаап жүрүүсү керек”, - деген эскертүү бар. Бул өкүм аймак же кишиге жараша түрдүү жорулганы менен, адатта аялзатынын жүзү жана манжалары гана ачык болушу мүмкүн. Бойго жеткен кыздардын көбү үйүнөн сырткары хижаб кийишет. Мен бир убактары жашаган Иранда чет өлкөлүктөргө да мындай талап коюлуп, аялым өзүн дайыма ыңгайсыз сезчү.

Ошондуктан Түндүк-Чыгыштын баяндары хижабды чачка окшоштуруп салынып, өзүнө башкача жол табышкан. Анимэ менен оюндардын каармандарынын чачы шумдуктуудай жасалгаланып, түсү да бир башкача болгондуктан, мусулман кыздарынын ыкмасы тири шумдуктуу көрүнбөйт.


Бир Малайзиялык компаниянын 21 жаштагы кызматкери Миса: “Мен жактырган каарманыма айлануум үчүн хижабымды чечпегениме сыймыктанам. Бул уникалдуу эмеспи? Мен хижабды косплейде түрдүүчө колдунууну жактырам”, - дейт. Ал образынын бардык элементтерин өзү жасайт, кээ бирин 15 мүнөттүн тегерегинде бүтүрө салат.

22 жаштагы индонезиялык баян “Мен өзүмдүн индивидуалдуулугумду баса белгилегим келет”, десе, малазиялык дагы бир кыз (21де) болсо: “Мен үчүн эң маанилүүсү – хижабчан өзүмдү эркин сезем”, - деген оюн билдирген. Мындай “тапкычтык” аркылуу косплей менен алектенген кыздар көбөйүүдө.

Чачты париктин алдына жашырып салса болчудай көрүнгөнү менен анын өз чачың сыяктуу болуп, моюн менен кулактарды жаппагандыктан, андай кылуу мүмкүн эместигин мага түшүндүрүштү. Мындан сырткары мусулман кыздарына адамдын терисинин түсүндөгү курамалары бар кийим кийүүгө болбойт. Кыздар өз динин сыйлагандыктан, косплейди колдонууда чекетен чыгып кетпеш үчүн бири-бири менен ал боюнча дайыма талкуу уюштуруп турушаарын айтышты.

Менин билгенимче, Жопонияда исламда коюлган эрежелерге толугу менен баш ийүү керек жана ал аялзатын басмырлаган дин деген түшүнүк терең сиңип калган. Кээ бир жерлерде андай да болуп жатышы мүмкүн, бирок мага аны кармангандар жоолук салынса да, косплейди жеңил жана ыракаттануу менен колдонгон чыгармачыл жаштардын дини катары көрүндү. Мусулмандардын бири: “Кишилер Куранды түрдүү жорушат. Ошондуктан ар кимиси коюлган эрежелерди өзүнүн Кудай менен курган мамилесине жараша түрдүү карманат. Буга сырттан эч ким аралаша албайт”, - деди.

Биз да түрдүү чектөөлөргө баш ийебиз, ал эрежелердин сырткы көрүнүшү гана башкача. Биз – жапондор исламды тар көз караштагы дин дегенибиз, балким, өзүбүздүн бул дүйнөнү тар түшүнгөнүбүздөн келип чыгышы мүмкүн.

Асахи симбун, Жапония