Батыш

​Батышты согуш эмес, абийирсиздик жыгат. Питирим Сорокинге кайтуу

6 марта 2018 г. 16:58 614

Буга чейин кол тийгис сыяктуу көрүнгөн Америка менен Батыштын коомдук тартиби жакындан бери кыйрай баштады. Биз өзүмчүл маскарапозду президент шайлап алдык. Леди Гага “Супербоулдун” 117 миллиондук көрөрманынын оозун ачырды. Биздин доордун карикатурасы болгон бул кишилер ондогон жылдар мурун бир нече жазуучу жана дүрбөгөн академиктен башка эч кимдин оюна да келмек эмес.

Андай академиктердин бири Питирим Сорокин (1889-1968) болчу. Ал бул бузукулукту алдын ала көрүп, батыш коомуна анын терең сиңип кетээрин айткан. 1930-жылы Гаварддын социология факультетин негиздеген Сорокин ийгиликтүү коом бузулуп, урап түшүп “анын жеке жана топтук жүрүм-турумун башкарган адептик, адаттык жана башка баалуулуктарынын чиригенин” жазган. Азыкы доордон бир топ эле мурун жашаса да, ал теңирден тескери идеялар эмнеден улам акылдарды ээлеп, турмуш менен кыялдын ортосундагы чекти кантип жууп кетээрин түшүндүрөт.

Сорокиндин айтымында, ал кезде Батышта жашагандар коом эмне болуп жатканын аңдабаса да, маселе саясатка тиешелүү “байлык”, “демократия” жана “капитализмде” эмес экенин сезишчү. “Батыштык коом менен маданият тарыхындагы эң чоң кризистен өтүп жатат. Бул кризис адаттагыдан да олуттуу. Анын кеңдиги чексиз, качан бүтөөрү белгисиз, жана ал батыш коомунун бардыгына жайылды”, - дейт Сорокин 1937-жылы жарыкка чыккан “Социалдык жана маданий ырааттуулук” деген эмгегинде.

Сорокин санат менен мааракелер шоуга айланып, буга чейин ыйба көрсөтүлгөн нерселер товарга айланаарын алдын ала айткан. “Микеланжело менен Рембранттар самын менен устара, кир жуугуч машиналар менен вискинин бөтөлкөлөрүнүн сыртын кооздоп калат”, - деген.

Социологиянын биринчи карын жиреген, сезимталдыгы күчтүү Сорокин коом менен маданият кантип иштээрин билген. Орусияда 1889-жылы жакырчылыкта төрөлгөн, падыша убагында камалып, большевиктер келгенде куулган Сорокиндин темирдей эрки бар болчу. Ал Октябрь ыңкылабына чейин 1917-жылы Александр Керенскийге катчылык кылган. Теңдик маселеси менен башын оорутпаган адатчыл жаш окумуштуу академиялык карьерасы убагында социологиялык чөйрөдөгү маркстисттердин арасынан толгон токой душман тапкан. Кансыз согуш убагында Советтер Союзуна болгон күчү менен каршы чыккан. Гарвардда жалгызсыраган түшүнүксүз залкар атагып, кырк жылга жакын эмгектенген.

Буга карабастан аны 1965-жылы түзүлгөн Америкалык социологиялык ассоциациясынын президенти шайлашкан. Ал арам оюнун жоктугу жана кең пейилдиги менен буга чейинки катып калган пикирлерден жадаган академик социологдордун урматына ээ эле.

Футурист Герман Кан менен Гудзон институту Сорокиндин сезимпараст коом теориясына негиздеп “Эки миңинчи жыл” деген изилдөө чыгарышкан. Анда Кан: “Кээ бир окумуштуулар коомдун олуттуу бөлүгү өтө сезимпараст болуп кетсе, коом ээн баш болуп кетет деп эсептейт”, - деп жазган. Кан да, Сорокин да технологиялардын коомго кандай таасир берээрин билбегени менен, техникалык жаңылыктар мындай опурталдуу коомдун калаптануусун тездетээрин түшүнүшкөн.

Сорокин күчтүү божомол кылаарын замандаштары байкаган. Ал 1968-жылы дүйнө салганда, аябай белгилүү жана сый урматка бөлөнгөн киши эле, анын пикири тууралуу көп жазып, ой жүгүртүшкөн. Андан бери элесин чаң басты.

1920-жылдары жазган ыңкылап жана социалдык мобилдүүлүк жөнүндө тарыхка негизделген анализи Сорокиндин даңкын далайга тааныта баштаган. Орус революциясындагы жеке тажрыйбасына таянып, ыңкылаптын идеялары көбүнчөсүн ишке ашпайт деген бүтүмгө келген. Тескерисинче теңсиздик, жакырлык, кедейлик жана согуштар күчөп кетет. Адамзат таарыхындагы санаттык форма, мыйзам жана адептик системаларды талдап – сезимпарастык жана ыйыктык деген коомдук эки суперсистема тууралуу айланып келген маданият теориясын иштеп чыккан.

Ал боюнча батыш беш жүз жылдык өнүгүүсүнөн кийин коомдук башаламандыкка батып, “жаңы маданий кыйроого” учураган соң кишилердин тартип жана ойлонуп жашоого умтулуусу утуп, кыйроо сезимпарастыктан ыйыктуулкту жактаган коомго жол ачат деген. Башаламандык акыры тазаланууга алып барат деп ойлогон Сорокин.

Ыйыктуу коомдор ыйман, керемет жана сырды баалап, кайыпка жана абсолюттукка аракет кылат деген. Алар илим менен өнүгүүнү эмес диндарлыкты баалайт. Руханият менен материалдуулукту бекем айкалыштыра алчу исламдык коомго салыштырганда, Батыштын муну түшүнүүсү оор.

