Батыш

​Дизель жана таза аба. Германия дизелге салынган тыюудан кантип качмакчы

12 марта 2018 г. 11:56 1106

Германиянын федералдык административдик соту дизель унааларына тыюу салууга жол ачып берди. Дизель чыгаргандар менен айдагандар бул тыюуларды айланып өтүү жолдорун караштырууда

Февралдын аягында Лейпциг шаарынын Федералдык административдик соту немис шаарларынын бийликтерине чоң көчөлөрдө дизель уналардын жүрүүсүнө тыюу салууга уруксат берди. Бул кабар унаа жана дизель кыймылдаткычтардын мекени болгон Германияны бомба жарылып кеткендей чочутту.

Немистердин экологиялык кыймылы катуу сүйүндү. Немис шаарларынын мэрликтерине кирген “Биримдик-90”/”жашылдар” партиясынын өкүлдөрү тезирээк тыюу салууга чакырып киришти. Калганы: унаа чыгаруучулар, серепчилер, борбордук бийлик, автоунаа клубдары жана Евро-6 стандартына туура келбеген дизель унаасы бар 11 млн айдоочу бул тыюудан качуу жолдорун караштырып кирди.

Гамбург ушул жазда тыюу салчудай

Дизель унаалардын түтүнүндөгү азот кычкылынын (NOx) жүйөлүү ченеми Германияда 1999-жылы эле киргизилген. Бирок аны сактоонун жеткиликтүү чаралары каралган эмес. Натыйжада өлкөнүн 70тей шаарында бул ченемдер кармалбай келет. Айрыкча Мюнхен, Штутгарт менен Кёльндун абалы оор. Берлин, Дортмунд, Дюссельдорф, Эссен, Майндагы Франкфурт, Майнц, Мангейм, Нюрнберг менен Гамбург да көйөгөйлүү шаарларга кирет.

Гамбургду социал-демократтар менен “жашылдар” башкарат. Сот чечими чыгаары менен Айлана чөйрөнү коргоо боюнча “жашыл” сенатор шаардын эң түтүндүү эки ири көчөсүнөн жүк ташуучу жана дизель унаалардын өтүүсүнө тыюу салууну убадалады. “Буга тиешелүү жол белгилерин керек болсо бүгүн жасатып, бир-эки жумада орното салабыз”, - деди ал.

Немис борборун социал-демократтар, коммунисттер жана “жашылдар” башкарат. Бирок шаардын коомдук транспорту менен экологиясына жоопкер, бирок бир да партияга кирбеген Регине Гюнтер тыюу салууга шашылган жок. Ал NOx газын башка жолдор менен азайта албай калганда гана мындай кадамга барууга болот деген ойдо.

Борбор шаардын бийлигинин дизелге каршы чаралары

Кандай чаралар? Мисалы, унаа жыш жүргөн кээ бир чоң көчөлөрдө ылдамдыкты 30 чакырым/саатка азайтуу жана светофорлорду “акылдуу” башкаруу аркылуу. Мындай чаралар унаалардын жумшак жана токтобой жүрүүсүн камсыздап, кызыл жарык өчкөндөн кийин ордунан жылганда газды катуу тээп, эң уулуу түтүн чыгаруунун кереги жок болуп калат. Бул ыкма апрелден баштап Leipziger, Potsdamer, Haupt-Kantstraße жана Tempelhofer Damm көчөлөрүндө сыналмакчы.

Берлинде электр кубаты менен жүргөн шаардык автобустар да пайда болду. Бирок алар азырынча саналуу эле. Немис коомдук унаа паркында 35 миң автобус болсо, алардын 500ү гана толук электрлешкен. Алар адаттагы автобустардан эки эсе кымбат. Бирок абал жакында өзгөрүшү мүмкүн.

Февраль айынын этегинде Еврокомиссия (Европанын орток өкмөтү) Германия өкмөтүнө электр автобустарды сатып алууга жана электр заправкаларды орнотууга уруксат берди. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча федералдык министрлик буга 35 млн евро чегерип, шаарлардын экологиялык таза коомдук транспорт сатып алууга жумшаган 80 пайыз чыгымын жаап бермекчи.

