Борбор Азия

Мирзиёев менен Рахмондун жолугушуусу: өзбек президенти Борбор Азияны бириктире алабы

10 марта 2018 г. 10:39 2564

Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери эки өлкөнүн мамилесин солгундаткан бир нече маселени чечүүлөрү зарыл. Бул жолугушуудан көп нерсе күтсө болобу?

9-мартта башталган эки күндүк зыярат тууралуу Берлиндеги Чыгышевропалык жана дүйнөлүк изилдөө борборунун кызматкери (ZOiS) Беате Эшмент: “Эгер Өзбекстандын президентинин Дүйшөмбүгө барганын эки жыл мурунку абал менен салыштырсак, анын канчалык акылга сыйбаган окуя экени даана билинмек” – деген жорум айтты. Анткени Ислам Каримовдун доорунда эки мамлекеттин алакасы бүгүн-эртең согуш чыгып кетчүдөй курчуп турган.

Зыяраттын үч максатынын кайсынысы маанилүрөөк?

Жаңы өзбек президенти келээри менен абал дароо өзгөрдү. Ал Тажикстан гана эмес башка коңшулары менен да мамилесин оңдоого киришти. “Акыркы апталарда мурунку жылдары катуу запкы чеккен эки өлкөнүн алакасын президенттер тез оңдоп кетет үмүтүндө эки тарап тең Дүйшөмбүдөгү жолугушуу ийгиликтүү өтүшү үчүн чоң аракеттер көргөнү билинди. Өзбекстан менен Тажикстанды байланыштырган темир жолу жанданды. Бир нече чек ара өтмөгү ачылды”, - дейт Эмшент.

Чет элдик ЖМклардын баяндамачылары улуу конокту Дүйшөмбүдө элдин атынан кош келдиң деген миңдеген мектеп окуучулардан баштап чек аранын талаш аймактарына байланыштуу маселелердеги жылышты, энергетика тармагындагы соода-экономикалык алаканын жанданышы сыяктуу өзгөрүүлөрдү айтышууда.

Бул көптөгөн жышаан арасында негизкиси үчөө. Алар: Ташкент 2001-жылы киргизген катуу виза көзөмөлүн жеңилдетүү, эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан Фархад ГЭСке байланыштуу талашты жөнгө салуу жана килейген плотинасы бар Рогун ГЭС долбоорунун келечеги. Бул Эмомали Рахмон эң жакшы көргөн доолбор, бирок Ислам Каримов ага толугу менен каршы болчу.

“Менин баамдаганымча, калк үчүн виза режиминин жеңилдегени өтө маанилүү. Ансыз жаңы чек ара өтмөктөрүнүн ачылганы да маанисиз болуп калат”, - деген ойдо Беате Эшмент (P.S. Кечээ эки президент 16 чек ара өтмөгү ачылуусу жана визаны жокко чыгаруу макулдашуусуна кол коюшту). Эки тарап тең ээлегиси келген Фархад ГЭСи менен анын суу сактагычы тууралуу да күтүүлөр бар. ЖМКлар эки президент ГЭСтин буга чейинкидей эле Өзбекстандын карамагында калып, бирок ГЭС менен суу сактагычы жайгашкан аймакты тажиктики деп, Тажикстан тарабынан корулушуна кол койсо болот дешет.

Рогун ГЭСине ортоктош Өзбекстан

Бирок ташкенттик саясат таануучу Юрий Черногаев жакынкы арада аймактагы бардык талаштар дароо чечилет дештен алыс болуу керек дейт. Эки тараптык чегинүүдөн кесепет чеккен топтордун кызыкчылыктары кандай эсепке алынат деген майда маселелер көп нерсени чечет. “Азырынча баары бир ар ким өз көмөчүнө күл тартат. Окшош көйгөйлөрү бар кыргыз-өзбек чек арасындагы жакындагы мүчүлүштүктөр буга далил. Албетте Ташкент менен Дүйшөмбү ортосундагы кайым айтышуулар аркада калды, бирок бардык көйгөйдү бекем кол кысышып коюу менен гана чече албайсың”, - деп эсептейт Черногаев.

Дүйшөмбү менен Ташкенттин алакасын уулантып келген Рогун долбооруна келсек, политологдун айтымында, Мирзиёевдин мамилеси Каримовдукунан толугу менен башкача. Жаңы президентин командасы Өзбекстан бир нече шарт менен Рогун ГЭСине ортоктош да болушу мүмкүн экенин айтат.

“Ташкент долбоор тууралуу сүйлөшүүдө сезимге алдыруудан баш тартты, ошондуктан иш нугуна түшөт. Эгер Өзбекстан каржылоого катышса, долбоордун техникалык тарабына таасир бере алат. Бул ишкердик мамиле. Албетте, Рогун Ташкенттин көңүлүнө толук отурду деп айта албайсың”, - дейт Беате Эшмент.

