Кытай/Индия

​Түгөнбөгөн Си: Кытай эмнеге императорлук башкарууга кайтууда

2 марта 2018 г. 16:22 1272

Кытайдын бийлик түзүмүндө жамааттык органдардын күчү кетип, жогорку башкаруучунун макамы жогорулап барат. Кытай жакында эле демократиялык эмес башкаруунун улуу жаңылыгы катары сунган жамааттык башкаруу системасын сындырып, атактуу өтмүшүнө кайтууда. Мао убагына эмес, идеалдаштырылган императордук башкаруу дооруна

Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин (ККП БК) пленумуну кытай Конституциясына өзгөртүү киргизип, Кытай эл республикасынын (КЭР) төрагасы менен орун басарынын мөөнөтүн чектеген беренени алып салды. Бул чечим кытай жетекчилигинин былтыр октябрда ККПнын XIX чакырылышында койгон багытты улантмакчы. Тагыраак айтканда, жетекчиликтин эмес жетекчинин. Кытайдын бийлик түзүмүндө жамааттык органдардын даражасы төмөндөп, жогорку башкаруучунуку өйдөлөдү. Кытай жакында эле демократиялык эмес башкаруунун улуу жаңылыгы катары сунган жамааттык башкаруу системасын сындырып, атактуу өтмүшүнө кайтууда. Мао убагына эмес, идеалдаштырылган императордук башкаруу дооруна. Си Цзинпин жана санаалаштары болгон ыйгарым укуктарды колдоруна топтоо менен өлкөнүн алдындагы чоң көйгөйлөрдү чечип, кыялдарындагы дүйнөлүк дөөлөт статусуна жетип, Сини кытай өтмүшүндөгү улуу ажолордун даражасына көтөрүү максатын көздөшүүдө. Бул максаттарды аксаткан эзелки көйгөйлөр Кытайдын өзүнө да, коңшуларына да, бүткүл дүйнө үчүн да коркунучтуу.

Дэн Сяопиндин системасын сындыруу

Конституцияга 1982-жылы киргизилген, КЭРдин төрагасы жана орун басарынын иштөө мөөнөтүн эки беш жылдык менен чектөө беренесин алып салуу, Дэн Сяопин кураган түзүмдү сындыруунун символу гана болуп калды. Жеке бийликтин кесепетин алдын алуу максатында Ден Сяопин менен анын санаалаштары 1980-жылдары түзүп чаккан жазылбаган эрежелерди талкалоо андан да маанилүү болчу. Жогорку макамдагыларды он жылда бир алмаштыруу, негизги чечимдерди партиянын ичиндеги туруктуу топтордун өкүлдөрүнөн турган Политбюронун дайымкы комитетинин (ПДК) кабыл алуусу жана бийлик алмашканга беш жыл калганда ПДКга жогорку лидер менен премьерди алмаштырчу адамдарды киргизүү Дэндин системасынын үч негизги элементи болчу. Ошол эле убакта эки беш жылдык мөөнөт менен формалдуу чектөө, жогорку лидер деп эсептелген, бирок кызматы конок тосуп-узатуу менен чектелген КЭРдин төрагалык макамына гана киргизилген. Андан да маанилүү ККП БКнын генералдык катчысы (генсек) менен Борбордук аскердик кеңештин (БАК) башчысынын (куралдуу күчтөр толук баш ийген) мөөнөттөрү чектелген эмес. Ошондуктан бул эки макамдагы кишилерди ооздуктоодо жазылбаган эрежелер өтө маанилүү болчу. Кетээрине бир жыл калганда, орун басарларын дайындоо эрежеси ошондой адаттын бири болчу.

Ошондуктан кытай системасы кайсыл тарапка өзгөрөөрү былтыр октябрда өткөн XIX съезде ККПБга Си Цзенпинди алмаштырчу адам киргизилбей калганда эле билинген. “Жамааттык башкарууга” урулган бул сокку быйыл Конституцияга киргизилген өзгөртүүгө караганда маанилүүрөөк болчу. Ушул март айында Бүткүл кытайлык эл өкүлдөрүнүн жыйыны бекитчү Конституция эски эрежелер системасына чекит коймокчу. Синин 2023-жылдан кийин бийликте калуу үчүн көп жолдору бар болчу. Мисалы КЭРдин төрагалыгын жашыраак бирине берип, өзүнө ККПнын генсектиги менен БАКтын башчылыгын алып калса деле болот эле. Натыйжада учурдагы эки тизгин бир чылбырды тезирээк бир колго топтоо варианты тандалды. Мунун эмне кереги бар эле? Си эмне үчүн Кытайга ушунча жыл кызмат кылып, эбегейсиз өсүүгө жол ачкан Дэндин бийлик алмаштыруу системасын талкалоону чечти?

