Ара жолдогу мамлекет

Түштүк Африка жана Зимбабве. Бир киши өнүккөн мамлекетин канча убакытта ойрон кыла алат?

10 марта 2018 г. 15:36 1619

Түштүк Африкада иштер туура нукта кетип аткансыйт.

Жакында ак түштүкафрикалыктар жерсиз калат, анткени парламент ошондой добуш берди. Бул сунушту ашкере марксисттик оппозициячыл лидер Жулиус Малема киргизген. Актарга тиешелүү жерлерди акча төлөбөстөн тартып алуу үчүн конституцияга өзгөртүү кириши мүмкүн.

Өткөн шейшембидеги добуш берүүдө бул демилгени 241 эл өкүлү колдоп, 83ү каршы чыккан. Жерлерди тартып алуу үчүн күрөш жаңы президент Сирила Рамапосанын негизги иши болуп калды. Ал февралда бул макамда Жейкоб Зуманын алмаштырган.

Малема “элдешүү доору бүтүп, адилеттүүлүк заманы башталды” деп жар салды.

Марксист лидер жерлерди акча төлөбөстөн тартып алууга мурунтан эле киришкен. 2016-жылы ал журналисттерге “актарды чекесинен кырууга чакырбайм, жок дегенде азырынча” деп айткан.

Ооба, “азырынча”.

Эгер сен ак түштүкафрикалык болсоң зээниңе бекем түйүп ал.

Мындан сырткары Малема тартып алынган жерлер ынды караларга берилбейт, ага ...мамлекет ээлик кылат деген.

Апартеид деп аталган ынды караларды басмырлаган доордон кийин жерди тартып алууга тыюу салынган. Бирок Африкалык улуттук конгресс (АУК) жана башка партиялар конституцияга өзгөртүү киргизмекчи. Бул үчүн бир нече бюрократиялык тосоттордон өтүү керек, бирок ынды каралар партияларынын добушу буга жетиштүү.

Түштүк Африка республикасында (ТАР) жер реформасы керек экенине эч кандай күмөн жок. Тарыхты караганда эле мунун зарыл экенин түшүнөсүң.

Бирок аны менен бирге Роберт Мугабе доорундагы Зимбабвенин тарыхына да көз чаптыруу пайдалуу болмок. Ал 1980-жылы жарандык согуштан кийин бийликке келип, азчылыктын бийлигине чекит койгон. Саманта Пауэр Мугабе жөнүндө “Атлантик” журналына төмөндөгүдөй жазган:

Африканын эң өнүккөн мамлекети катары Зимбабвенин келечеги кең болчу. Анын Виктория шаркыратмасы дүйнөнүн жети кереметинин бири. Тегереги түркүн өсүмдүк жана айбанаттарга бай Замбези дайрасынын бирде буркан-шаркан, бирде жай акканы көздүн жуусун алат. Анын бай жана семиз топурагы континенттин кызганычын арттырчу. Деңизге чыккан жери жок болбсо да Зимбабве ырааттуу өнүгүп бара жаткан. Асфальтталган жолдор, төрт аэропорт пайда болуп, Мугабенин демилгеси менен кеңири жана толук билим берүү системасы түзүлгөн. Ал актар экономиканын кыймылдаткычы экенин түшүнгөн, ошондуктан кылдат саясат жүргүзгөн. Актар “Боб аксакал” деп тергешкен Мугабе сабырдуу болуп, биримдикке чакырган. Өлкө боштондукка чыгаар алдында ал: “Актар караларга карышы болобу же каралар актарга кылабы, жамандык жамандык бойдон калат”, - деген. Актардын лидери Ян Смитти жылуу жана бир-тууганча кабыл алып, “Африканын берметин” мураска алганын айтып, аны сактап калуу убадасын берген.

Анан эмне болду? Пауэр айым минтип улантат:

1997-жылы экономикасы Африкада эң ыкчам өскөн. Азыр эң ыкчам төмөндөп бара жатат. Кайсыл бир убакта Зимбабве жүгөрү, кебез, уй этин, тамекини, роза жана кант камышын экспорттоочу. Азыр өлкөдөн он миңдеп качкан билимдүү адисттер гана экспорттолуп калды. Зимбабведе Африканын эң берекелүү топурактары бар болгону менен анын мектептеринде курсактары боюнда бар аялдындай тарсайган окуучу көп. Себеп – аз тамактануу.

Африканын бакубат мамлекети эмне себептен мынча жакырланып, жок болуу алдында турат? Себеби 79 жаштагы Роберт Мугабеде (Саманта ал жөнүндө жаганда ошол куракта болчу, азыр 94тө). Анын кадамдарынан мамлекетти кантип талкалаш керек деген колдонмо жазса болот. Аныкына окшош усулдар башка бактысыз өлкөлөрдө да колдонулуп келет. Бирок анын он кадамдык концепциясы башка заалымдардыкына караганда эң ашкере жана эң кеңири. Зимбабвенин мисалы ойго салат. Бул өлкө акмактык жана арамдыкты алдын алууда бийликтин отчёт берүүсү канчалык маанилүү экенин даана көрсөткөн. Ал башка улуттун оозун карап көнгөн элди узак мөөнөт тай-тайлап жетектөө керек экенин ашкерелеп турат. Өнүккөн демократиясы бар батыш мамлекеттердин таасири аз, африкалык лидерлер болсо бири-бирин сындагысы келбейт. Бир адам кыска мөөнөттө канчалык зыян алып келе алаарын Зимбабвенин мисалы жакшы көрсөтүп турат.

