Борбор Азия

​Астанадагы саммит: Борбор Азиянын биригүүсү ким үчүн эмнеси менен маанилүү

21 марта 2018 г. 19:19 824

Борбор Азиянын өлкө башчыларынын Астанадагы саммити “агайыңдардын” жолугушуусу болбой калды. Ага Түркмөнстандын президенти келген жок. Ал эмне үчүн мындай мамиле кылды жана региондун башка мамлекет башчылары эмне дешти?

Региондун лидерлеринин 15-мартта Астанадагы баштапкы жолугушуусунда “Борбор Азия президенттеринин клубу” курулуп кеткен жок. Баяндамачылардын айтканындай, клуб бардык беш президенттен турушу керек эле. Бирок Астанада төртөө чогулду, Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов катышкан жок.

Түркмөн президенти Астанага барган жок

Ал мурунтан макулдашылган деген шылтоо менен Бириккен араб эмираттарына аттанып кеткен. Өзүнүн ордуна парламенттин спикери Акжа Нурбердыеваны жиберген. Ташкенттик саясат таануучу Юрий Черногаевдин айтымында Ашхабаддан келген айымдын жеке саясий салмагы жокко эсе. Ошондуктан анын Нурсултан Назарбаев, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев сыяктуу саясий лөктөр, керек болсо Кыргыз Республикасынын жаңы башчысы Сооронбай Жээнбеков менен бирге отурганы, алар менен чакан топто баарлашууну түркмөн кесиптештери каалабайт окшойт деп кабыл алынды. Казак президенти жолугушууну “кесиптеш... агайыңдардын” деп атаганы формат гендердик жактан да дал келбей турганын тастыктады.

Түркмөнстансыз региондун бирдиктүү стратегиясын чийип чыгуу кыйын. Анткени бул өлкө аймактын Перс булуңуна жана Пакистанга чыгуу жолу, Борбор Азиядагы газдын да негизги ээси, жана опурталдуу Афганистан менен да эң узак чек аралаш болгондуктан регионалдык коопсуздук жагынан да башка беш малекет үчүн маанилүү деп эсептейт Юрий Черногаев. Кандай болсо да, төрт лидер жана Акжа Нурбердыева жайбаракат олтуруп региондун көйгөйлөрүн талкуулап алышты. Эң негизкиси бири-бири менен каяша айтыша кеткен жок. Орусиялык эксперт Андрей Грозин муну жолугушуунун негизги натыйжасы дейт.

Борбор Азиядагы чыңалуунун азайуусу жана жеке фактор

Башка маселелерде, деп сөзүн улайт КМШ өлкөлөрү институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Астанада болгон окуя ниеттерди көрсөтүү менен чектелди. “Башынан саммит деп аталганы менен беш лидердин төртөөнүн жолугушуусу болду, бирок анын катышуучулары региондогу чыңалуунун аяктаганы тууралуу ачык геосаясий ишарат беришти. Бул эң биринчи кезекте Өзбекстандагы саясаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу”, - деп басым жасады ал.

Серепчи бул саясат Өзбекстандын лидеринин алмашканынан улам өзгөргөнүнө көңүл бурат. “Региондун башка лидерлери менен оор жеке мамиледе болгон адам өлдү. Башкача айтканда, азыркы позитивде чоң ролду авторитардык системадагы жеке адам фактору ойнойт. Буга көпчүлүк серепчи маани берет. Шавкат Мирзиёев бүгүн абалды ушул тарабынан көрөт, ошондуктан баары жолугуп баарлашты. Эртең башка өңүттөн карап көрсө, башкача көрүнө түшөт, анан баардык сөз талаада калабы?”, - деген суроо коёт Грозин.

Казакстанга Вышеград тобунун эмне кереги бар

Бирок ЖМКларда жалпысынан Шевкат Мирзиёев эмес, Нурсултан Назарбаевдин сөздөрү кеңирирээк тарады. Мисалы анын экономикабы, соодабы же инфрастуктура болобу, ички маселелерди чечүүгө “үчүнчү тарапты чакырган жокпуз” деген сөзү. Же кийинки жылы Ташкентте мерчемделген жолугушуу “регионалдык мамлекеттердин тобу, мисалы, Вышеград тобу (Чехия, Венгрия, Словакия, Польша – Ред.) маанисинде” деген эскертүүсү.

Вышеград тобу бекеринен чыккан сөз эмес. “Жетекчиликке жакын Казакстандын аналитикалык институттарынын эксперттери мындан бир ай алды бул топту аташкан. Евробиримдиктеги Венгрия, Словакия, Польшанын тажрыйбасы, алардын Брюссель менен мамилеси жагынан кызык. Ачыктап айтканда, кысым көрсөткөн ири борбордук күчтөр менен тирешүүдө бирдиктүү стратегия куруу тажрыйбасы маанилүү. Астана мындай салыштырууга каршы эмес, бирок иш салыштыруудан нары узаган жок”, - дейт Андрей Грозин.

