Орусия

​Путиндин кайра шайлануусунан Орусия менен дүйнө эмне күтсө болот

20 марта 2018 г. 12:06 1579

Жекшембиде Орусияда өткөн шайлонун жыйынтыгы эч кимди таң калтырбашы керек болчу. Расмий маалыматтарга караганда ага шайлоочунун 60%ы катышып, учурдагы президент алардын төрттөн үч добушун алып, кыйналбастан утуп чыкты. Кээ бир региондордо, айрыкча Түндүк Кавказда Путинге добуш бергендердин пайызы советтик доордогу шайлоолордун көрсөткүчүнө жакындап кетти. Бул шайлоодон эмне натыйжа чыкты?

Эң биринчи колго алаарлык натыйжа боюнча орусиялык оппозициянын салмактуу тарабы дагы эле либералдар менен демократтар эмес, коммунисттер менен улутчулдар экени такталды. Түрдүү “кызыл-күрөң” талапкерлер жалпысынан 20 пайызга жакын добуш алышты. Бул добуш берген адамдын онунан экөө антилибералдык, антикапиталисттик жана антибатыштык тандоого барды дегендик. Либералдыкты жактаган үч талапкерге келсек, алар биригип 5 пайызга жетпеген добуш алышты. Украиналык Майдан же Египеттик Тахрирдегидей көтөрүлүш чыгып, Путин төңкөрүлөт деп күтпөш керек. Андай болгон учурда да Батышка азыркы президенттен душман бири келет.

Экинчиден бул шайлоого келбей коёлу деген Навальныйдын чакырыгы тескери натыйжа берди окшойт. Путин шайлоодо жеңилет деп эч ким күткөн эмес. Бирок шайлоого келбей койгон 40% кишинин бир бөлүгү Григорий Явлинский, Борис Титов жана Ксения Собчакка добуш берсе, бул саясатчылардын аркасында да олуттуу күч бар экенин көргөзө алмак. Путиндин кайра шайлануусу көбүнчөсүн нааразылык эмес кайдыгерликке түртөөрүн жана Навальный менен Собчактын жаңжалы күчөп кетчүдөй болуп турганын эске алсак, либерал-демократтардын чабалдыгы орус саясатына дагы эле терс таасирин тийгизип кете бермекчи.

Кыскасы Путин кайра бийликке кайтып келүүдө. Бул орусиялык ички жана тышкы саясатка кандай таасир берет? Бир нече прогноз кылып көрөлү.

Биринчиден, Путин жеңиш сөзүндө өзүнүн жаш жана түбөлүк эместигин кыйытып кетти. Дал ушул алты жылдыгында президенттигин өткөрүп берүү үчүн негиз түптөшү керек. Менин оюмча, ушул жылдын этегинде өкмөттөгү кадрлар алмаша баштайт. 10-15 жылдан бери келе жаткан орус өкмөтүнүн лөктөрү ардактуу эс алууга кетип, кыркка чамалаган орусиялык жаш саясатчылар өздөрүн көрсөтө алыш үчүн жол бошотуп берет.

Путин мындай кадр алмаштырууга шарт түзүүсүнүн бир ыкмасы катары кар чарбага кетип жаткан аткаминерлерге белгилүү өлчөмдө бийлигин, таасирин жана эң негизкиси мал-мүлкүн сактап калаарынын кепилдигин бериши керек. Бул анын өзүнүн бийликти таштап кетүү пландарынын кынтыксыз ишке ашуусунда да чечүүчү мааниге ээ. Ошондуктан жакынкы жылдары бийликти тапшырып берүүнүн шарттарына Путин жана жакындары ээлик кылган нерселерди амнистиялап кепилдеген мыйзамдар ишке киргизилиши мүмкүн.

Акыркы жолу кандай шайланганын эске алып, бийликти тапшырып берүү жараянын жакшыраак багытташ үчүн Путин 2024-жылды күтүп отурбай мөөнөттөн мурун кетиши мүмкүн.

Эми Путин жеңип чыккан соң дүйнөлүк иштерде ийкемдүүлүккө бара алабы? Муну үч көйгөйдүн негизинде текшерсе болот: Жапония менен мамилелер, Украинадагы кагылышуу жана Сириядагы кийлигишүү.

Ушул жазда премьер-министр Синдзо Абэ Путин менен дагы бир саммит өткөрүү үчүн Орусияга келээри күтүлүүдө. Абэ дагы эле Курил аралдарынын көйгөйүн жөнгө салууга аркеттенүүдө. Мындан сырткары, Орусия менен расмий тынчтык келишимин түзүү аркылуу, Абэ улутчулдук аброюн көтөрүп бекемдемекчи. Путин буга чейин жер маселесинде бекем туруп келген. Бирок азыр кайра шайланып алган соң, Крымдын аннексиясын эске алганча, Жапонияга бир нече аймакты кайтарып берүү пайдалуураак болбойбу? Ал бир аймакты Ыраакы Чыгыштын өнүгүүсүн камсыздаган инвестицияларга алмаштырууга даярбы?

Орусиянын газ түтүгүн Украинаны айланта салып, Европага газ ташуу мерчеми Евробиримдиктин кээ бир мамлекеттери менен АКШнын каршылыгына карабай күчүндө. Германияда кайра ири коалициядан турган өкмөт куралганын жана Италияда орусиялык саясатты жактаган администрациянын келгенин эске алып, Донбасс маселесинде жумшактык кылганы Путин үчүн максатка ылайык болчудай көрүнөт. 2018-жылы биз Кремлдин көз-карашы өзгөргөнүн көрө алабызбы?

Сирияга кийлигишүү көп жагынан өз максатына жетти жана тиешелүү ролун ойноду. Эми Кремлдин утуштарын сактап калуу менен бирге Жакынкы Чыгыштагы баткактан Орусияны сууруп чыгып кетүү маселеси турат. Менин баамымда, Дамасктын тегерегинде көзөмөлдү Башар Асадга алып берген соң Путин ага мындан ашык жардам бербейт. Ал орусиялык ортомчулук менен Израиль – Иран, Иран – Сауд Аравиясы сыяктуу тең салмактуулуктарды орнотууга күч үрөйт.

Мунун баары орусиялык-америкалык мамиле солгундаган учурда болуп жатат. 18-мартта өткөн шайлоодон кийин бул өңүт өзгөрчүдөй көрүнбөйт. Эгер президент Дональд Трамп биринчи мөөнөтү убагында макамынан четтетилип же 2020-жылкы шайлоодо утулуп калса, Кремль Трамптын кайсыл болбосун мураскору Орусияга каршы келет деп эсептейт. Ошондуктан биз орусиялык саясат АКШны азиялык, жакынкычыгыштык жана европалык өнөктөштөрүнөн алыстатып, бөлүүгө багытталганын көрөбүз. Бул жагынан шайлоодон кийин эч нерсе өзгөрбөйт.

Путин калды, бирок мындан кийин ал эки тизгин бир чылбырды колуна алып, Орусиянын ички саясаты менен тышкы мамилелерин өзү калыптачуудай көрүнөт. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча адистери үчүн бул сыр эмес. Бирок Кошмо Штаттары ээрчиме саясатын уланта берсе, Путин мындан кийин да бир кадам алдыда кала бермекчи.

Николас Гвоздев, The National Interest, АКШ