Борбор Азия

​Орусияга кыргыздардын кара тизмеси эмнеге керек. ДЧ-2018ге тиешеси барбы

24 марта 2018 г. 13:07 1116

Кыргыз бийлиги эмгек мигранттарын Орусияга көбүрөөк кетирейин дейт. Бирок футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат алдында Москванын башкача мерчемдери бар

Кыргыздардын Мамлекеттик миграция кызматы бир нече кадам менен Орусиянын кара тизмесине кирген жарандарын азайтууну көздөйт. Ал тизмеге киргендерди Федералдык миграция кызматы (ФМК) белгилүү бир мөөнөткө Орусия Федерациясына (ОФ) кирүүгө тыюу салат. Бишкек болсо тизмеге биринчи же бир нече ирет кирип калган жарандарына Москваны жеңилирээк кароого чакырып келет.

Орусиянын ФМКсынын кара тизмесине эмнеге кирип калат

ФМКнын кара тизмеси 2013-жылы пайда болгон расмий документ. Ага көбүнчөсүн ОФда административдик жана кылмыштык мыйзамды бузгандар же каттоого туруу мөөнөтүн кечиктирип жибергендер кирет. Орусияга аттанып жаткан эмгек мигранттарына ФМКнын сайтына кирип ал тизмеге кирип калбаганын текшерип алуу сунушталат.

Борбор Азиядан келген мигранттарды жайгаштыруу менен алектенген москвалык активист Дмитрий Копылов билдиргендей, кара тизмеге эмгек патентинин мөөнөтү бүтүп калгандар, же унаа айдаган гастарбайтер жол эрежесин бузганы үчүн айып пулду төлөбөсө, кирип калышы мүмкүн. “Көбүнчөсүн бийлик укук бузуучуну издебейт. Эгер документ текшерип чыккан полистердин колуна түшүп калбаса, Орусияда узак мөөнөт жашап жүрө берет. Бирок, мисалы, аэропорттогу чек араны өтөм дегенинде анын баары билинип калып, Орусияга кирүүгө тыюу салынат”, - дейт Копылов.

Орусияга кайра кирүү үчүн паспортту “жоготуп” алуу

Эгер документ текшерүү убагында мигранттын кара тизмеде экени билинип калса, аны депортация кылуу керек. Кыргызстанга же Тажикстанга келген соң Орусияга кирүүгө салынган тыюуну айланып өтүп же алдырып салса болот деген ою менен бөлүштү Дмитрий Копылов. “Мурун мындай кылышчу. Тажикстанда паспортуңду “жоготуп” жибересиң, 200 долларга башка атка жаңысын аласың да, эки аптадан кийин кайра Москвага келип каласың”, - деп түшүндүрөт ал.

Бирок азыр Тажикстанда да тартип курчуду, Орусияга да биринчи жолу келгениңде биометрикалык маалыматтарыңды алып кала башташты. Эгер бул бармак тагы базада бар чыгып, анын ээси башка фамилияда катталган болсо, маселе катуу ырбап кетет.

Москвада көп жылдан бери мигрант катары иштеп, өз диаспорасы менен тыгыз байланыштагы кыргызстандык Аскар башкача нерсени айтып берди. Анын айтымында кара тизмеге кирген кыргыздардын маселени чечүү жолу мурункудай эле калган. “Менин тааныштарымдын көбү үч ай, жарым жыл, беш жыл сыяктуу ар түрдүү мөөнөткө бул тизмеге кирип калышкан. Бирок алар үйгө кайтып, энесинин же чоң атасынын фамилиясына катталып, жаңы паспорт алышып кайтып келишет. Бул иш Кыргызстанда бир аптада бүтөт жана 10-15 миң рубль керек болот”, - дейт Аскар.

Кара тизмеде бар же жок экени белгисиз...

“Бармак тактарын билбейм, бирок эч кимдин андай кармалганын уга элекмин. Менин тууганыма тиешелүү конкреттүү мисалды билем. Ал Москвада үч жыл иштеген соң Кыргызстанга барып эс алып кайтайын деп, авиакассадан билет алайын дегенде ФМКнын кара тизмесинде экени билинген. Анан ал бир аптада 10 миң рублга жаңы паспорт жасатып, Орусияга учуп келип каттоого туруп, азыр иштеп жатат”, - дейт таксист Аскар.

“Дагы бир мисал. Менин агамды эки жыл мурун каттоо мөөнөтүн кечиктиргени үчүн кара тизмеге киргизишкен. Ал үйгө барып, бир ай жүрүп, ошол эле паспорт менен кайтып келди. Анан эч кандай баш оорубай эле бир жылга катталды. Унаа айдап иштөөчү. Аны Домодедово аэропортунда турган МАИлер текшерип, тизмеде экенин айтып, ФМКга берип депортация кылдырабыз деп коркутушкан”, - дейт Аскар.