Эми кайра жерге түшөлү.

2000-жылы төрт миң ири ферма Зимбабвенин 70% айдоо талааларын ээлешкен. Фермердин үчтөн экиси жерлерин көз карандысыздыктан кийин сатып алышкан. Башкача айтканда, алар Ян Смиттин же британ колониалдык режиминин буйругу эмес, Мугабе өкмөтүнүн токтому менен алышкан. Мугабе жер реформасын мурунтан эле убадалап келген. Ал ири фермаларды жок кылып, жерди ынды кара дыйкандарга бермекчи болгон. Бирок бул аракетин 20 жыл кечиктирип, фермаларды “сатуучу жана алуучунун ыраазылыгы” менен гана тартып алып келген.

Мугабе жер реформасын 2000-жылы референдумда терс натыйжа алганда тездетүүнү чечкен. Ооба медианы, мектептерди, полистерди, армияны көзөмөлдөгөнүнө карабай Мугабенин бийлигин күчтөндүргөн конституцияны калк четке каккан. Зимбабведе Демократиялык реформалар үчүн кыймылы пайда болгон. Коомдук уюм, кесиптик биримдиктер, реформачылардан турган бул коалиция конституция менен саясий партияларды реформалоого чакырган. Бул кыймылдын күчтөнүүсү менен референдумунун ийгиликсиздигине Мугабе актар менен алардын фермаларында иштеген дыйкандарды (алар калктын 15%ы эле болгонуна карабай) күнөөлөгөн.

Ошондуктан Мугабе киши түсү менен жерди көзүр катары колдонгон. “Көчмөн актар бизге бир тыйын бербей жерибизди алып койгандуктан, биз аларга да эч нерсе бербей туруп жерди тартып алсак болот”, - деген ал. Референдумдан жеңилген Мугабе “жаңы боштондук согушун” жарыялап, өлкө боюнча жерлерди кайра тартып ала баштаган.

Натыйжада:

Фермаларды ынды кара башкаруучу менен дыйкандарга беришкен жок. Оппозиция менен байланышы бар делген миллиондон ашык дыйкан үй бүлөлөрү менен бирге өз жеринен айдалып, ачарчылыкка кабылган. Жерди басып алуудан бийликтеги партиянын аткаминерлери менен президенттин достору утту. Мугабенин адамдары фермага ээлик кылууну жогору абройдун көрсөткүчү катары карап калган. Ички иштер министринин беш ири фермасы бар, маалымат министриники үч, Мугабенин жаш аялынын, таасирлүү партиялаштары менен бир-туугандарыныкы экиден. Бирок бул жаңы элитанын жер иштетүү тажрыйбасы, техникасы, чындап келгенде каалоосу деле жок. 130 миңге жакын жери жок дыйкан фермаларды тартып алууда бийликке жардамдашты. Бирок кечмеликтен өткөн соң алардын көбү да жакшы жерлерден сүрүлүп чыгарылууда.

Айыл чырба өндүрүмүнүн төмөндөгөнү таң калтырат. 2000-жылга чейин жүгөрүнүн түшүмү жылына бир жарым миллион тонна болсо, быйыл 500 тоннага жетпей калган. Буудай 309 миң тонна болсо, быйыл 27 миң болгон. Тамеки 2000-жылы 265 тонна чогултулуп, валютанын үчтөн бирин берсе, 2003-жылы 66 миң тоннага түшкөн.

Бул окуялар Түштүк Африкада кайталанмакчы. Кылмыштуулук менен туруксуздуктан чочулаган актар күн мурунтан өлкөнү таштап кетип жатышат. Бул ТАРдын экономикалык келечегине балта чабууда.

Агенттиги ТАРдын борбору Кейптаунда жайгашкан миграция боюнча консультант Эмма Уолдорф кетем дегендер күн санап өсүүдө дейт. Кишилер көбүнчөсүн Австралия, Канада, Британия, Ирландия жана АКШга көчүүдө.

“Бизге түшкөн талаптар ай сайын өсүп баратканы даана байкалат. Бирок бардык талапкер эле чет өлкөгө чыгып кете албайт, алар ал жактан жумуш табуусу шарт. Бир гана актар эмес, ынды каралар, башка түстөгүлөр жана индиялыктар да көчүп кетүүдө”, - дейт Уолдорф.

Эмма айымдын айтымында көбүнчөсүн тажрыйбалуу адистер, соодагерлер, ишкерлер жана компаниялардын күчтүү кесипкөйлөрү кетүүдө. “Биз адистешкен кадрларды өтө тез жоготуп бара жатабыз. Эгер Түштүк Африка экономикасын жандантам десе, чет элдик жумушчу алышы керек, аларга түштүкафрикалыктар кандай караарын баарыбыз билебиз”, - деп кошумчалайт ал.

Адистешкен кесипкөйлөр, тажрыйбалуу фермерлер. Алардын баарына Түштүк Африка өзү муктаж. Аны Зимбабве үлгүсү күтүп турат, демек келечеги бүдөмүк. Эгер Жулиус Малеманы эч ким тоспосо, актар жер гана эмес керт башынан да ажырашы мүмкүн.

Род Дреер, The American Conservative, АКШ