Ислам дүйнөсү

Кызмат кыймылында (Фетхуллах Гүлен) аялзатынын орду

16 марта 2018 г. 11:30 1811

Былтыр 8-мартта Фетхуллах Гүлен бир видео чыгарды. Анда аялзат маселеси боюнча мусулман аалымдары айтпаган, балким айткысы келбеген, жоопкерчилигин алууну каалабаган маселелерди көтөрдү.

Видеодогу негизги өйлөр төмөнкүчө: коомдун кайсыл тармагы болбосун аялзаты эркек менен бирдей иштеп, бирдей жоопкерчилик ала алат; жашоонун бардык тармагында болушу керек; исламдын талаптары катары аялдын иштөөсүн чектеген эч бир нерсе жок; аялзаты президент, керек болсо куралдуу күчтөрдүн командачысы боло алат деген пикирлер бар болчу.

Гулен бул көйгөйдүн маңызын жакшы билгендиктен, ал үчүн глобалуу аракет керек экенин, кишилердин көз карашынын өзгөрүүсү шарт болоорун, дин аалымдарынын бул маселеде үлгү көрсөтүүсү зарыл экенин айткан. Андан сырткары мындай кеңири өзгөрүү ишке ашуусу үчүн эркек аялдан жогору турат деген ата-бабадан бери калыптанып калган пикирди башалгыч класстан баштап, бардык окуу жайларда окутуу менен гана өзгөртүү мүмкүн деген. Акырында бир тилде сүйлөгөндөр эмес, бирдей сезимди бөлүшкөндөр мындай өзгөрүүгө бара алаарын билдиген.

Бирок бул ойлор да ишке ашпастан жакшы ниет бойдон калчудай көрүнөт. Себеби кызмат аракетиндегилер да Гүлендин бул сөзүн аялдар күнүндө дайыма айтылып келген салттуу кеп катары карап койгонсуйт. Бирок бул маселе жакшы талданып, көзөмөлгө алынып, ишке ашуусу зарыл.

Андан бери бир жыл өттү. Биз түрдүү себептерди пайдаланып, бул маселени жыл бою жандантканга аракет кылдык. Айрыкча бул маселени кызматка тиешем бар деген адамдар канчалык түшүнүп, ишке ашыргандыгы тууралуу чакан изилдөө да жүргүздүк. Ушуга чейин кызматтын мектептеринде Гүлендин бул видеосундагы сунуштарынын талкууланганын уккан жокпуз. Балким учурдагы кризистен, күндемде башка маселелер болгондон улам бул тема талкууга алынбай жаткандыр.

Кызмат кыймылынын көп лицейлери, башталгыч мектептери бар болгондуктан аялзатына тиешелүү маселелерди талкууга салып, ишке ашырса болот эле. Кызмат сыяктуу дүйнөгө кеңири караган лидери жана жамааты бар кыймыл бир нече жылдык мерчем чыгарып, лидерлик позицияларга аялзатынын да келишине аракет кыла алмак. Бирок мындай аракеттер болгон жок.

Аялзатына эркек менен бирдей шарт түзүлбөсө, өтө маанилүү мүмкүндүктөр колдон кетиши ыктымал деп айтса болот. Анткени коомдук турмушта аялга маани бербеген, айрыкча кризис убагында мектепке аял башкаруучу койбогон кыймыл өзүнүн потенциалынын 100дөн 50сүнө кайдыгер дегендик. Күрөшкө бир колун гана жумшап, экинчи колун колдонбогон балбанга окшойт.

Албетте кызматтын аялзаты буга чейин да көп иш аткарып келди. Бирок тамак бышырып сатса болот деп аялды ашкана менен чектеп койгону, мынча адам окуткан, билим берүү мекемелерин курган, мугалим жана илимпоз чыгарган кыймылдын өз кыялдарын өзү талкалагандыгы десе ката болбойт. Мынчалык социалдык дөөлөттүн ушунча арзан колдонулганы туура эмес. Бул дагы аткарылбаган милдетке кирип, эртең болбосо бүрсүгүнү эсеби суралат.

Гүлен 8-мартта аялзаты эмес, жамаат ичиндеги биримдик жөнүндө сүйлөсө, ал ою кызматтын уч-кыйырына чейин жеткирилмек, кишилер коомдук тармактардан, вотсапп топторунан бөлүшүп, күндемге айланмак. Өтө маанилүү маселелер боюнча кээде жазуу менен чектелген Гүлен, аялзатынын майрам күнү атайын видео-баян кылды. Бирок бул ирет кызмат ичинде жалбырак да кыймылдаган жок.

Гүлендин жамааты делген кыймылдын башкаруу системасы менен механизмдеринде иштеген адамдар бул маселени блокнотторунун бир жерине атайын жазышы керек эле, мен жазып алдым. Мен Гүлендин аялзаты жөнүндө айтканын да “сүйлөгөнү” жана “ишке ашканы” деген эки тизмемдин бирине жаздым. Анткени бир нече өтө маанилүү маселеде Гүлен өзүнүн позициясын апачык көрсөткөнүнө карабастан, жамаат ошол эле маселелер боюнча башкача позицияда сыяктуу көрүнүп калды. Муну кызмат кыймылынын ичиндеги коомдук изилдөөчүлөр бир карап чыгышы керек. Албетте мындай мамиленин сөзсүз белгилүү себептери менен натыйжалары бар. Буга кайдыгер каралбашы керек деген ойдомун.

