Орусия

​Путин жактырган тактика өзүнө каршы иштей баштады

27 марта 2018 г. 20:17 1501

2014-жылынын жазы баталганда ким экени белгисиз аскерлер украиналык Крым жарым аралында мамлекеттик имараттарды басып кирип, украин аскер базаларын курчап, регионго жаңы лидерлерди дайындаганын дүйнө оозун ачып карап олтурду. Орусиянын президенти Владимир Путин алардын орусиялык аскерлер эмес экенин айтты. Анын айтымында алар “жергиликтүү өзүн-өзү коргоо күчтөрү” болчу. Бир ай өтпөй Орусия Крымды кошуп алды. Бир жыл өтүп, элдин баары билген соң, Путин баскынга орусиялык аскерлер катышканын айтты.

Ошол окуядан кийин Орусия тууралуу батыштык дискуссияларда “чындыкка окшогон моюнга албоо” (plausible deniability) деген сөз айтыла баштады. Кийин Путин өзү койгон кишилер же ким экени белгисиз бирилери аркылуу шектүү иштерге баруусу менен айырмалаган саясачыга айланды. Кээде мындай кишилер Крымдагыдай Кремлдин жашыруун агенттери болуп чыкты. Бирок бир нече жыл өткөн соң Путин башкалардын колу менен көмөчүнө күл тартканды өздөштүрдү. Мындай тактика Батышты, кылган иши үчүн Орусияны жооп берүүгө мажбурлай албаган, шалдайган көрүүчүгө айлантты.

Бирок бул ыкманын күнү бүтүп бара жаткансыйт. Англиянын түштүк-батышында Орусиянын эки тарапка иштеген мурунку агенти Сергей Скрипалды нервди өлүмгө алып барганчалык шал кылуучу зат менен уулантуу аракети “чындыкка окшогон моюнга албоо” тактикасын жараксыз кылып салгансыды. Бул ирет ал тактика Кремлди башкаргандарга каршы иштеп жаткансыйт.

Крымды тартып алгандан бери Кремль “чындыкка окшогон моюнга албоо” тактикасын кайра-кайра колдонуп келди. АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү анын классикалык үлгүсү болуп калды. Путин бир нече жолу Орусия “өкмөттүк деңгээлде кийлигишкен жок” деп айтты. Бирок ошол эле убакта орусиялык жарандыгы бар кээ бир “мекенчил хакерлер” же троллдор кылышы мүмкүн деп кошумчалап жатты. Орус президенти сөздү өзүнө керектүү нукка багыттап, баш тартуу аркылуу пайда табууга аракеттенип келди. Ал АКШнын Орусиянын иштерине кийлигишип жатат деп айыптап, ошол эле убакта аны интернет менен соцтармактарды тескөөдө кызматташууга чакырды.

Бул стратегияны толугу менен натыйжалуу деп айтуу кыйын. 2016-жылы орусиялык атайын кызматтын эки кызматкерин мамлекетин төңкөрүү аракетине Черногориянын айыптаганы Москвага оор сокку болду. Ал эки агент бул үчүн НАТОго каршы баш аламан нааразылыкты колдонмок деп айтылды. Орусиянын кишилери Украинанын чыгышында 2014-жылы малайзиялык Boing 777 учагын атып түшүргөнү чоң каргашага алып келди. Москва ушуга чейин бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айтканы менен, эл аралык коомчулуктун жемесинен кутула албай келет.

Бирок “чындыкка окшогон моюнга албоо” орус бийлиги үчүн жан үрөгөндөр менен жактоочуларын ооздуксуз агытууга барабар экени эң негизги көйгөй болуп калды. Бул кишилер кээде Кремлдин багыттоосу менен иштешет, кээде, Путинге жагат деген ой менен. өз каалаганын кылып коюушууда. Аларды дайыма эле көзөмөлдөй албайсың, ошондуктан мындай кишилер байкабастан катуу ката кетириши же Кремль өтпөйүн деген сызыктан өтүп кетиши мүмкүн.

