Ислам дүйнөсү

​Сауд Аравиясы мунайды күн батареяларына алмаштырат

30 марта 2018 г. 12:37 831

Эң көп мунай саткан өлкөлөрдүн (OPEC) катарына кирген мамлекет кайра калыптанма энергетикасына багыттанды. Ал жапандардын Softbank фирмасы менен биргеликте 200 өзөктүк реактор кубатындагы элекетр станцияларын курмакчы

Дүйнөнүн күн энергетикасына байланыштуу долбоор Европа менен Америка же Кытайда эмес, Сауд Аравиясында ишке ашмакчы. Мунайдын эсебинен байып, мунайды экспорттогон мамлекеттеринин OPEC уюмунда негизги орунду ээлеген өлкө, мунайга көз карандылык оорусунан кутулмакчы. Сауддар мунайды гана карап отурбастан, 2030-жылга чейин жогорку технологияларга багыттануу максатын 2016-жылы койгон.

Дымактуу Vision-2030 долбоорун ишке ашыруу

Бул олуттуу кадамды 32 жаштагы тактыга талапкер ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Сауд кол тамгасы менен бекиткен. Ал эки жыл мурун McKinsey эл аралык консалтинг (башкаруу түзүмдөрүн куруу боюнча кеңеш берүү) компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан Vision-2030 долбоорун сауд коомуна сунган.

Ханзаада Vision-2030 долбоору боюнча өлкөсүн социалдык-экономикалык жактан түп-тамырынан жаңылап чыкмакчы. Ал бул максаттын алгач кадамы катары, мунайга көз каранды улуттук энергетикасын он жыл ичинде толугу менен башка нукка түшүрүүчү долбоордун жибин кести.

2018-жылдын 28-мартында ханзаада Салман Нью-Йоркто Softbank Group технологиялык холдингдин негиздөөчүсү жана башчысы Масаёси Сон менен Сауд Аравиясында жалпысынан 200 гигаватт кубатындагы күн электр чордондорун куруу боюнча келишимге кол койду. Бул бара-бара курулчу чордондор 200 өзөктүк блоктун кубатына тете. Ошентип Сауд Аравиясы өзөктүк энергияга басым кылган Иранга окшогон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн айырмаланып, кайра калыптанма энергиясын өндүрүүгө багыттанды. Бул үчүн жер алдындагы мунай корун гана эмес, чөлдөрүндө мол тийген күндү да колдонмокчу.

Инвестициялар 200 млрд долларга жетмекчи

Кол коюлган долбоор менен тааныштырган ханзаада Салман: “Бул жалпы адамзат үчүн олуттуу кадам. Ал дымактуу болуусу менен биргеликте тобокелчиликтүү да, бирок мен ийгиликке жетебиз деген үмүттөмүн”, - деди. Долбоор боюнча күн батареяларын импорттоп орнотууга быйыл эле 5 млрд доллар жумшалып, 2019-жылы 3 жана 4,2 гигаваттык (Кыргызстандын эң ири Токтогул ГЭСи 1,2 гигаватт - Саресеп) эки чордон курулмакчы. Алар дароо дүйнөнүн эң ири күн чордондору атагат.

Бул 5 миллиарддын 1 млрд долларын ханзаада Салман өнөктөш болгон, жапан миллиардчысы 2016-жылы негиздеген Softbank Vision Fund фонду чегермекчи. Фонд буга чейин АКШ, Индия жана Европадагы долбоорлорду каржылаган. Калган 4 млрд долларды долбоорго кирем деген башка өнөктөштөр бермекчи.

Бара-бара бул долбор үчүн инвестициялар курулган чордондорду иштеткен тараптардан келе бермекчи. Анткени иштеп чыгарылган энергиянын бир бөлүгүнүн сыртка сатылуусу пландалууда. Сауд Аравиясынын күн энергетикасына толук багыттанып кетүүсүнө жумшалган каражат 2030-жылга чейин 200 млрд долларга жетиши мүмкүн.

Масаёси Сон: өзөктүктүн ордуна күн кубаты

“Бул, албетте, адамзат тарыхындагы эң ири күн долбоору”, - деди долбоорго кол койгон Масаёси Сон. 1990-жылдары интернеттин өнүгүүсүн эң биринчилердин катарында каржылаган 60 жашындагы жапан ишкери, 2011-жылы жапандардын “Фукусима” өзөктүк чордонунда авария болгондон тарта өзөктүк энергетикага катуу каршы чыгып, Жапонияда күн энергетикасынын өнүгүүсүнө каражат жумшап баштаган.

Эми таасирлүү, келечектүү жана кеңири ойлонгон ханзаада Салман ага пикирлеш болуп калды. Экөө келишкен мерчем боюнча күн батареяларын Сауд Аравиясы да чыгара баштайт. Алар импорттолгон батареялардын ордуна колдонулуп, кийин коңшу араб мамлекеттерине да экспорттолмокчу. Анткени ал өлкөлөрдө да күн энергетикасына кызыгуу күч.

Softbank компаниясынын башчысы атаандаштыкка туруштук бере алган батареяларды Сауд Аравиясы эки-үч жылда чыгарып баштай алат деген ойдо. Эр-Рияддагы сауд бийлиги өлкөдө негизделип, өнүгүп кетүүсү мерчемделген жаңы тармак 100 миңге жакын адамга жумуш берет деген үмүттө. Бул долбоор мунайга негизделген улуттук экономиканын жогорку технологиялык чарбачылыкка өтүүсүнө чоң түрткү бермекчи. А бул өз кезегиде Vision-2030 долбоорунун негизги максаты.

Deutsche Welle, Дүйнө