Борбор Азия

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан: коррупцияга каршы күрөшпү же бийлик үчүн кармашпы?

3 марта 2018 г. 9:52 1217

Борбор Азия өлкөлөрү паракорлукка каршы күрөш жарыялашты. DW бул күрөш канчалык чын дилден жүргүзүлүп жатканын эксперттерден сураштырды.

Коңшу Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын бийлиги арам кекиртек аткаминерлерге согуш ачты. 2017-жылдын ноябрынан баштап Кыргызстанда президенттикке отурган Сооронбай Жээнбеков 19-февралда Мамлекеттик коопсуздук боюнча улуттук комитеттин коррупцияга каршы кызматынын директорун отставкага кетирди. Паракорлук менен күрөшүү кызматындагыларды катуу сындап, “погончон арам кекиртектер” менен күрөштү күчөтүүнү буюрду.

Өзбекстандагы коррупцияны жок кылуу жана тажик ИИМин текшерүү

Тажик бийлиги башкача жол менен кетмекчи. Январь айында Тажикстандын коррупцияга каршы мекемеси февраль-март ичи Ички иштер минстирлиги баш болгон төрт министрликти текшермекчи. Анын учурунда тажик жарандарынан аталган министрликтердин коомго ачыктыгы менен паракорлугу сурамжыланат. Тажиктердин “Азия Плюс” маалымат агенттиги текшерүү Тажикстандын мамлекеттик каржыны көзөмөлдөө жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин мерчеминин алкагында жүргүзүлүүдө деп маалымдаган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2017-жылдын январында бийликке келген соң бир аздан кийин мамлекеттик мекемелердеги паракорлукту жоюу боюнча мыйзамга кол койгон. Анда паракорлук тууралуу маалымат берген жарандарга мамлекеттик коргоо кепилденип, укук бузуулар тууралуу билдирбеген мамлекеттик органдын кызматкерлерине жаза каралган. Мындан сырткары аталаган мыйзам коомчулуктун мамлекеттик мекемелердин иши жөнүндө маалымат алуусун кеңейткен. Республикалык бийлик коррупцияга каршы реформа жөнүндө айтып келет.

Кыргыз президенти “погончон арам кекиртектер” менен эмнеге күрөшөт

Бул үч өлкөдө паракролукка каршы күрөш чын эле башталдыбы? Жок, дейт Кыргызстандын укук коргоо органдарынын абалын жакшы билген DWнын булагы. Анын айтымында, өлкө ажосунун катуу сөздөрүнө байланыштуу кызматтан кетирүүлөр жаңы лидердин мурунку президент жана патрону Алмазбек Атамбаевдин таасиринен кутулуп, укук коргоо органдарына өз адамдарын алып келүүнүн алгачкы кадамы. Булагыбыздын маалыматы боюнча учурдагы кызматтан алуу толкунуна паракорлукка катуу шектелгендер менен бирге күчтүү кесипкөй адистер да кабылган.

Кыргызстандагы антикоррупциялык компаниянын негизги максаты Сооронбай Жээнбековдун өз саясатын жүргүзүү үчүн команда түптөө экенин Берлиндеги Чыгышевропалык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча борбордун (ZOiS) кызматкери Беате Эшмент да тастыктайт. Анын айтымында жаңы президент олуттуу макамдарга өз адамдарын жайгаштырганы акылга сыярлык. “Ага чейинкилер да ошондой кылышкан. Арам кекиртектикке малынгандык темасы кереги жок адамдарды жылдырып, алардын ордуна керектүүлөрдү жайгаштыруу үчүн эң жакшы жүйө. Менде бул ирет башкача болот дегендей жетиштүү негиз жок”, - дейт эксперт айым.

Паракорлук тууралуу сурамжылоо тажиктерге жардам береби

Берлиндик эксперттин баамдоосу боюнча кыргыз бийлиги ырааттуу түзүмдүк кадамдарга барып, паракорлук менен күрөшүүнүн башына таза жана абройлуу кишини алып келсе, ийгиликке үмүт кылса болот. Мындан сырткары мындай адамдын кабыл алынган чечимдер менен мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн каражаты болушу керек. “Бирок Кыргызстан бул үчүн жетиштүү күчү бар мамлекет эмес. Мындай ниет болсо да, паракорлук менен чыныгы күрөштө зарыл болгон бекемдик бар экени шектүү. Кыргызстандын региондорунда мамлекеттин эмес, ошол аймакка таандык мыйзамдар иштейби деп ойлоп кетесиң”, - деген ойдо Беате Эшмент.

