Кытай/Индия

Чочуткан жана үмүттөндүргөн Кытай

14 марта 2018 г. 16:23 1032

Учурда Бээжинде өтүп жаткан жана 20-мартка чейин созулчу Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйыны (БКЭЖ) дүйөнүн көңүлүн буруп турат. Ошондуктан бул материалыбызды ар кайсы өлкөгө таандык маалымат булактарына чыккан кабарлар менен жорумдардын негизинде даярдадык

А дегенде өзүбүздүн мекенде иштеген, АКШ каржылаган rus.azattyk.org сайтына чыккан, мекендешибиз Ырысбек Улукбек уулунун 10-марттагы “CGD: Кыргызстан Кытайга каржы жагынан көз каранды” аттуу материалынан баштайлы.

Анда Center for Global Development (CGD) америкалык аналитикалык борборунун серепчилери Кыргызстан Пекинге каржы жагынан эң көз каранды 8 мамлекеттин ичине киргенин айтышкан. Жалпысынан Кытай “Бир кырчоо – бир жол” долбоорунун алкагында Азия, Африка жана Европа мамлекеттерине 8 триллион доллар каражат жумшап жатыптыр.

Аталган 8 мамлекеттин арасына Кыргызстандан сырткары Жибути, Лаос, Мальдивдер, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан кирген.

CGD Кыргызстандын сырткы карызы 2017-жылдын март айында Ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 68%ына жетип, анын 90%ы сырттан алынган карыз дейт. Бул сырткы карыздын 40%ын (1,5 млрд$) Кытайдын мамлекеттик Экспорт-импорт банкы берген.

The Wall Street Journal басылмасына изилдөөнүн авторлорунун бири Скотт Моррис: “Эгер бул өлкөлөрдүн карызы туруксуз боло баштаса, кытай бийлиги Дүйнөлүк валюта фонду, АКШ жана жеке насыячыларды четтетип, каржы чечимдердин борборуна өтүшү мүмкүн”, - деген.

Ырысбек Улукбек уулу 2018-жылдын 31-январына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4,6 млрд долларга жетип, анын 1,7 млрд $ын кытайларга карыз экенибизди, анын ичинен 847 млн $ (400 млн. Кытайдан) Түндүк-Түштүк кошумча жолго кетээрин, 389 млн $ Датка-Кемин электр чубалгы менен чордонго жумшалып, 386 млн $ Бишкектин ТЭЦине коротулганын жазган.

Учурда кыргыз коомчулугунун ТЭЦ менен Түндүк-Түштүк кошумча жолуна кеткен каражаттар боюнча бийликке жолдогон суроолору бар.

АКШ каржылаган golos-ameriki.ru сайтында Жефф Селдиндин “Кытай менен Орусия Африкада АКШга чакырык таштады” аттуу макаласы чыккан. Анда бейшембиде АКШнын Африкадагы күчтөрүн башкарган генерал Томас Вальдхаузердин америкалык конгрессчилердин алдына чыгып сүйлөгөн сөзү талданган.

Макалада учурда АКШ ээлеп турган дүйнөнү тескөө тактысын Кытай менен Орусия талаша баштаганы тууралуу америкалык эксперттердин ойлору жазылган.

Кытайдан коопсуздугуна шек келтиргенчелик карыз алган 8 өлкөнүн бири катары каралган африкалык Жибутинин Дорал шаарында кытайлык аскердик база ачылганы жана бул база Пекиндин Африкада ачкан акыркы базасы болбоору айтылган. Кызыгы, ошол эле Жибутиде АКШнын да Африкадагы жападан жалгыз аскердик базасы бар экен. Генерал Вальхаузердин айтымында кытайлар базасын америкалык базанын “так кире беришине” салган.

Жефф Селдин геосаясий серепчилердин аскердик базасынан да мурун Кытайдын экономикалык жардамы менен убадалары Жибутиге окшогон мамлекеттерди өз таасири алдына тартып жатканы коркунучтуу дегенин жазган. Африкада АКШнын куралдуу күчтөрүн жетектеген генерал: “Кытай ал жерде соода борбору, футбол стадиону, байланыш инфраструктурасын курууда. Эгер таасир жана кол алдына киргизүү катары карасак, бул аракеттер классикалык үлгү. Биз каржы жумшоо жагынан Кытайды эч качан басып өтө албайбыз”, - деп арызданган.