Кризиске каршы жеке бийлик

Си Цзинпин Кытайдын терең кризиске кабылганына жана аны куткаруу үчүн жеке бийлик шарт экенине бекем ишенип алган. Бирок Маодон айырмаланып, ал партия менен мамлекеттик мекемелердин маанисин жокко чыгарбайт. Болгону партиялык бийлик механизмин кайра курап чыккысы бар. Бул болсо жамааттык өйдө-төмөн интригаларга баткан, бийликтеги кландардын биринин кызыкчылыгына терс келчү оор чечим кабыл алуусу мүмкүн эмес Саясий бюронун колунан келбейт. Жамааттык жетекчилик – бул вето коюу акысы дегендик. Кландардын кызыкчылыгы дал келсе бул модель иштейт. Бирок абал бир аз татаалдашып, жалпынын узак мөөнөттүк пайдасы үчүн биринин кызыкчылыгын курмандыкка чалуу керек болоору менен “Кытай ачык акционердик коомунун” башкаруучу мүчөсүнүн бири мындай чечимди тык токтотуп коё алат. Мунусу менен КПБ Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин элестетип кетет. Ал жакта да керектүү резолюция бир да мүчөсүнүн кызыкчылыгына каршы келбеген учурда гана өтөт. Антпесе “дүйнөлүк өкмөттүн” иши токтойт. Жогорку лидерлик макамы Кытайдын мындай көйгөйүн чече албады. Анткени биринчи беш жылдык мөөнөтүндө ал өзүнөн мурунку лидер дайындап кеткен, вето коюу мүмкүндүгү бар адамдар менен курчалган. Экинчи беш жылында өзү дайындабаган, аркасынан сая түшүп алган мураскеринин саясында иштейт. Ал мураскерди азыркылар гана эмес, карчарбага чыккан мурунку жетекчилер да таасир берген жамаат тандайт. Ошондуктан лидердин экинчи мөөнөтү өзүнөн кийин келчү жетекчини ооздуктоочу макамдарга өз кишилерин дайындоо менен өтчү.

Бул система жаш калкың экономиканы жылда он пайыздап өстүргөн, дүйнөнүн бардык тарабынан келген инвесторлор эшигиңди сагалаган, эмгек баасынын төмөндүгү жана социалдык кепилдиктин алсыздыгы дүйнө базарында артыкчылык берген, калк коррупция менен айлана чөйрөнүн кирдегенине кайыл болгон кезде жакшы иштеп берген.

Азыр ондогон жылдар бою топтолуп келген маселелер курчуп, эч кимдин кызыкчылыгына запкы келбечүүдөй үстүртөн оңдоп-түзөө менен өлкөнү куткаруу мүмкүн болбой баштады. Терең структуралык реформалар шарт. Ал үчүн элитанын биригүүсү зарыл. Бирок биримдик жок. Өзүн сактап калуу инстинкти чоң жамааттарда жакшы иштебейт, ошондуктан партиянын төбөлдөрүнөн көбү урап баштаган өлкөнүн алдынан чыга качканга үлгүрөбүз деген ойдо. Ал үчүн байлыгың менен үй-бүлөңдү азыртадан чет өлкөгө чыгара берүүң керек.

Ушунун баары Сини бийликти өз колуна топтоого түрттү. Ал биринчи беш жылдыгында буга чейинки жетекчилер үлгүрбөгөн кадамдарга жетишти. “Улуу жолдоштордун” адамдарын тазалап, маанилүү макамдарга өз кишилерин алып келди. Эми эң бери дегенде он жылды талап кылган өзгөртүүлөрдү баштоосу керек. 2013-жылы ККП БКнын жыйыны 2020-жылга чейинки реформалардын программасын кабыл алган. Бирок бул программада жазылган мерчемдердин чандасы гана аткарылды.

Тактыдагы реформачы жана көзөмөлчү

Си Цзинпин мурунку системанын чектөөлөрүн жоюп, өзүнүн командасын калыптады. Анын 2012-2017-жылдар арасындагы биринчи мөөнөтүн буга даярдык десек болот. Эми бийликти толук колуна алган жогорку лидер былтыркы съезде айткан “жаңы доорду” куруп баштамакчы. Азыр кытай мыктыларына, калкы менен жалпы дүйнөгө Си Цзинпин баардык тармакты мыкчып башкарганын, канча керек болсо туруп, качан кеткиси келсе гана кетээрин көрсөтө алуусу өтө маанилүү. Башкача айтканда Синин узак стратегиялык пландоого кеңири мүмкүнчүлүгү пайда болду десек болот. Ошондуктан жаңы саясий мөөнөт башталган кезде өзү да, анын түзгөн пландары да эч жакка кетпесин Си далилдеши керек.