Аялзат маселеси да ушундай эки анжы пикир жараткан көйгөйлөрдүн бири. Фетхуллах Гүлен 1995-жылы эле аялзатынын эркек менен бирдей шартта турмушка кириши керектигин, маанилүү макамдарга келе алаарын айткан. Андан берки 20 жылда жамаат канча аялга бала бакчанын, башталгыч же орто мектептин мүдүрлүк кызматын берди? Берилген эмес болсо, эмнеге берилбейт, бул жамаатта кимдин айтканы ишке ашат, же Гүлен муну сыртка ПИАР кылыш үчүн эле сүйлөп, чынында мындай күндеми жокпу, же анын сөзүнө биз ушундай мамиле кылып коюп жатабызбы деген суроолорго жооп берилиши керек.

Ф. Гүлендин 8-март видеосу аялзат маселесинде жаңы закымдарды ачуудабы?

Закымды бул жакка коюңуз, милдеттүү каралчу маселелердин үстү ачыла элек. Мисалы аялзаты менен эркектин теңдиги белгилүү бир деңгээлге жогорулаган болсо гана закымга баланча жол бар деп айта алмакпыз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн эч нерсе кылынган жок десек, бир нерсе кылып жаткан кишилерге жалаа жапкан болобуз. Бирок кызмат кыймылын жалпысынан алганда, иштин пайдубалы да түптөлбөгөн сыяктуу көрүнөт.

Мисалы мен азыр Гүлендин өмүр баянын жазып жаткан адамга кеңешчи катары жардам берүүдөмүн. Ким менен сүйлөшүү керек деп узун тизме түзсөк, аялзаты жокко эсе. Аябай эстегенге аракеттенсеңиз эки-үч аялдын гана ысмы араң акылга келет. 40-50 жылдан бери келе жаткан кыймылдын аялзатка келгенде өтө алсыз потенциалы бар экенин көрөсүз. Бул натыйжаны түзөтүп кетүү мүмкүн эмес, бирок мындай натыйжага жараша иштөө көйгөйдү чечүүгө жол ачат.

Балдарыбыз бала бакчага баргандан тартып аялзаты деген ким, эркек деген ким, акы менен укуктары, теңдиги кандай, кимиси каякка барып, кайда келе алат деген сыяктуу түшүнүктөр отурукташып баштайт. Динибизде мындай түшүнүктөрдүн тамыры барбы, аял-эркек теңдиги кай жерге чейин барат, кайсыл жерге чейин айырмаланат, милдеттеринин ар кандай болуусу акыларынын да окшошпошу керек дегендикпи, аялзатынын күч-кубаты чектүү болгондугу ага башкача мамиле кылууга жол береби, бүтүн ишти кыла билгенине карабастан “алдыга чыгуусу мындай-тигиндей” деп аркага жылдырылганы туурабы деген суроолор тартышылуусу керек.

Кызмат кыймылынын окуу жайлары жана түрдүү билим берүү мекемелери мындан да адилеттүү жана тең укуктуу, исламдын негизги принциптерине, Азрети Пайгамбарыбыз Мухаммеддин тажрыйбасына шайкеш келген (араб адаттарына эмес) урмат, сүйүү, теңдик чөйрөсүн жарата алат деп күтсө болот.

Мунун баарын закым дебесек да биринчи кадамдар десек болот. Балким 25-30 жылдык узак мөөнөттө бир топ сапар карытууга жетишебиз. Жаш кезинен аң-сезими менен тарбиясы идеалдуу чөйрөдө калыптанган адилеттүү муун келиши үчүн бир топ иш аткарууга мүмкүндүк бар. Ошондуктан биздин алдыбызда закым эмес, мындай ишти баштоо маселеси турат.

Албетте эч ким кызмат кыймылынын башындагылардын жүздөн элүүсү дароо кетип, ордун аялдарга бошотуп берсин, Гүлен ошондой каалап жатат дебейт. Бирок жок дегенде белгилүү бир философиясы, пикир артыкчылыгы бар Гүлендин 1995-жылдан бери айтып келе жатканы ишке ашпаганында жамааттын жоопкерчилиги бар деп ойлоймун.

2017-жылы чыгарган видео баянындагы тилектер ишке толугу менен ашып кетет деп ойлобойм. Бирок жамааттагы аялзаты менен эркектердин үстүнө чоң жоопкерчилик жүктөлдү деген пикирдемин. Көп тартышылчуу, ашылуусу керек болгон туура эмес ой-пикирлер бар. Ар ким өз напсиси менен күрөшүп, өзүнүн эгосуна карабастан, аялзат маселесинде исламдын койгон принциптерине мындан да шайкеш иш кылуусу шарт деген ойдомун.

(уландысы бар)

Доктор Исмаил Сезгин, Лидс Беккет университети, Кызматты изилдөө борборунун аткаруучу директору