Ислам Каримов үлгүсү жана жаңы президенттин башкача аракети

Юрий Черногаев президенттер жолукканда долбоорду сөзсүз сүйлөшүп, бул ГЭСтин айынан чыккан араздашуу күчүнөн кетет деген ойдо. Айрыкча Ташкент курулуштун биринчи баскычы ийгиликтүү болгону менен Дүйшөмбүнүн бул долбоорго каражаты жетээрине арсар. Каржы катаалдыгы Өзбекстандын айткандарына кулак салдырат дейт саясат таануучу.

Бирок ачуусун мээримге алмаштырган коңшунун кызыкчылыгын Дүйшөмбү эске алабы? “Менин оюмча, Тажикстан Рогунду курууну улантат жана Эмомали Рахмонго Өзбекстандын каршылыгы өтмүштө калган сыяктуу көрүнүшү мүмкүн”, - дейт Беате Эшмент.

Эксперт айым жалпысынын алганда, тажик лидери жылдап калыптанып калган жетектөө адатын өзгөртүшү кыйын деген ойдо. “Эмомали Рахмон коңшулар менен мамиледе, менин баамымда, өзүнүн элдешкис душманы Ислам Каримовду үлгү катары карманат. Ошондуктан Шевкат Мирзиёев сунуштап жаткан ачык саясатка айкалышып кетиши кыйын. Ал Өзбекстан менен жаңы алакалардын өзгөчөлүгүн толук баамдай албайт”, - деп кошумчалады ZoiSтун эксперти.

Ошону менен бирге Өзбекстан күчтүү өнөктөш, ошондуктан Эмомали Рахмон эртең же бүрсүгүнү болобу өзгөрүүсү шарт, деп оюн улайт эксперт айым. Анткени сөз келечекте Дүйшөмбү көп нерсе сунуштай албаган экономика тарапка оойт. “Маселе Тажикстан президентинин бул көйгөйдү кантип чечээрине байланыштуу”, - деп баса белгилейт Беате Эшмент.

Тажикстанда өзбектердин экономикалык үстөмдүгү коркунучу барбы?

Өзбек жетекчилиги Өзбекстанга багытталган тажик бизнесин 100 млн доллар менен колдоону сунуштаганы кызык болду. Тажикстанда бул кадам "алсызыраак тажик ишкерлеринин айласын кетирип койчу өзбек экономикалык баскынчылыгы эмеспи" деген чочулоолор угула баштады.

Беате Эшменттин ою боюнча эгер реформалар уланса, Өзбекстандын каржы ресурстары бир нече жыл өтпөй бир топ жогорулайт. Натыйжада Ташкенттин Тажикстандагы узак мөөнөттүк долбоорлорго кирүү мүмкүнчүлүгү артат. “Тажик элитасы муну эске алышы керек. Кызыктуусу, чек аралар ачылаары менен эки тарапта тең базарлар ачылып кетти. Калк пайда болгон мүмкүндүктү дароо колдонуп кирди”, - дейт немис эксперти.

Борбор Азиядагы жаңы биригүү

Шавкат Мирзиёев өзү демилгелеген, Казакстанда өтчү Борбор Азия лидерлеринин саммитин тажик макамдашы менен сүйлөшөт болуш керек. Ташкент региондун гана мамлекеттери кирген түзүмгө аракет кылуудабы? Анткени Өзбекстандын президенти 2017-жылы ноябрда бул мамлекеттердин башчыларынын Макулдашуу кеңешин түзүү демилгесин көтөргөн.

“Региондогу лидердик үчүн Казакстан менен Өзбекстандын атаандаштыгы күчөдү. Саммитти өз атаандашыңдын үйүндө өткөрүүнү сунуштоо аркылуу аны бул долбоор менен макул болуп, бирикмелеш кылуу Ташкенттин терең акыл калчаган кадамы. Эгер бул демилге ишке ашса, Тажикстан менен Кыргызстан ага кошулууга мажбур болушат”, - дейт Беате Эшмент.

Юрий Черногаев башкача көз карашта. Анын баамында Дүйшөмбүдө жаңы регионалдык уюм түзүү тууралуу кеп болбойт. Анткени бул маселеде жаңы президенттин командасы эки тараптуу мамилелер менен чектелүү деген Каримовдун оюн карманат. “Советтен кийинки доордогу биригүү долбоорлорунун ойрондолушу эч кимдин эсинен кете элек. Андан сырткары региондун мамлекеттеринин стратегиялык кайчы пикирлери бар”, - деп жыйынтыктады ташкенттик саясат таануучу.

Deutsche Welle, Борбор Азия