Алар ката кетирсе же беттери ачылып калса, Путин алардан баш тарта алмак, бирок андай жагдай сейрек кездешет. Орус президенти берилгендикти жакшы баалайт, ошондуктан берилген кишиге, анысы туура эмес иш кылса да, кыпындай жаза бергиси келбейт.

Бирок жан дили менен берилген кишилерди колдонуу жакындан бери Орусиянын ырааттуу саясатына тоскоол болот баштады. Мисалы, орусиялык бизнестин кызыкчылыгын батыш тарапка жылдыруу сыяктуу толугу менен мыйзамдуу аракеттерге да, Орусиянын тымызын кийлигишүүсүнөн чочуган Батыш, шектүү карап калды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ), москвалык бизнес чөйрө да буга анча ыраазы эмес. Бирок Кремлдин алдына бул маселени коё алышпайт, анткени мындай аракеттер жалганга чыгарылып, адаттагы саясий дискуссияларда талкууга түшпөйт. Ошондуктан орусиялык түрдүү түзүмдөр чогулуп, башка мамлекеттердин ишине кийлигишүүнүн пайда-зыянын талкуулаганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок.

Скрипалга кол салуу абалды ого бетер начарлатты. Бул окуянын көп жагы таң калтырып келет. Дал ушул мезгилде Батыш менен абалды курчутууга Кремлге эмне кереги бар эле? Бул чыңалуу орусиялык тышкы саясаттын мүмкүнчүлүктөрүн тарытты, Путин болсо тандоосуз калганды жактырбайт.

Путин чыккынчыларды жек көргөнү белгилүү, бирок Скрипалга окшогон алмашылган тыңчылар адатка ылайык кол тийгис. Кансыз согуштан бери Москвага пайдалуу болуп келген тыңчыларды алмашуу эрежесин эмнеге өзгөртмөк эле? Кол салууга ички саясат себеп болду деп да айта албайсың. Шайлоого таасир бериш үчүнбү десең, бул кылмыш өтө кеч кылынды, ошондуктан ал шайлоо компаниясы менен байланышы жок.

Акылга сыярлык себеби төмөнкүдөй: жалпысынан уруксат берилген өлтүрүү аракетин Кремлден сырткаркы таасирлүү кишилер аткартты. Бирок бул ой да суроолор жаратат: ал үчүн Советтер Союзунда гана чыгарылган нервди өлүмгө алып барганчалык шал кылуучу зат менен уулантуунун эмне кереги бар эле? Балким бул ишараттыр? Бирок кимден кимге?

Мунун баары бирок биз карап жаткан маселеге анча тиешеси жок. “Ата мекенчил хакерлер” же “ата мекенчи троллдор” өз алдынча аракет кыла алышат. Бирок кимдир бирөө Орусияда өндүрүлгөн согуштук ууландыруучу затты чөнтөгүнө салып көчөөдө басып жүрсө, ал ишке жана кылмышка катышкан кишилерге карабастан, Москва үчүн чоң көйгөй. Орусиялык ТИМ божомолдогондой, Скрипалга кол салуу “террордук акт” болсо да, көздөр баары бир Орусия тарапты карайт. Анткени ал бул заттын жалгыз өндүрүүчүсү.

Жана Москванын Украинадан баштап Кошмо Штаттарына чейинки “чындыкка окшогон моюнга албоо” адатын эске алсак, шек саноо ого бетер күчтөнөт. Дүйнө Скрипалды ууландыруунун аки-чүкүсүн биле элек, аларды күтүп отуруу да эч кимге жакпайт. Буга чейин издери Кремлге алып барган окуялардан Москва көп жолу баш тарткан. Ошондуктан Орусиянын акыркы кылмыштан да баш тартып жатканы ишендирбейт. Натыйжада буга чейин ийгиликтүү колдонулуп келген “чындыкка окшогон моюнга албоо” тактикасы эми Кремлдин кызыкчылыгына каршы иштей баштады. Эскилиги жеткен мындай тактика, актанып чыкканга чейин, Орусияны күнөөлү деп эсептөөгө жол ачып берди.

Кадри Лиик, The New York Times, АКШ