Ара жолдогу мамлекет

​БУУ Түркиянын өз жарандарын эзгени тууралуу рапортун бүтүн дүйнөгө жайды

22 марта 2018 г. 17:22 2312

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркия тууралуу 28 беттик рапорт даярдап, дүйнө коомчулугунун назарына сунду. Бул рапорт дүйнөнүн дээрлик бардык тилдерине которулуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынан таратылды

2015-жылдын 15-июлунан баштап Режжеп Таййип Эрдогандын мыйзам өкүмүндөгү токтомдору (МӨТ) менен башкарылган Түркияны, бийликтин өз элине душмандык кылуунун жана күркүрөп өнүгүп келе жаткан өлкөнү кыска мөөнөттө кантип дүйнө жийиркенген мамлекетке айлатса болоорунун үлгүсү катары сунса болот.

БУУнун Түркия жөнүндө 2017-жылды камтыган рапортунда өлкөнү баткака батыруунун бир нече маанилүү ыкмалары төмөнкүлөр:

- 18 айлык аскердик төнкөрүш аракетинен кийинки Өзгөчө кырдаал убагында 160 000 киши камалып, 152 000 киши себепсиз жумуштан айдалган. Алардын арасында аскер аз, көбү мугалим, сот, прокурор, илимпоз жана журналист;

- 100дүн тегерегиндеги боюнда бар, эми төрөйт деген жана жаңы төрөгөн аял күйөлөрү шектүү болгонудугу үчүн гана камалган;

- 22 МӨТ аркылуу жарандык эркиндиктер болушунча кыскартылып, өкмөткө сын айтуу бул жакта турсун, суроо берүү мүмкүн болбой калган;

- миңдеген киши белгилүү бир интернет аркылуу жазышуу программасын (Ватсапп же Мэссенжер сыяктуу) колдонгону же соцтармакта бир нерсе бөлүшкөнү үчүн камалган;

- Түркиянын абактарында сабоо, токко урдуруу, муунтуунун түрлөрү, зордуктоо адаттагы нерсеге айланган;

- жумуштан айдалган кишилер бейтапканаларга алынбайт, медициналык камсыздоодон ажыратылган, бир тобу үйлөрүнөн куулуп чыккан;

- 300 тегерегинде журналистти камаган Түркия дүйнөнүн биринчилигине чыккан;

- бийликке баш ийбеген 4200 сот менен прокурор МӨТтөр менен жумуштан кетирилген;

- 22,474 киши иштеген жери жабылгандыктан көчөдө калган;

- 570 адвокат камалып, 1480и суракка алынып, көбү адвокаттык ишинен ажыратылган;

- 600дөн ашык аял балдары менен бирге камакка алынган. Көбү ушуга чейин айып тагылбастан камалган күйөөсүнүн аркасынан капаска солонгон;

- МӨТтөр менен 1749 уюм, фонд, укук коргоо фирмалары жабылган;

- 166 медиа уюмунун ишине тыюу салынган;

- 2017-жылы 100 миңден ашык интернет сайты блокко коюлган;

- 50 миңдин тегерегинде кишинин паспорттору жокко чыгарылган. Кээ бирилеринин жубайларынын да паспорттору алынган;

- БУУнун Адам укуктары кеңсесине адилетсиздикке кириптер болгон 3000ге жакын түркиялык киши арыз берген;

- 2017-жылы аскерден 1684 киши, полистен 2360 адам, 50,875 мамлекеттик кызматкер ишинен айдалган;

- Түркиянын Сириядагы согушка киргенине каршы кайрылуу кылган 89 университеттен, 1128 илимпозго кылмыш иши ачылып, 380и жумуштан айдалган. Бир университеттен эле 60 киши камалган;

- БУУ рапортун даярдоо учурунда кесарево менен төрөгөнүнөн бир нече саат өткөндө ымыркайы менен бирге камакка алынган келиндерден интервью алынганы, энелер балдары менен өтө оор шартта камакта экени, аялзатына мынчалык зулум кылынганы эч бир шылтоо менен акталышы мүмкүн эместиги жазылган;

- күрт калкы шайлаган 105 акимдин 87си камалган, 105 акимдин 94тү бийликке жакын кишилерге алмаштырылган;

Рапортто Түркияда улам узартылып келе жаткан Өзгөчө кырдаалдын токтотулуусу, эл аралык укук жана акы принциптери сакталышы талап кылынган.

Бул рапорт тууралуу кабарлар дүйнөлүк абройлуу ЖМКнын дээрлик баарында жарык көргөн. Алардын кээ бири менен төмөнкү интернет багыттамалардан таанышсаңыз болот:

REUTERS

https://www.reuters.com/article/us-turkey-security...

WASHINGTON POST

https://www.google.com/amp/s/www.washingtonpost.co...

YAHOO

http://au.news.yahoo.com/a/39572998/un-reports-mas...

INDIAN EXPRESS

https://www.google.com/amp/www.newindianexpress.co...

ABC NEWS

https://www.google.com/amp/abcnews.go.com/amp/Inte...

AL JAZEERA

https://www.google.com/amp/s/www.aljazeera.com/amp...

UN NEWS

https://news.un.org/en/story/2018/03/1005442

ARAB NEWS

http://www.arabnews.com/node/1269926/middle-east

THE NATIONAL

https://www.thenational.ae/world/europe/turkey-say...