Ислам дүйнөсү

Алжирлик жазуучу Эрдоганга: “Байкушка ыйламыш болуп, аны кордогон менен биргесиң”

4 марта 2018 г. 14:01 981

Тарых сизди митаамдык менен бийликте калган, жасалма төңкөрүшчү, өзүнүкүнө окшобогон пикирлерди жана калкынын эркин инсандарын желмогуз көрсөтүп куугунтуктаган, өлтүрүп жана кыйнаган жетекчи катары эскерет.

Түркиянын президенти жана бийликтеги партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган өткөн шейшембиде Алжирге барды. Бул өлкөнүн атактуу жазуучусу Камал Дауд түрк ажосуна ачык кат жазды. Анын Huffington Post сайтында чыккан макаласы соцтармактарды дүрбөттү.

Дауддун романдары 20 тилге которулуп, жазуучу 2014-жылы дүйнөнүн кадыр-барктуу Goncourt сыйлыгын алган.

Эрдоганга ачык кат

Капаска солонгон, өлтүрүлгөн жана кыйналган бардык жарандарыңыздын атынан кайрылып турам Эрдоган. Биздин өлкөгө кош келген жоксуз.

Жок Эрдоган, Алжир сиздейди каалабайт.

Биз буга чейин да өлкөбүзгө халифалыгын орноткусу келгендердин айынан кан менен жаш төктүк. Өз пикирлерин биздин жандарыбыздан артык көргөн, балдарыбызды туткундаган, ички дүйнөбүз менен келечегибизди уурдагандарга жакшы эле кун өтөп бердик.

Сиздин тиричилик үчүн колдонгон исламчылыгыңыз бизге кайгы алып келди. Ошол өткөн күндөрдү эстетесиз. Тактыңыздын алдына барып тизелешибизди каалагандарга канат жайып эле койбостон, элибиздин бардык баалуулуктарына каршы чыгуудасыз. Эркиндиктен жийиркенесиз. Эркин ойлонгондорду жек көрөсүз. Динди соодалап, бизден сурап койбостон сыртыбыздан халифалык тонун бычуудасыз.

Бүгүн өлкөбүздөгү исламчыл партияларга жардамдашып, аларга кол алдыңыздагы ишканалардан белек берип, фонддорду куруп, мечиттерибизди көзөмөлдөп бул кыялыңызды аста-аста ишке ашырып келесиз. Мунун баары бир колу менен көрүбүздү казып, экинчи колу менен бизге бейиш көрсөткөн “Мусулман бир-туугандар” уюмунан калган эски усулдар.

Жок, урматтуу Эрдоган, бир жактан күрттөр менен каяша сүйлөгөндөргө өлүм “тартуулап”, анан келип бизге жардамдашам дегениңизге эч ким ишенбейт. Биздин эркиндигибизди коргобойсуз, аны жакшы билебиз.

Жакынкы Чыгышта запкы чеккенге ыйламыш болуп, алардын баштарын кескендер менен келишимге кол коюп жатасыз. Биздин аброюбузду эмес, өз халифалыгыңызды коргоп келесиз. Заалымдыгыңызды, иштен куулгандардын тизмесин, күн санап жык-жыйма толуп бара жаткан түрмөңүздү, оозуңузду караган сотуңузду, урмасыздык жана жалгандарыңызды унутпайбыз.

Бизге орток инсадыкты эмес, осмондор доорунун жаман жана кандуу кайра кайталануусун тартуулагыңыз келет. Ислам сиз үчүн болгону бир тепкич гана. Кудай болсо жакшы өткөн товар. Заманбаптык – душман. Палестина болбогон бир витрина. Исламчылар болсо айласы кеткен кошоматчыларыңыз.

Тарых сизди митаамдык менен бийликте калган, жасалма төңкөрүшчү, өзүнүкүнө окшобогон пикирлерди жана калкынын эркин инсандарын желмогуз көрсөтүп куугунтуктаган, өлтүрүп жана кыйнаган жетекчи катары эскерет.

