Борбор Азия

Балдарды эмдөө керекпи?

25 декабря 2018 г. 15:37 1322

Дарыгерлер бала төрөлгөн күндөн баштап алардын ден соолугуна кам көрүү максатында эмдөө жүргүзүп келишет. Бирок акыркы учурларда ооруну алдын алуу үчүн жүргүзүлгөн вакцинацияга коомчулукта каршы чыккандар көбөйүүдө. Адистер мындай көрүнүштөрдү диний жана толук маалыматтын жоктугу менен байланыштырса, эмдөө алып жаткан балдардын айрымдарынын ата-энелери бала үчүн эмдөөнүн маанилүү эместигин айтышат. Мунун натыйжасында көпчүлүктө эмдөө жаш балдар үчүн сөзсүз түрдө керекпи деген суроо туулат.

Биздин дарыгерлер "зыяны жок" дешет

Акыркы учурларда коомчулукта эмдөөнүн зыяндуулугу тууралуу маалыматтар көбөйүп, буга кабардар болгон ата-энелер балага эмдөө жасатуу керекпи же жокпу деген талаш маселе ортосунда калышууда. Интернет баракчаларында эмделбеген бала вакцина алган балага караганда көп оорубайт деген дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлүп, эмдөөнүн коркунучу тууралуу айтылса, буга кошумча диний көз караш боюнча эмдөө керек эмес дегендер көбөйүүдө. Ошондой эле “Эгер ата-энелер эмдөөдөн баш тартса, бала мектепке, бала бакчага барганда маалымдама берилбейт” деген көрүнүштөн улам милдеттүү түрдө эмдөө жасалып келет. Ал эми дарыгерлер болсо, бала үчүн эмдөө сөзсүз түрдө керек экенин айтып, ата-энелерге балдарын вакцинациядан өткөрүүнү эскертишет.

Балдар дарыгери Чолпон Камчыбекова эмдөөнүн эч кандай зыяны жок деп белгилеп, учурда эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көбөйгөндүктөн, алардын үйлөрүнө бир нече ирет барууга туура келип жатканын кошумчалай кетти. “Жаш бала үчүн эмдөө эң керектүү нерсе. Ар кайсы ооруга иммунитетти пайда кылуу максатында организмге вакцина куюлат. Эч кандай зыяны жок. Убагында эмдөө оңой эле жүргүзүлүп турчу. Учурда болсо ата-энелер интернеттен ар кайсыны окуп, туура эмес маалымат алып, өз учурунда эмдөөгө келбей жатышат. Эң кыйыны “Күйөөм дин адамы, динде эмдөөгө болбойт экен, уруксат бербей жатат” деген энелер көбөйүүдө. Кийин кайра бала ооруганда бизге көтөрүп келишет,” – дейт педиатр.

Дүйнөлүк дарыгерлер "эмделбегендер жандуурак" дешет

Акыркы убактарда “Эмдөөдөн кийин балам кыйналып уктабай чыгат, эмдеткенден кийин оорусу өтүшүп, бейтапканага жатып чыктык” деген ата-энелер көбөйүүдө. Алардын бири Айзат айым кызынын эмдөөдөн кийин аллергия болуп, кыйналганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду: “Кызым 3,5 айлыгында эмдөөгө чакырып келишкен. Алып баргандан кийин эле бир топ убакыттан соң басылбай ыйлап, денеси кызара баштады. Кеч кирип калгандыктан дарыгерге алып барган эмесмин. Түнү менен уктабай ыйлады. Эртеси алып барсам, эмдөөгө аллергиясы бар экен”.

Дүйнөлүк изилдөөлөргө таянсак, швейцариялык педиатр Франсуаза Берту эмделбеген балдардын ден соолугу чың болорун айгинелеген изилдөөлөр үстүндө иштеген. Ал өзүнүн эмгегинде ар башка мамлекеттердеги эмдөөлөргө токтолуп, жыйынтыгында балдарга берилүүчү вакцинанын эч кандай кереги жок экендигин айтып чыккан. “Педиатр катары мен ата-энелер менен иш алып барып жатып, алардын көпчүлүгү балдарын эмдетүүдөн коркушарын билдим. Ошондой эле эмдөөдөн өтпөгөн балдар дени сак болот деген чечимимди балдарын эмдетпеген ата-энелердин маалыматтарынан улам чыгаргам. Көп жылдык иш тажрыйбамда :

· “ Балам эмдөөдөн кийин жөтөлө баштады”;

· “Эмдөөдөн кийин кулагы ооруй берет”;

· Балам эмделсе деле бат ооруйт, антибиотиксиз тура албайт”,- деген кептерди көп укчумун.