Чын эле миңдеген жеке менчик фирмаларга Африкага каражат корот деп буйрук бере албайсың. Мамлекеттик каржы тез жана саясатка ылайыктуу жумшалышы мүмкүн. Бирок мындай кыржынын сапатсыз сарпталганы жана коррупциялык тобокелчилиги жогору экенин Нарындын жолдору менен Бишкектин ТЭЦи жакшы көрсөтүп турат. Өкмөт кытай аскердик базасына уруксат берет, карызды болсо келечек муун төлөйт.

Казактардын stanradar.com сайтына 12-мартта чыккан “Кытай кантип ага жазылган сценарийден чыкты” деген макалада Кытайдын дүйнө лидери болушуна көп бар деген ой айтылган. Анда 20 жыл мурун жарык көргөн америкалык окумуштуу жана саясатчы Звигнев Бзежинскийдин “Улуу шахмат тактасы” китебиндеги Кытай тууралуу божомолдордун ишке ашып-ашпаганын Казакстандык кытайчы, саясий илимдердин доктору Константин Сыроежкин жоруп берген.

Forbes Kazakhstan даярдаган материалда аты аталган окумуштуу Кытайдын небактан бери эле АКШдан кийинки эң ири экономика болгону белгилеген. Казакстан Пекинден беш жылда 64 млрд $ инвестиция тартаары расмий такталган. Кытай биржалары дүйнөнүн эң ирилеринин катарына кирип, юань Дүйнөлүк банктын резервдик валютасынын бири болуп калды. Ошондуктан экономика жактан Кытай чын эле глобалдуу дөөлөткө айланыптыр. Бирок бардык башка көрсөткүчтөрү анын регионалдык дөөлөт экенин көрсөтүп турат деген ойдо Сыроежкин. Анын айтымында Кытайдын куралдуу күчтөрү АКШ, Орусия жана бир нече европалык мамлекеттикине жетпейт, азыр чыныгы согушка катышкан жалгыз генералы калган. Андан сырткары глобалдуу таасир үчүн глобалдуу идея жана аны ишке ашырган курал керек. АКШнын либералдуу демократия идеясын Голливуд жеткирип турат, кытайларда бул нерсе жок дейт окумуштуу. Казак экспертинин ою боюнча Кытай эмдигиче энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздай элек, ошондуктан сырттан мунай-газ жана көмүр ташып келип, Казакстандан айдоо жерлерин ижарага алып жатат. Айрыкча Кытай бакубаттуулугун ИДӨсүнүн өсүшү эмес, элинин байышы менен өлчөгөн жалгыз ири мамлекет, андыктан ички убадалары сырткы баскынчылыктан артыгыраак дейт Сыроежкин. Кытайдын акыры баскынчылыкка өтөөрүн айткан Бзежинскийге каяша катары Сыроежкин: “Кытайдын сырткы саясатында баскынчылык көрүнбөйт. Чек-ара маселеси Түштүк-Кытай деңизинен сырткаркы жердин баарында жабылган. Кытай өз чектерин кеңейтүүгө аракеттенген жок. Ал экономикалык экспансия менен чектелүүдө. Албетте, экономикалык таасир саясатка чагылат”, - дейт.

Украиндердин segodnya.ua сайтынын “Кытай аскерине рекорд каржы жумшамакчы: Кытай эмнеге куралданууда” макаласында Кытайдын Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйыны (БКЭЖ) 2018-жылында куралдуу күчүнө 175 млрд $ жумшоого уруксат бергенин, бул каражат былтыркыга караганда 8%га өскөнүн жазган. Былтыр кытай лидери Ци Цзинпинь баскынчылыкка барбасын, бирок өзүнө таандык жердин бир карышын да эч кимге бербесин айтканы эскерилген. Бул 2018-жылы Индия менен Түштүк-Кытай деңизиндеги талаш жерлердин маселесин козгойт дейт сайт. Быйыл 300 миңге кыскартылат деп мерчемделген эки миллион аскерлүү кытай армиясы баары бир дүйнөдөгү эң ири куралдуу күч катары кала бермекчи. Бул аракеттерге каршы АКШнын 333 метрлик учак ташыган “Карл Вилсон” кемеси аны кайтарган эки аскер крейсерлери менен бирге Вьетнамдын сууларына 1975-жылдан бери биринчи жолу кирди деген божомол айтылат макалада.

