Орусия

​Америка – Орусия – Кытай. Тирешкендердин кимиси биринчи урап түшөт

6 марта 2018 г. 17:55 1293

Владимир Путин АКШнын президенттик шайлоосуна кийлигишүүгө уруксат берээрде кандай логикага таянган? Батыш тараптан караганда орус президентинин аракети кооптуу да, акылга сыйгыс да көрүнөт.

Бирок орус тарыхынын ичине көз чаптырганда, чет мамлекеттин чалгындоо операциясы каршылаштын саясий системасын уратканы жаңы нерсе эмес. Путин буга чейин берилип кызмат өтөгөн Советтер Союзу дал ушундай операция аркылуу түптөлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Германия менен тынчтык орнотууну каалаган Владимир Лениндин Орусияга кайтып келүүсүнө немистер көмөктөшкөн. Алар падышалык режимди ичинен уратып, Орусияны согуштан чыгарууну көздөшкөн. Бул аракет ийгиликтүү аяктаган.

Жүз жылдан кийин Путин Дональд Трамптын шайлоо кампаниясын колдоду. Анын максаты Ленинди колдогон немистердин оюнан анча узаган эмес. Орусиялык президент 2014-жылы Крымды кошуп алгандан кийинки киргизилген санкциялардан өлкөсүн бошоткусу келет. Ал өз зээнинде батыштын Орусияга каршы саясатын Хиллари Клинтон менен бириктирип алган. Трамп Орусия менен жакындашууга үндөп жатканын билген.

Лениндин окуясынан сырткары тарыхтан алынчу дагы бир сабак бар болчу. Ал Советтер Союзунун түптөлүшү эмес, ураганына байланыштуу. Кансыз согуш доорунда совет блогу менен Батыш согуш майданына даярданышкан. Аны Борбордук Европанын талаасындагы танктар согушу же планетаны жок кылчу өзөктүк соккулар сыяктуу элестетишкен. Натыйжада бир да ок атылбастан бири жеңишке жетип, экинчиси утулулду. Совет системасы ичинен урап түштү. Негизги артыкчылык тараптардын куралдуу күчү эмес, өлкөнүн ички туруктуулугу болду.

Ошондуктан АКШ менен Орусиянынбы же Кытай менен Евробиримдиктин ортосундабы, XXI кылымдагы дүйнөлүк бийлик үчүн күрөштө утуп чыгуу сырткы кубатка эмес, ички бекемдикке байланыштуу болот.

Бул убакка чейин мындай атаандашууда АКШ жеңээринен күмөн санабай эле койсок болмок. Анткени Батыштын жеңилгис күчү демократия жана күчтүү экономикага таянган бийликтин легитимдиги менен саясий туруктуулукка негизделген. Буга байланыштуу АКШнын мурунку президентеринин бири Рональд Рейгандын “Эркиндик иштеп жатат” деп маашырканып айткан сөзү бар.

Бирок Трамп доорунда америкалык система каршылаштардын системасына караганда туруктуу бойдон кала бермекчи деп айта албай калдык. Ички саясий тирешүү ушунчалык курчугандыктан “Нью-Йоркер” жана “Форин полиси” сыяктуу америкалык абройлуу басылмаларда АКШда экинчи жарандык согуштун ыктымалы жөнүндө макалалар чыга баштады. Бул ыктымалды “Форин полисинин” 35% эксперти тастыктаган.

АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнө Орусия эки жүйөө келтирип келет: биринчиден, башка мамлекеттердин жакпай калган өкмөттөрүн төңкөрүү боюнча Вашингтондун көптөгөн аракеттерине Москва өзүнө жараша жооп берип жатат; экинчиден, айлык бюджети 1,25 млн долларлык орусиялык тымызын операция кендирин кесип жиберип жатса, америкалык демократия аянычтуу абалда экен да.

Бул эки аргументтин тең акыйкат тараптары бар. 2000 жана 2016-жылдары аз добуш алган талапкердин АКШда президенттикке келишине жол ачкан америкалык системаны жакшы деп айта албайсың.

Бирок кансыз согуштун дагы бир сабагы бар. Американын ачыктыгы, анын көйгөйлөрүн ашкерелеп турат. Тескерисинче, катуу көзөмөлдөнүп, дарты сыртка билинбеген советтик система экономикалык жана техникалык жактан өсүп бара жаткандай көрүнчү. Ошондуктан ал кезде Батыштын кемчилиги апыртылып, советтердин алсыздыгы көмүскөдө калган.

Азыр да ошондой көрүнүш кайталангансыйт. Трамптын Америкасынын системдүү кризисин жашыра албайсың. Бирок анын каршылаштарынын ички дарттары мындан да оор болушу мүмкүн. Алар калың теринин алдынан көрүнбөшү ыктымал.

Көмүскө көйгөй дегенде Кытай да эске түшөт. Ал азыр Орусияга караганда АКШнын чыныгы атаандашы. Заманбап Кытай дүйнөгө таасирдүү жагын салып отуруп алган. Бирок анын ичиндеги чыныгы көйгөйлөргө тиешелүү коомдук дискуссияны атайлап басып жатканын эстен чыгарбоо керек. Алар Синьцзян менен Тибеттеги регионалдык чыңалуудан баштап, каржы системасынын туруксуздугуна чейин узайт. Коммунисттик партия президенттик мөөнөттөрдү чектебей, Си Цзиньпиндин бийлигин узарткана жатат деген кабар, бир партиялык башкаруу жеке бийликке өтөт дегендик. Мындай усул Кытай тарыхында жакшылыкка алып келбегенин билебиз.

Путин да келерки аптада катардагы жасалма шайлоосун утуп алмакчы. Бирок анын Орусияны дүйнөлүк дөөлөткө айлантуу аракетин Советтер Союзунан жуккан оорулары кулатышы мүмкүн. Ал Москванын глобалдык дымагына дал келбеген өтө чакан жана чабал экономикасы. Андан сырткары Кытайдын да, Орусиянын да демографиялык көйгөйлөрү курч.

Путин Орусиянын ички ооруларын билет. Бирок ал АКШнын ири көйгөйлөрүн да эсинен чыгарбайт. Ошондуктан орус президенти кээ бир стратегдер “акыркы каарман” деп атаган стратегияны карманат. Путин кооптуу максат койгон: Орусия ички ооруларынан улам кулап, анын бийлигин басып жыгылганга чейин Батыштын алсыз тараптарын колдонуп, аны кулатмакчы.

Гидеон Рахман, Financial Times, Британия