Мунун негизинде бир топ изилдөө жүргүздүм. Соңунда эң коркунучтуу оорулар эмдөөдөн улам пайда болуп жатканына күбө болуп, эмделбеген балдар аллергия, аутизм, кулак ооруусу, эпилепсия, тонзиллит жана башка оорулардан алыс болуп, ден соолугу чың өсөрүн далилдедим. Демек, педиатр катары эмделбеген балдар жашоодо көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болорун чечкиндүү түрдө айта алам,” – деп билдирүү жасаган.

Дин аалымдары "өздөрү билсин" дешет

Коомчулуктагы диний көз карашты карманган көпчүлүк адамдар “Балдарды эмдетүү шариатка жатпайт. Ден соолукка зыяндуу жана ооруну алдын алуу күнөө. Кудай өзү гана сактайт. Эмдөө бул арам нерсе” деп, вакцинадан баш тартып келишет. Мусулмандардын диний башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн кызматкери Шергазиев Жоробай эмдөөнүн шариятта бар экендигин айтат: “Шариятта ден соолугун сактоо үчүн эмдөөгө тыюу салынган эмес. Бирок ошол эмдеп жаткан вакцинанын ичинде арам, шариятка каршы, адам баласынын ден соолугуна зыяндуу заттар болбошу керек. Мисалы, чочконун майы, спирт сыяктуу арам заттар. Эмдөө - бул ыктыярдуу нерсе, ким кааласа алат, каалабаса албайт. Ошондуктан шарият бир да адамды эмдөөгө мажбур кыла албайт, тыюу да салбайт,”.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 2014-жылы дифтерияга 487 136, көк жөтөлгө 273 100, полиомиелитке 139 007, кургак учукка 152 377, эпидемиялык паротитке 139 125, кызылчага 256 513 бала эмдөөдөн өткөн.

Вакцинадант 20 млрд. доллар түшөт

Балдар көп ооруларга каршы эмделгендиктен, вакциналардын бир канча түрлөрү чыгарылат. United Press International америкалык журналы маалымдагандай, вакцинадан келип түшкөн пайда жөнөкөй дарыларга салыштырмалуу алда канча жогору болот. Алсак, 2008-жылы вакцина рыногунун кирешеси 10 миллиард доллар болсо, 2012-жылы 15 миллардга өскөн. Ал эми азыркы тапта 20 миллиард доллардын айланасында пайда түшөт. Ошол себептүү фармацевтикалык компаниялар бул жол менен акча табууну көздөшүп, жалгандан эле түрдүү вакциналарды чыгарып, дүйнө өлкөлөрүнө таратып келишет. Мындай учурлардын айрымдарына токтолсок, АКШ жана Канадада кыздардын папиллом вирусуна (жыныс оорусунун рагы) каршы сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүүлөрү керек деген мыйзам чыгарылып, ар бир эмдөөгө 360 доллар төлөнгөн. Кийинчерээк окумуштуулар эркек балдар дагы алуулары керек деген жыйынтыкка келишип, массалык түрдө эмдөө жүргүзүлгөн. Ошондой эле азыркы учурда сасык тумоодон эмдөөдөн өтүү керек деп, атайын вакциналар дарылар рыногунда сатыла баштаган учур.

Чынында эмдөө керекпи же жокпу? Илимий жактан караганда вакцинациянын пайдалуулугу менен зыяндуулугу бирдей натыйжага ээ. Бирок адистердин айтымында, көрсөтүлгөн вакцинаны алуу, андан баш тартканга караганда азыраак зыян алып келет. Эң негизгиси, эмдөө кабинетине кирерден мурун дарыгерден толук консултация алууну унутпоо абзел. Себеби эгер баланын эмдөөдөн өтүгүшүп кетчү невралогиялык же башка оорусу бар болсо, педиатр дарыгер бөбөктү толугу менен же белгилүү бир мөөнөткө чейин эмдетпөө чечимин чыгаруусу керек.