Мындан сырткары сайт кытай экономикасы боюнча кызыктуу цифраларды берген. Кытайдын ИДӨсү келерки жылы 6,5%га өсүп, 11 млн жаңы жумуш оруну пайда болот. Былтыр да ушунча мерчемделип, бирок 13,51 млн жумуш орду түзүлгөн экен. Быйыл автоунаа жана суу транспортуна аскерлерге берилген каражаттан эки эсе көп – 284 млрд $ жумшалмакчы.

Кытайдын Синьхуа новости агенттигинин russian.news.cn сайты билдиргендей БКЭЖдин учурда өтүп жаткан 13-чакырылышы убагында Кытайдын каржы министри Сяо Цзенин мамлекеттик карыз ИДӨнүн былтыркы 36,7%нан быйыл 36,2%га төмөндөөрүн жана бул көрсөткүч дүйнөдө опурталдуу чек катары кабыл алынган 60%дан (Кыргызстандыкы ИДӨнүн 68%ы) бир топ төмөн экенин айткан.

Бюджет тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынгандан бери жергиликтүү өкмөттүн карыздарына жана каржы тобокелчилигин азайтууга тиешелүү себептерден улам былтыр жүздөн ашык адам жоопкерчиликке тартылган дейт Синьхуа агенттиги.

Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйыны (БКЭЖ) кандай тарыхий чечимдерди кабыл алганы тууралуу новости-мира.ru-an.info сайты “Кытай дүйнө экономикасын өзүнө байлоодо” деген макаласында кеңири маалымат берген. Депутаттар кытай конституциясына 2004-жылдан берки эң ири өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Анын текстине коммунисттик партияны негиздеген Мао Цзедун менен Кытайдын учурдагы өнүгүүсүн түптөгөн Дэн Сяопиндин сөздөрүнөн сырткары учурдагы кытай лидери “Си Цзинпиндин ойлору” жазылды. Анда Си кытайлык үлгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн “жаңы тандоо” болуп калды деген. Мунун шары менен Си мырза өз бийлигин эки беш жылдык менен чектөө беренесин баш мыйзамдан алдырып салган.

Макалада ““Бир кырчоо – бир жол” долбоору, элинин жашоо деңгээли жана маянасы жогорулагандан улам артыкчылыгын жоготуп бара жаткан кытай товарларын дүйнөнүн төрт бурчуна арзан жеткирүү үчүн, Кытайдын өзүнө керек”, - дейт Орусиянын Кытайды изилдөө стратегиялык борборунун директору Алексей Маслов.

Германиянын өкмөт башчысы Ангела Меркель өлкөсүнүн башына төртүнчү ирет келиши менен же Владимир Путиндин 18-мартта төртүнчү жолу Орусияга президент болушу менен салыштырганда Синин аракети анча деле опурталдуу көрүнбөйт. Бирок батыш демократиясында өкмөт башчысынын бийликке мас болуусун көз карандысыз парламент, ЖМК жана сот системасы чектеп тураарын жана Орусиянын 146 млн калкына карганда 1,3 млрд кытайдын бийлигине нааразы болуу мүмкүндүгү канчалык опурталдуу экенин эске алганда үрөй учат.

Кытай жетекчилиги келечекте жүз таануу технологиялары жана ири өлчөмдөгү маалыматты бир заматта анализдеген big data технологиясы менен элин толук көзөмөлгө алат деген hightech.fm сайты: “Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйыны алдында Бээжиндин көзөмөл пунктарында кытай полистери кылмышкердин жүзүн жана унаасынын номурун дароо аныктаган акылдуу көз айнек колдоно баштады”, - деп жазган.

Кабарын кытайлык China Digital Times маалымат булагына негиздеген сайт Кытайда 2020-жылдан баштап “социалдык насыя” долбору иштеп баштаарын жазган. Ал боюнча мамлекет жетишкендиктери, билими, жүрүм-турумунун негизинде жарандарынын ар бирине рейтинг коюп, атуулун толук анализдеп жана көзөмөлдөп турмакчы.

China Media долборунун ээсинин бири Дэвид Бандурски: “Кытай жетекчилиги буга чейин интернет технологиялардан чочулап турса, учурда коомдук жана саясий көзөмөлгө керектүү курал катары көрүп калды”, - дейт.

Былтыр Кытай илимий изилдөө менен жаңы технологияларды чыгарууга 279 млрд $ жумшаган.