Орусия

​Путин Батыш менен тирешип, Орусиянын сыры кайнады

13 марта 2018 г. 15:02 1746

Орусия, Дубровское айылы. Олег Сирота кырында “Путин” деген жазуусу бар өзү чыгарган сыр көмөчүн сыймыктанып көрсөттү. “Бул биздин эң мыкты сыр көмөч, атайын Владимир Путинге арнап жасалган сыр”, - дейт Подмосковьедеги чакан кыштакта сыр кайнатуучу цех курган Сирота.

Бул сапсыйган сакалдуу сырчы Орусиянын президентин дайыма колдогондордун катарына кирбейт, бирок 18-мартта добушун ага бермекчи. Ал Путиндин саясатынын аркасы менен кыялдары ишке ашканын айтат.

Президент Крым жарым аралын басып алгандан кийин Батыш койгон санкцияларга каршы европалык сүт азыктарын Орусияга кирүүсүнө тыюу салган. Натыйжада буга чейин француз, итальян жана швейцар сырлары басып жаткан орус базарында жогорку сапаттагы ата мекендик сырлар пайда болду.

Санкциялык согуштан улам аткезчилик жолу менен кирген сырларга да бөгөт коюлган. 2015-жылы бир эле баскында мыйзамсыз жолдор менен Орусияга кирген 470 тонна сыр тартылып алынган. Аткезчилик аркылуу кирген азыктардын көбү жок кылынган.

Орус базарында капыстан пайда болгон боштукту көрөөрү менен табыгий бышып жетилген орусиялык сырды керектөөчү колдон жулуп кетээрин сезген Сирота программист адистигин жыйыштырып, жаңы долборуна 300 миң доллар салган. “Мен батиримди, унаамды, бизнесимди сатып, карызга да акча алдым”, - дейт 30 жаштын босогосун жаңы аттаган Сирота.

Ал жаңылбаптыр. Азыр анын өндүрүш цехинин жанында саан уйларды асыраган сарайы бар. Бирок ал чыгарган сырга талап өтө жогору болгондуктан, баары бир кошумча сүт сатып алууга мажбур.

Анын сыр кайнаткан цехинде аптанын жети күнү токтобостон күнү-түнү 11 жумушчу иштейт. Учурда ал күндө 360 килден сыр өндүрүп, бул жылдын аягына сейин суткасына 1800 килге чейин чыгармакчы.

Сиротанын айтымында бизнеси айына бир нече миң доллар таза киреше берет. Анын өндүрүмүнө талап ушунчалык жогору болгондуктан, кээ бир алуучулар сыр токочтору үчүн алдын ала олчойгон акча төлөп берүүгө макул. “Анан мен Путинди эмне мынча жакшы көрөөрүм түшүнүктүү эмеспи?”, - деп бизге суроо узатты ал ырсайып.

Өндүрүштүн менеджери Сергей Недорезов сыр кайнатууну Гарманиядан үйрөнүп, Сиротанын долборуна кирүү үчүн төрт жыл мурун Орусияга кайтып келген. “Бул биздин алтын”, - дейт Недорезов сыгылып сыр токочуна айланып бара жаткан быштак бүртүкчөлөрүн көргөзүп.

Недорезов айткандай, мындан жүз эле жыл мурун орустар эч кыйналбастан Европага экспортко кеткен сырларды чыгара алышчу. Бирок алардын билими менен жөндөмү эки дүйнөлүк согуш жана совет доорунда жок болуп кеткен. Совет доорунун фабрикалары ондогон жылдары көбүнчөсүн жумшак сыр гана чыгарып, чыныгы фермердик сырлар чет өлкөдөн алынчу.

Бир нече айдан кийин Сирота Орусияда биринчи жолу өндүрүлгөн пармезанын ооз тийгене турат. Бул кымбат сыр бир жылдан бери анын сырканасынын текчелеринде бышып жетилип барат.

Орус керектөөчүлөрү пармезанды аябай жактырышат, бирок контрсанкциялар киргизилгенден бери аны сатып алуу мүмкүн болбой калган, өндүрүү да оор, себеби бул сырды чыгарууга өтө көп жогорку сапаттагы сүт керектелет. Сирота өзүнүн туңгуч пармезанын алты айдан кийин даамдап көрмөкчү.

Сиротага орус өкмөтүнүн европалыктарга каршы санкцияларды алып салбаганы эле керек. “Мен ага ушунчалык ыраазымын, аны аябай жакшы көрүп калдым, барып добушумду берем, - дейт Сирота Путинди эстеп. – Биздин өлкөнүн санкция менен контрсанкциядан ширетилген калканы пайда болду, биз бул калкандын алдында өсүп, жетилип бара жатабыз”.

Орусиялык фермерлердин көбү шайлоо күнү Путинди колдойт болуш керек деген ойдо “Союзмолоко” улуттук сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин төрагасы Андрей Даниленко.

“Фермерлер акыркы он жылдан бери өкмөттүн айыл чарба тармагын колдогонун көрүп турат. Путиндин жеке салымы да зор. Бүгүн фермерлер аны турмуш сапатын жогорулатып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен адам катары көрүшөт. Ошондуктан айыл чырба тармагын президент Путиндин жетишкендиктеринин үлгүсү катары караса болот”, - дейт Даниленко.

Калифорнияда төрөлгөн Даниленко Советтер Союзу ураган соң 1990-жылдардын башында ата-энесинин мекенине кайтып келип, чакан фермердик чарба курган. Учурда ал сүт өндүрүүчүлөрдүн таламын талашуу менен бирге ири айыл чарба компаниясына ортоктош.

“Санкциялар бизди ички өндүрүмгө көңүл бурдурду, эң негизкиси анын кирешелүүлүгү менен натыйжалуулугуна карай баштадык, - дейт ал. Анын айтымында учурда айыл чарбасы менен азык чыгаруу эң тез өнүгүп бара жаткан тармактардан. Өтмүштө Орусия дүйнөнүн эң ири буудай сатып алуучусу болсо, бүгүн тарыхында болбогондой көлөмдө экспорттоп жатат.

Сирота да убагы келгенде өз өндүрүмүн экспорттойм деген үмүттө. “Мен орусиялык фермер болгонума сыймыктанам, - дейт ал. – Кеп акчада эмес. Мен бул ишти орусиялык сыр жөнүндө кыялданганыман кылдым, орус пармезаны жөнүндө, аны чыгарабыз деп кыялданчумун, мына өндүрүп жатабыз!”.

Карло Ангерер, NBC News, АКШ