Батыш

​“Албетте, христиандык” дегендер тарыхта калды: христиандык эмес Европа күч алууда

26 марта 2018 г. 13:59 680

Цифралар Европанын 12 мамлекетиндеги жаштардын көбү динсиз экенин көрсөтүп турат. Алардын арасынан эң дин безээрлери чехтер.

Ондон ашык өлкөнүн жаштарынын көбү өздөрүн бир да дин менен байланыштырбаганын аныктаган изилдөө, Европа христиандыктан кийинки доорго кадам таштаганын ачык көрсөттү.

16дан 29 жашка чейинки жаштар сураштырылганда Европанын эң динден алыс мамлекети Чехия экени билинди. Бул курактагы жаштардын 91 пайызы кандайдыр бир динге таандык эмес экенин айтышкан. Эстония, Швеция менен Нидерланддын 70-80% жаштары да өздөрүн динсизмин дешкен.

Европанын эң диндар мамлекети Польша болуп чыккан, андагы 17% гана жаштар өзүн дин менен байланышы жок экенин айткан, андан кийинки орунду 25% менен Литва ээлеген.

Британиянын 7% гана жаш жараны өзүн англикан чиркөөсүнө таандыкмын деп билет, алар католиктерден да (10%) аз. Жаш мусулмандар (6%) Британиянын расмий динин кармангандарды бир аздан кийин басып өтчүдөй болуп турат.

Бул цифранын баары Лондондогу Ыйык Мария университетинин теология жана дин социологиясы боюнча профессор Стивен Булливанттын “Европалык жаштар жана дин” аттуу баяндамасында жарык көргөн. Алар 2014-2016-жылкы Европалык коомдук сурамжылоонун (ESS) натыйжаларына негизделген.

Окумуштуу дин “өлүп” баратат дейт. “Бир нече, көзгө басарлык өзгөчөлүктөр гана болбосо, жаштар өзүн бир да динге таандыкмын дебейт, бир да ишенимди карманбайт”.

Барган сайын мындай төмөндөө күчөп кете бермекчи. ““Албетте, христианмын” дегендер норма катары тарыхта калууда, чынында, биротоло тарыхка өтчүдөй, же жок эле дегенде жакынкы жүз жылдыкта ошондой болот”, - деп эсептейт Булливант.

Бирок, анын айтымында, өлкөлөр арасында көзгө көрүнчүүдөй өзгөчөлүктөр да бар. “Маданияты бирдей тарыхты басып өткөн коңшу мамлекеттер динге келгенде бири-биринен карама-каршы кыйырларда туруп калгандай”.

Эң диндар Польша менен Литва да, эң динбезээр Чех Республикасы жана Эстониядай жакында эле коммунисттик идеологиянын таасиринен чыккан мамлекеттерге кирет.

Динге таандыктыгы жаатындагы ийилим жаштардын диний жөрөлгөлөрдү аткарганында да даана билинип турат. Польша, Португалия менен Ирландияда гана жаштардын 10%ы диний сыйынуу болгон жерге аптасына бир жолудан кем эмес бараарын айтышкан.

Чехиядагы жаштардын 70%ы чиркөөгө же сыйынган кандайдыр бир жерге эч качан барбаганын, 80%ы болсо эч качан дуба кылбаганын айтышкан. Британия, Бельгия, Испания менен Нидерландда буга окшогон көрсөткүчтөр 56% менен 60%, 63% менен 66% арасы экени билинген.

Католик динин карманам дегендердин арасында берилгендик жагынан айырмачылыктар көп. Жаш поляктардын 80%ы өзүн католикмин дейт, бирок алардын жарымы гана бир апта өткөрбөстөн чиркөөгө барып турат. 70%ы католикмин деген Литвада апталык мессага 5%ы гана барат.

Булливанттын айтымында европалык жаштардын көбү: “Чокунгандан кийин чиркөөнүн босогосун экинчи жолу аттабайт. Маданий жана диний өзгөчөлүк ата-энеден бала-чакасына өтпөйт. Ал жуулуп чыгып кетет”.

Британияга таандык цифралардын бир бөлүгү иммиграциянын жогору болгону менен да түшүндүрүлөт, деп кошумчалайт окумуштуу. “Ар бир бешинчи британ католиги Британияда төрөлгөн эмес”.

“Биз мусулмандардын төрөлүшү жалпы калктыкынан жогору экенин билебиз, андан сырткары алардын көбү өз динин бекем карманышат”.

Акыркы 30 жылда Ирландиядагы диндарлык катуу төмөндөп бара жатат, “бирок Батыш Европанын көп мамлекетине караганда ал бир топ эле диндар көрүнөт”, дейт Булливант.

“Азыр тескерисинче “Албетте, дин карманбайм” дегендик адатка айланып бара жатат. Динди карманган кишилер жалпы агымга каршы сүзүп калышты”, - дейт окумуштуу.

“20 же 30 жылдан кийин азыр негизги делген чиркөөлөрдүн жактоочулары бир топ азаят, бирок калганы өз динине катуу берилгендерден турмакчы”.

Хэрриет Шервуд, The Guardian, Британия