Тарых сизди бомбаларыңыз, согуштарыңыз, сүйлөшүүдөгү алсыздыгыңыз, өзүңүз жана жеке кызыкчылыгыңыздан сырткары өзгө бирине да жакшылык кылам дебегениңиз менен эскерет. Бириккен улуттар уюмундагы Куддуска тиешелүү (Иерусалим) добушуңузду соодаладыңыз. Палестиналыктар менен бирге сизге күлгөнүбүздү көп көрбөңүз. Палестина маселеси башкалары үчүн кандай болсо, сиз үчүн да ошондой соода товары гана. Айласыздан чөк түшүп калгандардын жонуна мине калууга машсыңыз.

Биз Алжирде өзүн кудай сезген жана каалаганына жашоо тартуулап, каалабаганын басмырлагандардан жакшылык көргөн жокпуз. Биз эмес алар сиздин келгениңизге катуу сүйүндү. Алжирлик исламчылар менен популистеринин идолусуз. Алар сиздин халифалыгыңыз менен баш кошмоюнча бийликке келээрин элестете алышпайт.

Биз өлкөбүздүн эркин болушун кыялданабыз. Мурда кол жууп калганыбызга карабай, абройлуу өлкөнү эңсейбиз. Булар сиздин кыялыңыз да, баалуулугуңуз да эмес.

Сонун Түркияны өз табакташтарыңыз, жакындарыңыз жана үй-бүлөңүз үчүн базарга, оппозицияңыз үчүн капасканага айланттыз. Бул сонун эл чала жан калса да сиздин колуңуздан кутулуп чыгат деп үмүттөнөбүз. Сиз болгону бир көз боёмочусуз. Аны сиз да, биз да жакшы билебиз.

Басынуу сезимибизге, сүйгөн баалуулуктарыбызга, ишенимдерге инвестиция чегерип келесиз. Өзүңүздү куткаруучу катары тартуулагыңыз келет. Бирок, тескерисинче, көр казуучусуз. Биринчиден өз өлкөңүз, андан кийин коңшу мамлекеттер үчүн. Түркия сизге бир тыйын карызы жок кенч. Бул кенч анын кайра тирилишин камсыздаган жана аброюн көтөргөн эркин аял-эркектерге таандык. Сиз өмүр бою капаска сологонго өкүм чыгарган Ахмет Алтан сыяктууларга.

Буга чейинки исламчылар сыяктуу эле башкалардын жеңишин уурдап алганды жакшы көрөсүз. Төңкөрүштөрдүн бышып жетилүүсүн аңдып, убакты-сааты келээри менен өзүңүздү кудай берген халифа катары суна койгонго даярсыз. Сиздин ооз көптүрүүңүз бул сонун өлкөнү чоң жоготууларга учуратып, куру сөздөрүңүз күнөөлөрүңүздү жаап-жашыра албайт. Биздин исламчылар менен популисттерибиз ваххаби атакелеринин акчаларынан кол жууган соң, сизди жаңы капчык катары көрүүдө. Билип алыңыз, алар бизден эмес. Алар сиздин идеологиялык гаремиңиздин мүчөлөрү.

Тарых сиз себеп болгон өлүм жана жүйөсүз айыптоолорду, кадрларды өз кызыкчылыгыңыз үчүн тазалаганыңызды, паракорлугуңузду, согуш учактарыңызды, өкүмүңүздөгү сотканаларды эскерет. Бул жакка осмондордун Фатихи, куткаруучу Барбарос сымал келген жоксуз. Куткаруучу терисин жамынган каракчыларды жакшы билебиз.

Биз күчтүү, эркин жана ата-бабасы менен сыймыктанган өлкө болууну кыялданабыз. Ар түрдүүлүктү кабыл алган, түрдүү дин менен ишенимдерди сыйлаган, бириктирген жана ар мүчөсүнүн бактылуу болуусун кубаттаган Алжирди каалайбыз.

Дос жана өнөктөштөргө муктажбыз. Сизге окшогон канкорлорго эмес. Көз боёмочулугуңузду батыра албайбыз. Бул өлкөдөгү агенттериңиздин да келечеги жок.

Жеңип алган жерге келген жоксуз. Эски баскынчылар сыяктуу, болгону бир жеңиш оюнун ойноп жатасыз.

Камал Дауд, m.huffpost.com