Сезимпарасттык коомдордо реалдуулук топуракка аралашкан. Мыйзам менен адаттар Кудай эмес, адамдар тарабынан түзүлгөн, ошондуктан тез өзгөрүп кете берет. Мындай коомдо бардык нерсе адамга карата бааланат. Байлык, жыргоо, бийлик, атак-даңк менен көңүл ачуу эң жогору бааланат.

Сезимпараст коомдор дүйөнү, таанылганды жана жаңылыкты баалайт. Анын көк тиреген имараттары, учактары, өзөктүк кубаты менен микротехнологиялары көзгө батып таң калтырат. Бирок өкмөт, билим, өндүрүш, технология менен каржы татаал системага, ирээтүүлүккө, адис жана эрежелерге муктаж. Жыйналган байлык менен эптеп жеткен ийгиликтер ушул жол менен гана сакталат.

Сорокин сезимпараст коомдор урап түшкөндө, ашкере индивидуалдуулук менен эркиндик көзөмөл менен жигердүүлүктү талкалайт деп баамдаган. Жаңы сезимдерге жана ыракатка батуу сезими эч нерсеге тойбойт. Эрежелер менен салттар өзүн көрсөтүүгө тоскоол болгондуктан урматталбай, шылдыңданып, талаш-тартышка түшөт. Зеригүү башаламандык менен ашкереликти азыктандырат. Буга чейин уят, кылмыштуу жана акылга сыйбаган деп бааланган нерселерге уруксат берилет.

Мындай убакта согуш, кылмыштуулук жана бузукулук күчөйт. Ашкере байлык менен абийирсиздик ага май төгөт. Башаламандык күчөгөндө, өкмөттөр аны пайдаланып өзгөчө кырдаал киргизип, коомду көзөмөлдөөсүн арттырат. Аткаминерлер зордук-зомбулук жана жалганга өтөт. Натыйжада жеке эркиндик кыскартылып, эрежелер катаалдашып, демократиялык институттар менен мыйзамдар алсырайт.

Бул жараянды эмне коштойт? Коомчулук аракетин таштап, өзүмчүлдүккө өтөт. Ахлактык жана расмий тыюудан ажыраган коом “биологиялык умтулуусу, кумарлануусу жана шакыбаты менен багытталган кишинин айбанчылыгын” агытат дейт Сорокин. Бир нече адам каршы чыкканы менен башкасы коркуудан же чарчаганынан улам багынып берет. Өз жанын кыюулар, кылмыштуулук менен рух оорулары артат. Иудохристиандык дин саясий күчкө айланып, адашкандарга насаат кыла албай калат.

Адамдын жеке жашоосунун башаламандыгы үй-бүлөнүн кыйроосунан башталат. “Ажырашуу менен бөлүнүү көбөйүп кете берип, акыры коом туура деп колдогон үйлөнүү менен тыюуу салынган жыныстык катнаштардын ортосунда эч кандай айырма калбай калат”, - деп көрөгөчтүк кылган. Үйлөнбөстөн төрөлгөн, ата-энесинен ажыраган балдар адатка айланат.

1950-жылы ал Батыштагы сексуалдык анархия менен анын кесепетин айтып койгон. 1957-жылы Сорокин “америкалыктар рак оорусуна окшогон, коом үчүн коммунизм сыяктуу эле коркунучтуу сексуалдык келесоолукка курман кетти”, деп кыжырланып жазган.

Сорокиндин заманында таңы жаңы аткан бул көрүнүш, азыр түндүктөн шоола чачып калды. Дендароолук менен чагымга кезекке туруп калышты. Порнография компьютердин баскычындай жакын. Милдетсиз жыныстык катнаш адатка айланды. Ондогон сексуалдык багыт чыныгысы эмне экени билинбей орун талашып келет. Адам жетем-жетпейм деп баамдабастан негизсиз үмүт менен кыялдарга умтулганы умтулган. Ыракатка батуу өлүмгө чейин алып барууда. Батышты үй-бүлө кызыктырбай калды. Америкалык балдардын кырк пайызы үй-бүлөдөн сырткары төрөлгөн. Эбегейсиз бакубаттуулукка жеткени менен он беш жаштан жогорку америкалыктардын алтыдан бири антидепрессант колдонот. Калганы виски, наша, апийим жана башка баңгилерди колдонот. Сезимпарастык убагында төрөлгөн киши көбөйүп, коомдук башкаруу оорлошуп барат. Мындай абалдан чыгуу үчүн Сорокин түбөлүктүүлүккө байланып руханий эмгектенүүгө чакырат. Бакча отургузуу, саякатка чыгуу, табиятты сыйлоо, экрандардан ажырап тегерегиндеги кишилер менен баарлашууну сунуштайт.

Элүү жыл өтсө да бул кеңештер керек. “Сезимпарастыктан арылган сүйүүнүн күчү гана адамзатты киши колдуу болуп өлүүсүнөн тосот, - дейт Сорокин. – Сүйүүсүз эч кандай курал, эч кандай согуш, билим берүү, экономикалык же саясий чаралар, суутек бомбалары да алдыдагы кыйроону тосо албайт”. Бүгүн Сорокиндин жоомарттыгы менен универсалдуу баалуулуктары аңкоолук сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул мүнөзү оор, сезимталдуу адамдын бутага таамай тийген эскертүүлөрү, социалдык изилдөөлөрү жана каардуу мээрими учурдун көп маселелерин түшүндүрө алат.

Жильбер Сьюэлл, The American Conservative, АКШ