Кытай/Индия

​Индия эки өлкө менен бирдей согушууга даяр болушу керек

7 марта 2018 г. 10:46 2013

Индия армиясынын генералдык штабынын башкаруучусу Бипин Рават куралдуу күчтөр эки тараптуу согушка даяр болушу керек деп билдирди. Батыш согуш-деңиздик күчтөрүн жетектеген Суриндер Пал Сингх бир убакта эки тарап менен бирдей согушуу оор болот дейт

“Келечектин чөйрөсызыктары жана согуштун мүнөздүү багыттары” аттуу семинарда сөз алган генерал Рават эки тараптуу согуш ыктымалын айтып, Исламабад бейрасмий куралдуу топторду тымызын колдонуп, Индияга каршы согушуп келгендиктен Пакистан менен түшүнбөстүк улана берчүдөй көрүнөт деген оюн айткан. Кытай болсо территориялык дооматтарынан баш тартчудай эмес, ошондуктан абал курчуп, ачык кагылышуу болуп кетиши мүмкүн деди.

Кагылышуу белгилүү бир аймактын чегинде калабы же чек ара бою жайылып кетеби, аны убакыт көрсөтөт. Кандай болбосун, согуш ыктымалы бар, ошондуктан Индия пакистан жана кытай тараптагы согушка бирдей даяр турганы абзел. Рават Исламад колдогон бейрасмий куралдуу топторго согуш ачууга жана Кытайдын индиялык аймактарга коркунуч туудурган баскынчылык саясатына каршы күрөшүүгө чакырды десе болот. Мындай каршылашуу акыр-аягы эки азиаттык дөөнү ачык кармашууга алып бармакчы.

Бул ойдун баары коргоо министри Субхаш Бхамренин: “Кытай менен чектешкен жерлерде абал оор. Чек араны кыдыруу маалында жагымсыз окуялар, чек аралар ортосунда баскынчылык катталып, тирешүү курчуп кетчү мүнөздөнөт”, - деген сөздөрү менен үндөшөт.

Пенжаб университети уюштурган конференцияда сөз алган Батыш согуш-деңиздик күчтөрдүн башкаруучусу Суриндер Пал Сингх да эки тараптуу согуш болуп кетпешине эч ким кепил боло албайт деди. Аскер башчылардын баары эки фронтко бирдей согушуу оор болоорун моюндашкан.

Суриндер Сингх Пакистанга таасир берүү үчүн Кытай менен мамилени жакшыртуу керектигин да айтты. Бул жакшы болмок. Бирок кытай-пакистандык мамилелердин тыгыздыгын эске алганда, мындай ой ишке ашаары арсар. Сингх буга чейинки индия-кытайлык согуштук машыгуудан кийин мамилелерди тереңдетүү аракетин аскердик дипломатия улантпай койгонун айт кетти.

Мындан бир аз убакыт мурун кытай-индиялык алакаларга мүнөздөмө берген ички иштер министри Ражнатх Сингх эки мамлекеттин мамилеси жакшы деген. Чек арада кандайдыр бир маселе чыкса, сүйлөшүү менен чечилет деп жооткоткон.

Башка жагынан караганда Пакистан бара-бара Кытайдын бир аймагына айланып бара жаткансыйт. Муну кытай-пакистандык экономикалык алакалар менен Пекиндин “Бир кырчоо – бир жол” демилгеси шарттап келет. Мындай мүмкүнчүлүктү да эстен чыгарбоо керек.

Пакистан менен талашка түшкөн индиялык Жамму жана Кашмир штаттарына Кытайдын армиясынын кирип баруу ыктымалын кытайлык ЖМКлар жазып баштады. Мындан сырткары Индиянын түндүк-чыгыш аймактарын туруксуздаштырып, аларды Кытайга бөлүп кетүү жөнүндө да айтылууда. Жалпысынан алганда Кытай менен Пакистан Индияга ар тарабынан коркунуч салган бирдиктүү саясатты көздөп келет.

Кытай аймак каратып алууга маш. Башында ал тигил же бул жер тартыш деп билдирип, андан кийин кытай карамагына кирди деп жар салып басып алат. Пекин менен Делинин мамилелери ушундай сценарий менен кетиши мүмкүн. Айрыкча бул Кытай “Түштүк Тибет” деп атап алган Аруначал-Прадеш штаты үчүн коркунучтуу. Араздашуу болуп кетсе, Кытай, албетте, жоопкерчиликти Индияга төңкөй салат.

Кытай эл республикасы мындай аракеттерге же 2018, же 2019-жылы, Индиядагы жалпы шайлоого чейин киришүүсү мүмкүн. Кытай менен Пакистан индиялык премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтүнүн бекемдешине эч качан жылуу карашкан эмес. Ошондуктан туруксуздукка алып барчу стратегиялык тирешүү ыктымалы күч.

Индия эки тараптуу согушка даяр болуусу керек. Куралдуу күчтөрдү даяр кармап, чек араны бекемдөөсү зарыл.

Мындан сырткары индиялык өкмөт бирдиктүү көзөмөлдөө желесин түзүүсү зарыл. Космостук изилдөө мекемеси Кытай менен чектешкен аймактарды күнү-түнү карап турууга багытталган бир нече чакан спутник учуруусу керек. Өкмөт чек ара көзөмөлүн борборлоштуруусу шарт. Булар индия өкмөтү ишке ашыруусу керек болгон эң зарыл стратегиялык максаттар.

Пракаш Каточ, Asia Times, Индия