Көп багыттуулуктун соңу

Вышеград тобу сыяктуу уюм түзүлүүсү мүмкүн эмес деген ишенимди казак саясат таануучусу Пётр Своик да карманат. “Региондун өлкөлөрү тыгызыраак бирикпейт. “Биз сүйлөшүп алсак болбойбу” деген жообу дайын суроо буга чейин деле айтылып келген. Кээде сөз “Борбор-азиялык биримдик” дегенге чейин жетип кетет. Бирок буга чейин мындай жылыш байкалган жок. Анткени энергоколдонуубу, суу колдонуубу, транспорт болобу, ар ким өз кызыкчылыгын ар кандай көрөт”, - деген пикирде ал.

Бирок мындай салыштыруу Казакстандын буга чейин жактап келген көп багыттуулугу кыстаган турмуштун айынан аяктап, өлкө эки багыт менен чектелгенине ишарат берип турат. Алар: экономикада кытайлык, маалымат майданы менен саясатта орусиялык, деп эсептейт саясат таануучу. “Бирок Борбор Азиянын, анын ичинде Казакстандын да лидери маал-маалы менен кандайдыр бир тең салмактуулук жана өз алдынчалык бар сыяктуу ишараттарды берип турууга мажбур. Казакстанга келсек, мисалы, латиницага өтүү, өкмөт менен парламенттин жыйындарын казак тилинде гана өткөзүү чечимдери”, - дейт Пётр Своик.

Ташкенттин чертмеги менен башталган биригүү

Андрей Грозин да өткөн кеңешмеде бирдиктүү регионалдык саясат жүргүзүүнү каалаган кандайдыр бир интеграция байкай алган эмес. Ал дагы мамлекеттердин кызыкчылыктарында айырмачылыктар өтө эле көп экенин айтат. Мисалы Кыргызстандын Орусиядан көз карандылыгы өтө эле жогору болгондуктан, Бишкек кандайдыр бир регионалдык бирикме үчүн ЕАЭБдин кызыкчылыктарына каршы келе албайт. “Нурсултан Назарбаевге келсек, ал региондун аксакалы жана ортомчусу. Бирок азыр аксакал он жылдап бириктире албай келген нерсе Шевкат Мирзиёевдин бир чертмеги менен ишке ашып кеткендей болду. Башкача айтканда, биригүүнүн негизги фактору Казакстан эмес, Өзбекстан сыяктуу көрүнүп калды”, - деген ойдо КМШ өлкөлөрү институтунун кызматкери.

Ошол эле убакта, деп белгилейт Юрий Черногаев, Өзбекстандын башчысы кеңешменин форматынын өөрчүүсү тууралуу сөзгө алгылыктуу билдирүү кылган жок. Ал региондогу темир жол логистикасы, Афганистан аркылуу унаа коридорун ачуу, Борбор Азиянын ИДӨсүн эки эсеге көтөрүүгө жол ачкан бизнес үчүн жеңилдиктер жөнүндө сүйлөдү. “Агайыңдар” аны кылдат угушту, анткени мындай жаркын келечекке ким каяша сүйлөмөк эле. Бирок Ислам Каримовдун доорунда кабыл алынган эки тараптуу гана мамилелерди түзүү жана интеграциялык биримдикке ишенбестигинен кайтканын Ташкент айткан жок, деп эскертти ташкенттик политолог.

Астанадагы жолугушуу жана түркмөн нейтралдыгы

Андрей Грозин Ташкенттин саясий демилгелерин: “Ташкенттеги жаңы бийлик үчүн чек арасы бою абалдын оңолуусу зарыл. Ал бул нормалдашууга жетти. Мындай жагдай Астанадагы жолугушууда да, ага чейинки Дүйшөмбүгө зыяратында да даана көрүнүп турду. “Боорукер ака” эмес, бирок прагматик киши бул нармалдашууну өлкөсү ичинде практикалык натыйжаларга айландыра баштаса болот. Тирешүүнү жоюу ал үчүн максатка жетүү куралы гана. Мисалы Кыргызстан тарапта жылыштар пайда болоору менен ал жакка товар жөнөтчү компанияларга акча берилди. Бул чыгым он эселеп кайтып келмекчи. Тажикстан менен деле ошондой схема иштейт”, - деп ачыктайт.

Бирок буга чейин айтылгандай, кесиптештердин бири Астанага келген жок. “Гурбангулы Бердимухамедов биригүүгө шашылбайт. Казак политологдору муну түркмөн режиминин бышып жетилбей, дагы эле “нейтралитет оорусунан” сакайа электиги дешет. Бирок Ашхабаддын оор коомдук-экономикалык абалда турса да обочолонгону, анын өлүккө эмес тирүүлүккө жакын экенине ишарат берип тургансыйт. Ошондуктан президенттердин Астанада эмнеге келишкенин байкаш үчүн өзүнө жылчык калтырган сыяктуу”, - дейт Андрей Грозин. Түркмөн нейтралитети жана коңшулары менен тыгыз байланышы жоктугу өлкөнүн ичиндеги абалды сактап, азыркы бийлигинин ишине жарап берет, деген ойдо ал.

Deutsche Welle, Борбор Азия