Кытай/Индия

​Кытай эли сый-урмат талап кылганда...

28 марта 2018 г. 11:33 652

Демократия 20 жыл мурун толук жеңчүдөй көрүнгөн, бирок андай болбоду. Бирок авторитарлыктын бүгүнкү дымагы да көпкө узачуудай көрүнбөйт

XX кылымда идеологиялардын кагылышы болсо, XXI кылымды геосаясий кагылышуу доору катары жашап жатабыз. Дүйнөнүн жакшыларынын көбү ушул пикирде. Бирок технологиялардын тез өнүгүп жатканына караганда, дүйнөнүн алдында башка деңгээлдеги сыноолор тургансыйт. Жакында Евразия тең салмактыгын жоготушу мүмкүн, анткени Пекинде калыптана баштаган авторитардык башкаруу туруктуу болбочудай көрүнөт.

1997-жылы мен Atlantic гезитинде “Демократия көз ирмемге эле созулдубу?” деген макала жазгам. Ал кезде демократия бүткүл дүйнөдө жеңди деген пикир тараган. Мен болсо бул жеңиш көпкө созулбайт, жакында авторитарлыктын жаңы түрлөрү пайда болот дегем. Жүйөлөрүмдү көп мамлекетте демократиялык институттар тыңый элек кезинде шайлоолор өткөнүнө негиздегем. Аны чет элдик корреспондент катары бул өлкөлөрдө иштегенимде байкагам. Эми менин ошол эле окурмандык жана корреспонденттик тажрыйбам авторитарлык доору да көпкө узабайт деп жатат.

Авторитардык түзүмдөгү коомдордун орто тайпасы менен бирге технологиянын эбегейсиз тездикте өсүүсү барган сайын өкмөткө басымын көбөйтүп, бийликти өз жарандарынын талабына жакшы кулак салууга мажбурлайт. Кытай дагы мындай мүнөздүү багыты пайда болгон мамлекеттердин бири.

Кытай буга чейин ачык айкындыгы менен айырмаланган авторитардык түзүм аркылуу башкарылып келген. Технократтардын биргелешип башкаруусу туруктуу саясий институттарды калыптаганга шарт түзгөн. Лидердин башкаруу мөөнөтү эки беш жылдык менен чектелүүсү бул түзүмдүн өзөгү болчу. Бирок президенти Си Цзинпиндин алдында Кытайды өмүр бою башкарууга жолу ачылганы мындай динамиканы тушады. Диктатура бир адамды ыйык тутуп, саясий институттарды негиздөө жараяны болгон жамааттык башкарууну жокко чыгарат. Жакындагы саясий өзгөрүүлөр кытайлык орто тайпа бутуна тура баштаганда ишке ашты. Бул тайпа кытай бийлигинин интернеттин ири маалыматты жыйнап жана талдоо мүмкүндүгүн колдонуп, ар бир жаранынын жашоосун толугу менен көзөмөлдөөгө өткөнүнө карабай өсүп жатат.

Кытай коому жапырт байып, өз өкмөтүнө жогору талаптарды коё баштоочу доорго кадам таштады. Өнүгүү жолундагы коомдо саясий толкуулар эч качан токтобойт. Саясат болгону мурункуга караганда туруксуздуктун жогорку, заманбап түрүнө өтөт.

Кытайдын диктатурасынан чочуган америкалык элита дүйнө кандайдыр бир туруктуулукка жетти деп ойлоп жатат. Андай эмес. Кытай режиминин өз жарандарынын ой-жүгүртүүсүнөн бери көзөмөлдөйм деген аракети белгилүү бир мөөнөткө чейин натыйжалуу болот. Бирок акырында психозго, жеке, инсандык деңгээлдеги зомбулук менен коркууларга жол ачат. Натыйжада жаңы социалдык жарылуулар башталат.

Технологиялар түрдүү коомдорду туруксуздукка түртөт. АКШны байкасаңыз. Эгер интернет аягы үзүлбөгөн сурамжылоолор аркылуу тирешүүлөрдү күчөтпөгөндө, саясий аба ырайы анча борошолуу болмок эмес. Праймериз эмес, көшөгө аркасындагы оюндар 2016-жылкы шайлоого Республикачыл партиядан салттуу талапкерди чыгармак. Бирок Американын учурдагы туруксуздугу, канчалык кооптуу болбосун, өзүн өзү жөндөп кете алат. Америкалыктар жергиликтүү, штаттык жана федералдык шайлоолорду өткөргөндүктөн, элитасы дайыма өзгөрүп турган абалга ыкташып кете алуу жөндөмүнө ээ.

Кытайдын абалы башкача. Ал куушурулуп бара жаткан кутуга окшоп кетет. Кытайлыктардын нааразычылыгы менен ирээнжүүсүн билдирүү мүмкүнчүлүктөрү барган сайын тарып барат. Си алмашкыс президент болгон соң экономиканы түп-тамырынан өзгөрүп, өлкөсүн ыкчам өнүктүрө башташы мүмкүн. Анысы менен элин ого бетер байытып, орто тайпанын эркиндик талабын кубаттайт. Бирок авторитардык режимдин эркиндиктерди болушунча чектеп, акыры толугу менен жок кылуу мүнөзү бар.

Кытай армиясын бекемдеп, ички куугунтуктоолорду күчөткөн сайын Батышка терс келүүсү күчөйт. Ошондуктан кансыз согуш башталып жаткан убактагыдай эле, батыш саясатчылары келечекке көз чаптырып, кытай атаандашынын алдындагы катаалдыктарды көрө билиши керек. Эгер кытайлык система жакынкы 10-20 жылда урап түшсө, Евразияда эбегейсиз туруксуздук башталат. АКШ баарын жакшылыкка жоруп, бул күрөшкө даяр болуусу шарт. Анткени демократия авторитардыкка караганда узакка жүгүрө алчу күлүк.

Роберт Каплан, The Wall Street Journal, АКШ