Батыш

​Америка куралын кимге сатып жатканын жакшы ойлонушу керек

19 марта 2018 г. 12:16 1349

Американын аскердик кемелеринде 1980-жылдардын акыры, 1990-жылдардын башында Перс булуңунда кызмат кылган кимден сурасаңыз, ал кезде эч нерседен коркпогонун айтат.

Чындап келгенде, Перс булуңунун мамлекеттери ал учурда АКШнын куралдуу күчтөрүнө туруштук бере алчу эмес. Мисалы 1988-жылдын 18-апрелинде “Жаачы” операциясынын убагында Ирандын аскердик кемелеринин баары (үч кеме жана бир нече тез жүрүүчү катер) он чакты америкалык аскер жана Enterprise учак ташыган кемесинен учуп чыккан учакка каршы согушкан. Аны толук кандуу кагылышуу деп да айта албайсың. Күн батып бара жатканда Ирандын эки кемеси чөгүп, үчүнчүсү иштен чыккан.

Бирок кемеге каршы атылган ирандык “Гарпун” ракеталары менен эч ким тамашалашкысы келген эмес. Joshan аттуу 265-тонналык артилериялык катер чөгүп кетээринен мурун мындай ракетасынын бирин америкалык Wainwright кемесин көздөй атып жиберген. Кудай сактап, ал бутасына жетпей калган. Сиздер ирандыктар мындай ультразаманбап куралды кайдан алды деп сурашыңыздар мүмкүн. Аларды АКШ өзү F-14 истребителдери менен бирге шахка сатып жиберген. 1979-жылы бул курал ирандык шахты тактан кулаткан жана Американы желмогуздай жек көргөн ыңкылапчыдардын колуна тийген.

1990-жылдын күз айларында бул региондо Ticonderoga аттуу америкалык куралдуу кемеде кызмат өтөгөнүмдө, Саддам Хусейн химиялык куралды колдонуп жибериши мүмкүн деп, противогаз кийип алып автомат атканды үйрөнгөнбүз. Саддам химиялык куралды 1990-жылы ирандыктар менен согушкан мезгилде Американын жардамы менен иштеп чыккан.

1989-жылы америкалык куралдуу күчтөрү панамалык лидер Мануэль Норьегага каршы аттанышкан. Анын аскерлеринин да колунда АКШда чыгарылган куралдар бар болчу.

1993-жылы Сомалиде америкалык аскерлер “жер-асман” класстагы ракеталары, замбиректер, танктар жана бронмашиналар сыяктуу заманбап куралдары бар согушкерлерге капташкан. Алардын баары өз убагында сомалилик диктатор Мохаммед Сиад Барреге сатылган. Согуштук топтор 1991-жылы Баррени кулатканда, бул куралдарды алып бири-бири менен согушуп, өлкөнү узак мөөнөттүк жарандык согушка кептешкен. Ал каргашадан бул мамлекет эмдигиче арыла албай келет.

Саддам Хусейн төңкөрүлгөн соң 2014-жылы ирактык армияга сатылган аскердик жол тандабас, танк, автоматтар менен башка курал жарак ИГИЛдин колуна тийген. Бириккен улуттар уюмунун баяндамасында айтылгандай, 2014-жылдын июль айында эле ИГИЛдин баш кесерлери 50 миң аскерди куралданта алчу “ирактык үч дивизияга жетиштүү унаа менен курал-жаракты” тартып алган. Мынча курал колуна тийген ИГИЛдин согушкерлери эбегейсиз чоң аймактарды басып кирип, ирактыктарды, сириялыктарды, күрддөр менен езид жана башка алдынан чыккан элдин баарын карактап баштаган.

Журналист Жин Хили айтмакчы: “Биз ирактык коопсуздук күчтөрүн түзүүгө 25 млрд доллар жумшадык... Америкалык курал сатып алгыңар келеби? Алыңыздар, андан эч ким бир да жолу атып көргөн эмес, болгону бир ирет колдон чыгарып жиберишкен!”.

Башкача айтканда бул жаңы көйгөйдүн, эч кандай жаңылыгы жок.

Каттон институтунда иштеген Тревор Тролл менен Кэролин Дормини жакында илимий изилдөөсүн басып чыгарышты. Анда биздин курал-жаракты сатуу саясатын өзгөртүү зарыл деп айтылган. Куралды экспорттоо мыйзамына ылайык, мындай келишимдерге кол коюудан мурун дыккат текшерүү өткөрүп, тобокелчиликти таразалап көрүү зарыл. Бирок АКШнын алсыз, канкор жана кооптуу режимдерге да курал сатканына караганда “тобокелчиликти таразалоо жараяны, болочок тобокелчиликтерди атайын эске албагандай жүргүзүлгөнү” көрүнүп турат.

Тролл менен Дормини бул катаны жоюуга белсенишкен. Алар тобокелчиликти баамдоонун эң жөнөкөй жана кеңири куралдарын: Мамлекеттердин туруксуздук индекси боюнча өлкөнүн туруктуулугун баалоону; Freedom House уюмунун эркиндик рейтингин; Мамлекеттик департамент иштеп чыккан саясий террор көрсөткүчүн; Террорчулуктун глобалдык индесин; куралдуу кагылышуулар тууралуу маалыматын колдонушкан. Бул маалыматтардын негизинде окумуштуулар “дүйнөдө өтө кооптуу курал сатып алуучулар көп, АКШ алардын дээрлик баарына курал сатат” деген бүтүм чыгарышкан. Ливия, Ирак, Йемен, Конго жана Судан жогоруда каралган беш көрсөткүчтүн баарынан тең коркунучтуу, бирок глобалдык террорчулукка аттанган “11-сентябрдан баштап, алар АКШдан курал-жарак алууга орто эсеп менен 1,8 млд доллар жумшаган”. Тролл менен Дормини “АКШ саясаты кесепетин ойлонбостон, акча бере алгандын баарына куралын сатууга негизделген” деген натыйжага келишкен.

Алар башкача жол сунуштаган. “АКШ куралын сатуу саясатын кайра карап чыгуусу шарт. Бул сатуулар стратегиялык пайда алып келүү менен бирге негативдүү натыйжаны алдын алуусу керек”, - дешет изилдөөчүлөр. Курал сатуу жараяны жок эле дегенде “сатуу боюнча чечим чыгараар алдында, буга чейинкиге караганда кылдатыраак текшерүү жүргүзүлгөндөй кайра каралып чыгуусу шарт”.

Менин оюмча булар акылга сыярлык сунуштар.

Кристофер Пребл, The National Interest, АКШ