Батыш

​Америкалык тинейжерлер жашырган үмүтсүздүк

23 марта 2018 г. 9:49 1864

Статистикалык маалыматтын көбү маанисиз. Бирок кээ бир цифраларга кайдыгер кала албайсың.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча 2006-жылдан 2016-жылга чейин АКШнын 10-17 жаш курагы арасындагы ак жуумал балдардын өз жанын кыюусу 70 пайызга өскөн. Ынды каралардыкы андан да жогору – 77%га көтөрүлгөн. Жыл сайын 100 миң америкалык өспүрүмдүн арасында 48 бала өз өмүрүн үзөт. Ошол эле убакта жыл сайын 10дон 24 жашка чейинки америкалыктардын 4600ү өз каалоосу менен жашоосунан баш тартат. Мындан улам өз жанын кыюу АКШда эң көп жан берүү себебинин үчүнчүсү болуп калган.

Туура сөз табуу кыйын болгондуктан баланын өлүмүн талкуулоо мүмкүн эмес. Эң бай, эң күчтүү өлкөнүн бардык түстөгү жана социалдык топтогу жаштары өмүрүн өз жанын кыюу менен аяктап жаткандыгы тууралуу фактыга кантип макул болосуң?

Жакында USA Today гезити ушундай үч өспүрүмдүн өмүр таржымалы менен тааныштырды.

Кеч кирип бара жаткан маалда 16 жаштагы мектеп окуучусу жана бейсболчу Ж. Руф чоң энесин кечки тамакка алып барган, анткени энеси Библия окуу сабагына кеткен. Кечинде келген Карен Руф үйүндө адаттан сырткаркы тунжураган тынчтык орноп калганынан чочулап, уулун чакырды. Эч ким үн катпаганда ал уулу фильмерди көрүп, же достору менен видое оюн ойногон, кээде үйлөтүлгөн матраста түнөп калмайы бар кир жууган бөлмөгө баш багат. Эшикти ачкан Карен уулунун сууп калган денесин табат. Ал өзүнүн соткасына: “Баарынын өз убактысы бар. Мен өзүмдүкүн күтпөйүн деп чечтим. Биз аткара албай калган нерселерибиз үчүн өкүнөбүз дешет. Мен аябай өкүнөм”.

Өзү жашаган Нью-Йорк штатын кыдырганды жактырган 17 жаштагы Тейлер Шмид, күз келген сайын депрессияга түшүп калчу. Анын энеси Лори Шмид бир жолу уулуна психиатрга барууну сунуштаган, бирок ал баш тартып койгон. Уулу үйүнүн гаражында жанын кыйгандан бери энеси өзүнө: “А, эгер?...” деген түгөнбөгөн суроолорду берип келет. Тейлер энесине видео калтырып кеткен. Лори аны бир да жолу ачып, көргөн эмес.

Виргиния штатынын Вена шаарында турган 17 жаштагы Жошуа Андерсон футбол ойногонду жактырчу. Жошуа мектепте анын тартиби тууралуу жыйналыш болоордон бир күн мурун жашоосу менен кош айтышкан.

Суицид менен күрөшкөн уюмдар жакшы ниет менен бул жана буга окшогон жүздөгөн өлүмдөрдү психиатриялык жардамдын жетишсиздиги, өспүрүмдөрдүн, айрыкча эркек балдардын, кеңешти укпай дарыланууну каалабаганы, ошондой эле антидепрессанттардын кымбаттыгы менен түшүндүрөт. Албетте жардамга муктаж кишилер ага кайрылуудан коркпошу жана уялбашы керек, андан кымбат деп да баш тартпашы шарт. Бирок учурда психологдор менен психиатрлардын жардамы кол сунганчалык жерде эле турат. Андыктан алардын жардамын алуудагы тоскоолдор 10-15 жыл мурункуга караганда көбүрөөк жаштар өз жанын кыйып жатканынын негизги себеби эмес. Кандайдыр бир жөнөкөй түшүндүрмө болушу керек да.

Бирок андан кийинки абал ого бетер түшүнүксүз болуп кетет. Кандай болбосун жакын жана жалпы божомол өз жанын кыйган балдардын жүрүм-турумун талкууга өтүп кетет. Бирок мен учурдагы жаштар тууралуу бир нече жалпылама кылса болот деген ойдомун. Алардын тажрыйбасы менен сезимдери 30 жана андан мурунку жалдардагылардын тажрыйбасы менен сезимдеринен эмнеси жагынан айырмаланат.

Биринчиден биз балдарыбызга ата-эненин көзөмөлүсүз бүт өмүрүн санариптик дүйнөдө өткөрүүгө уруксат бергенибиздин кесепети тууралуу ойлоно элекпиз. Психикалык ден-соолукту коргоо боюнча улуттук кеңештин кызматкери Жо Паркс соцтармактарды “кургуйга түшүп кетүү” деп атайт.

Балдарыбыз кем акыл эмес. Алар шумдуктуудай акылдуу жана күнүмдүк турмушка сүңгүп кетип, окшош күндөрүнө көнүп алган улуулар эмнеге кайдыгер экенин жакшы сезишет. Өлкөдө улуулардын да, жаштардын да турмушунда жашыруун үмүтсүздүк өкүм сүрүп жатканы байкалат. Аны баңгиликтин өскөнүнөн байкаса болот. Өткөн жылдарга караганда баңгини ашыкча колдонуп алып жашоо менен кош айтышкан жаштар 20 пайызга өскөн. Себептери ар түрдүү, бирок алардын баары биздин турмуштун көп тарабы санариптик чөйрөгө кирип кеткени менен кандайдыр бир байланышы бар. Натыйжа берген иш болсо барган сайын жок болуп барат. Мындан сырткары бул көйгөй жаңы муундардын социалдык жана экономикалык чочулоолору менен да кандайдыр бир жагынан байланыштуу деген пикир бар. Алардын турмушу ата-энеси жана чоң ата-чоң энсиникинен оор болот дешет. Балдар текшерүү сабагында ката кетирип же твиттер менен фейсбукта кызуу кандуу бир нерсе жазып алса эле баары бүтүп, эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эместей көрүшөт.

Бир нерсени гана так айтууга болот. Балдардын 2018 жана кийинки жылдарагы байкалбаган балээлери менен кайгылары улуулар түзгөн дүйнөнүн кесепеттери. Муну унутуп коюубуздун натыйжасы кечирилгис.

Мэтью Уолтер, The Week, АКШ