Ылдамдыкты азайтуу менен электр автобустары дизель моторлорун тазартып жибербейт, бирок бул чаралар NOx газын мүмкүн болгон ченемге чейин түшүрсө, тыюунун кереги жок болуп калат.

Техниканы жаңыртуу мүмкүндүгү

Бул тыюуну айланып өтүүнүн экинчи жолу – Евро-6 нормаларына жооп бербеген дизель унааларын жаңыртуу. Бирок алардын баарын кайра жасап чыгуу мүмкүн эмес. 2009-жылга чейин чыгарылып, катуу кетсе Евро-4 стандартына жооп берген дизель унааларды түтүнүн жетишээрлик тазалагандай жабдып чыгуу мүмкүн эмес. Мүмкүн болгон учурда да мындай кошумча тетиктер унаанын өзүнөн кымбат болуп кетет.

2009-2016-жылдар арасы чыккан (Евро-5) унааларды өзгөртүү жеңилирээк. Бир эсеп боюнча түтүндү тазартуучу жабдык орнотууга 2500-5000 евро кетет. Арзаныраак жолун тапкандар миң еврого да бүтүрсө болот дейт.

Германиядагы дизель унаалардын 39 пайызы Евро-5 стандартына туура келет. Дал ушулар немис шаарларын эң көп булгашат. Анткени ошол жылдары түтүндө CO2 газын азайтабыз деген немис унаа өндүрүүчүлөрү майды аз ичкен кыймылдаткыч чыгарууда жарышкан. Унаалар мурунку күчүн жоготпошу үчүн улам кууш цилиндрлер менен жабдылып, түтүндө NOx газы көбөйгөн.

Аброю түшкөн дизель

2015-жылга чейин дизель унаалар жакшы алынган. Audi, Daimler менен BMW саткан унаанын 60-80 пайызы дизель моторлуу болгон. Бирок кийин “дизельгейт” башталып кетип, ишенимдүү, үнөмдүү, чыдамдуу жана күчтүү кыймылдаткычтардын аброю түшүп кеткен. Аларды сатуу да дароо төмөндөгөн.

Былтыр 2017-жылы Германияда сатылган жаңы унаанын оноонун төртү гана дизель болгон. Дизель унаалардын немис автопаркындагы жалпы үлүшү былтыр эле 45тен 35%га төмөндөгөн. Porsche мындай унааларды өндүрүүдөн толугу менен баш тартмакчы, Panamera модели азыртадан эле бензин же гибрид гана мотор менен чыгарыла баштады.

Эгер дизель унаалардын үлүшү дагы түшүп кете бергендей болсо, абадагы NOx газы мүмкүн болгон ченемге чейин азайып кетмекчи. Анда тыюунун кереги жок болуп калат. Маселе ошондой чечилчүүдөй көрүнөт.

Электр унааларынын доору

Федералдык административдик соттун чечими менен ЖМКдагы ызы-чуудан чочуган немис айдоочулары жапырт дизель унаалардан кутулуп бензин менен жүргөн машиналарга минмекчи. Бирок муну да туура чечим деш кыйын.

Бензин кыймылдаткычтын түтүнүндө СО2 менен уулуу чаң өтө көп. Алардын абада көбөйүүсү кайра эле тыюу салууларга алып келет.

Мындан сырткары Еврокомиссия унаа өндүрүүчүлөр чыгарган бензин унааларынын СО2 газынын жалпы көлөмү белгилүү бир чектен өтүүсүнө тыюу салды. Бул норма дизель унаалары көп болгондуктан гана сакталып келет. Бул ченемди бузуу өлкөлөргө көптөгөн миллиарддык айып пул салууга алып келет.

Немис авто өндүрүүчү менен айдоочулардын качканга бир эле жолу калды өңдөнөт. Толугу менен түтүнсүз унаага өтүү. “Автоиндустрия тарыхындагы эң ири булулушка ойлогон мөөнөтүнөн да эрте жетип келди окшойт, - дейт Süddeutsche Zeitung гезитинин автору, - электр унаалары болсо эң тез жана көп сатылганы турат”.

Deutsche Welle, Германия