Анын айтымында агасы үч миң рубль берип маселени чечкен. “Андан кийин метронун Марьина роща станциясынан токтотушуп, компьютердик базадан текшерип көрүшүп, эч нерсе табышкан эмес. Кантип андай болгону белгисиз”.

ФМКнын тизмесинен кантип чыкса болот

ФМКнын тизмесинен расмий жолдор менен да чыкса болот деп эскертет Дмитрий Копылов. Мигрант тиешелүү документтерди жыйнап, Орусиянын ФМКсы менен өз бийлигине жөнөтүшү керек. Мамлекети ЕАЭБге киргендиктен кыргыз жарандарына макулдук алуу бир топ жеңил дейт өз тажрыйбасына таянган активист. Анын айтымында тажик менен өзбектер тез депортацияланат, бирок олуттуу укук бузганда кыргыздарды да чыгарышат.

Бул сөздөрдү кыйыр түрдө кыргыз миграциялык кызматы да тастыктады. Бул мекеменин маалыматы боюнча 2015-жылы кара тизмеде 180 миң кыргыз бар болчу, 2017-жылдын 1-январында тизме 110 миңге чейин кыскарган. 2018-жылдын 1-январында 77 миң калган.

“Миграция XXI век” фондунун президенти Вячеслав Поставнин Кырыз Республикасынын жарандары өзбек менен тажиктерге караганда ФМКнын кара тизмесинен чыгууда артыкчылыгы бар экенин билбегенин айтты.

Эмгек миграциясы менен футбол боюнча дүйнөлүк чемпиодугу

ФМКнын кара тизмесиндеги кыргыздардын дагы бир жагдайы бар. Аскардын айтымында акыркы апталарда Москвадагы көп кыргыздар бул тизмеге киргизиле баштады. Бул Россияда өтчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу болушу мүмкүн деген ойдо ал. Аскардын маалыматы боюнча апрелдин этегинен баштап турнирдин матчтары өткөрүлгөн шаарларда каттоо тартиби өзгөрөт. Бул убакта кыргыздар алып жаткан бир жылдык каттоо берилбей калат. Кыска мөөнөттүк туристтик гана катоого отурса болот.

“Аны менен жумушка алышпайт. Азыр мага Кыргызстандан улам чалышып, апрелге чейин үлгүрүп калыш үчүн ФМКдан куруучуларга катоо алып бере алчу ортомчу таап беришимди суранышууда. Ортомчулар кайра эле биздин кыргыздар. Алар беш миң рублга документ жасатып беришет”, - деп маалыматы менен бөлүштү Аскар.

Дмитрий Копылов орусиялык органдар чемпионатка байланыштуу мигранттардын агымын азайтуу үчүн кара тизмеден сырткары “бейформалдуу” усулдарды колдонооруна көңүл бурдурду. Тажикстан менен Өзбекстандын мигранттары жумушчу катары бардык жол-жобону аткарып, төлөмдөрдү кылган соң да эч кандай себебин айтпастан каттабай коюшу мүмкүн. “Киши анан алган уруксатынын мөөнөтү өтүп кетип, кара тизмеге кирип калбаш үчүн үйүнө кетиши керек болот”, - дейт активист.

Кыргыз мигранттары – саясий маселе

“Ооба, чемпионат алдында кеңири рейддер жүрүп, мигранттарды “футболдук” шаарлардан чыгарып же депортация кылышат. Чектөөлөрдү киргизүүгө былтыр Конфедерация кубогу учурунда машыгып көрүштү. Анда келээри менен бир күндүн ичинде катталуу керек дешкен. Кийин үч сутка деп жумшартышкан”, - деп жоруду бул маалыматты Вячеслав Поставнин.

Узак мөөнөттүк маселелер менен кыргыз бийлигинин кара тизмени кыскартуу ниети 30-мартта Москвада өтчү Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген мамлекеттердин жолугушуусунда талкууланышы керек, бирок ОФ бийлиги Борбор Азиядан келген миграция агымын азайтуу аракетинде дейт эксперт.

“Бул тенденция ДЧга гана эмес, террордук аракеттерге да байланыштуу. Азыр акыркы сөздү ИИМ сүйлөмөкчү. Алардын иши өлкөнүн коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө тиешелүү эмес. Алар мигранттарды жайгаштыруу менен алектенбейт”, - деп тактады Поставнин.

“Бирок, кандай болгону менен, бул саясатка байланыштуу. Эгер Москва менен Бишкектин эң жогору жактагы соодасы дал келип калса, Москва Бишкекке макул болуп, кара тизме кыскарышы мүмкүн”, - деп жыйынтыктады “Миграция XXI век” фондунун президенти.

Deutsche Welle, Борбордук Азия