DWга маек курган эксперт айым Душанбенин ыкласына да шектүү карайт. “Коррупцияга каршы күрөшкө сурамжылоо аркылуу калкты тартуу аракети жакшы усул. Ал карапайым элде аткаминерлерди көзөмөлдөөгө катышып, паракорлуктан коргонуу сезимин калыптайт. Кеңирирээк демократия бар жерде мындай усул ийгиликке жеткирмек, бирок Тажикстанда буга зарыл шарттарды көргөн жокмун. Паракорлукка каршы байрак көтөрүлсө да, ал президенттин үй-бүлөсүнүн таасирин күчөтүүгө кызмат кылат”, - деп кесе айтат Беате Эшмент.

Ташкенттин антикоррупциялык аракетине жогорураак баа берген эксперт айым: “Мени идеалист дешсе да, жетекчилиги талап кылган максаттарга жетүүгө Өзбекстандын чоң объективдүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул жерде Кыргызстан менен Тажикстанга караганда жарыяланган реформалардын натыйжа берүү ыктымалы жогорураак”, - дейт.

СНБсы тазаланган соң Өзбекстанда коррупция менен ким күрөшө алат

Мында Беате Эшмент төмөнкү нерселерге көңүл бурган: жакында Сооронбай Жээнбеков баштаган аракетти Шавкат Мирзиёев бир жылдан бери ишке ашырып келет. Ал жетекчиликте өз адамдарын барган сайын көбөйтүп барат. “Кадрларды ушунчалык сан жана сапатта орноштурууда алар үчүн каржы булактарын ачыш керек. Маселе – бул булактар легалдуу болобу же барган кызматты пайдаланууга байланыштуу болобу, ошондо”, - деген ойдо Эшмент.

Ташкенттик саясат таануучу Юрий Черногаев Өзбекстандагы абалдын дагы бир тарабын айтат. Буга чейин да аз болбогон дүңгүрөгөн коррупциялык иштерди (алардын ичинде мурунку президент Ислам Каримовдун үй-бүлөсүнө байланыштуулары да бар) Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) жүргүзгөн. Прокуратура УКК козгогон иштерге кол кабыш көрсөтүп гана келген.

Бирок январь-февраль айларында УККнын жетекчилиги тазаланды. Президент бир нече жетекчисин капас менен коркутту, анын башына болсо мурунку генералдык прокурорду алып келди. Ташкенттен келген маалыматтар боюнча УККнын буга чейинки бир нече милдети прокуратурага берилмекчи. Мында укук коргоо органдарындагы паракорлукту тергөө боюнча прокурорлордун тажрыйбасы жок экенин айта кетүү керек деген ойдо Юрий Черногаев. Андан сырткары алар мындай иштерди козгоодо саясий жетекчиликтен буйрутма алып көнүп калышкан.

Transparency International уюмунун паракорлук боюнча рейтинги

Беате Эшмент Өзбекстандагы коррупцияны ашкерелөөнү саясат көзөмөлдөп келгени менен макул. Анысы аз келгенсип, система толугу менен коррупциялашкан. “УККнын паракорлукту караган тармагы да соо калган эмес. Шавкат Мирзиёев УККнын башын керте чапты, кызмат кайра түптөлөт, бирок бул анын кызматкерлери дароо реформаны колдоп, арам кекиртектик менен күрөшүп баштайт дегендик эмес. Аларды бул күрөшкө канчалык тарта алаарын убакыт көрсөтөт. Буга чейин УКК бийликтин башка бутактарына караганда көбүрөөк расмий эмес кирешелерди алып жүргөнү тууралуу маалыматтар көп экени да маалым”, - дейт берлиндик эксперт.

Эксперт айым Өзбекстандагы өзгөрүүлөр коңшулаштарына чоң таасир берип жатат деген ойдо. Кыргыз президентинин “погончон арам кекиртектерге” каршы катуу сөзүнүн сыры да ушунда деп эсептейт Беате Эшмент.

Transparency International уюмунун 2017-жылкы рейтингинде Өзбекстан былтыркыдан жогорураак 157-орунду алган. Бирок баары бир Кыргызстандан (135) бир топ артта калган. Тажикстан болсо 180 өлкөнүн арасынан 161-орунга чейин төмөндөп кеткен.

Deutsche Welle, Борбордук Азия