Си буга чейин Кытайда болуп көрбөгөдөй жеке бийлик орноткону менен өзүн ооздуктап турган бардык чектөө жана саясий институттардан баш тартпайт. 2013-жылдын январында генсек болуп шайланганда, “бийликти системанын торуна камайбыз” деген сөзү жалган эмес. Болгону анын “система тору” батыштык жарандык коом институттарынан да, Дэн Сяопиндин жазылбаган эрежелеринен да башкача. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр Синин оюнун нугу кайда бара жатканын көрсөтүп турат. Кытайдын бийлик системасына киргизилген эң негизги жаңылык бул – Мамлекеттик көзөмөл комиссиясы (МКК). Бул супермекеме бюрократия менен мамкомпаниялардын кызматкерлерине көз салмакчы. Мекеме аткаминерлер менен мамлекеттик ишканалардын үстүнөн партиялык көзөмөл гана орнотпостон, өзүнчө бийлик бутагы болмокчу. Конституцияда анын милдеттери сот системасынан да жогору коюлган. Аткаруу бийлигин көзөмөлдөгөн мындай өзүнчө мекемелер биздин кылымга чейинки 300-жылдардан баштап, 1912-жылы кулаган акыркы императордук династияга чейин бар болчу. Мындай мекеменин майда региондорго чейин кирген тармакташкан аппараты болгон.

Мунун баарын талдаганда, Си Цзинпин ККПнын мурасы менен императордук Кытайдын салттары ширелишкен системаны куруп чыккысы бар. Бюрократиялык аппараты азыркы Кытайдын принцибине жараша курулган, бирок аткаминерлери Сингапурдагыдай эффективдүү жана адал иштеген система орнотулмакчы. Системанын акыйкаттуулугун жарандык коом, эркин медиа менен шайлоо эмес, байыркы императорлук доор жыттанган жаңы көзөмөл супермекемеси камсыздашы керек. Көзөмөлчүлөргө интернеттеги “коомдук ишеним системасы” жардам бермекчи. Көп маалыматты бир заматта анализдеген big data принцибине негизделген мындай система Кытайдын ондогон шаарларында тажрыйбадан өтүүдө. Ал жарандардын кыймыл аракетин талдап, “туура” жүрүм-турумга түрткү берет. Мунун баары башаламан көрүнгөнү менен Си Цзинпиндин мээсинде “жаңы доор” катары ырааттуу жайгашкан. Си кыялданган экономикада ресурстарды адаттагы базар тескегени менен анын ири оюнчулары натыйжалуу жана булактай таза мамкомпаниялар болушу керек.

Эми бийлик кантип алмашат

Убакты-сааты келгенде Си бийликтен кантип кетээри келечектин эң оорчунду маселеси. Азыр кытай лидери 64 жашта. Учурдун медицинасы жардам бергени менен карылык көйгөйү акыры пайда болот. Айрыкча жогорку лидерди кетирүүнүн эски системасы талкаланып, жаңысы түзүлө элеги чоң маселе. Азырынча Синин мээсинде байыркы императорлор бийликти ууладарына эмес, эң татыктуу кеңешчилерине таштап кеткендиги тууралуу жомоктордон башка ой жоктой. Кандай болсо да 25 кишилик Саясий бюродо генсектин жаш санаалаштары бар. 57 жаштагы Чунциндин партсекретары Чэнь Миньер менен 55теги ККП БКнын канцелярия башчысы Дин Сюэсянды Си жогорулатып кете бермекчи. Андан сырткары 300 орундук БКда карап көрчү алардан да жаш кадрлар бар. Ошентип 2027-2028-жылдарга чейин бийлик тапшыруу маселеси күндемде жок сыяктуу.

Бирок бул шурудай тизилген тандалма система андан эрте аксай башташы мүмкүн. Мында бардык бийликти колуна топтогон адамдын жаш курагы маселеси да бар. Акылга сыйбаган ыйгарым укуктарды жүктөнүп, тегерегине кол балдары менен таанштарын жыйып алган Си реформаны тезирээк баштап, бийликти толук басып алганы жана оюн эрежелерин алмаштырганы туура экенин далилдеши зарыл. Кытайда, айрыкча экономикасында эбегейсиз көйгөйлөр бар. КЭРдин мурунку каржы министри Лоу Цзивэй Кытайдын азыркы абалы 2008-жылы каржы системасы урап түшкөн АКШныкынан да начар. Аймактык өкмөттөрдүн үстөккө-босток карыздарын төлөө, айласы куруган мамлекеттик компаниялардын бухгалтерияларын териштирүү, акыркы жылдары чет өлкөлөргө миллиарддаган долларды агызып кеткен жеке менчик структураларды тартипке салуу сыяктуу оор маселенин баары Си менен анын командасынан чечкиндүүлүк менен бирге кылдаттыкты талап кылат. Эң чоң күмөн да ушуга байланыштуу.

1990-жылдары Дэн Сяопин Кытайдын башына келечектеги премьер Чжу Жунцзи баш болгон технократтарды калтырып кеткен. 30 жыл тынбастан өлкөсүнүн жин тийген немедей өнүгүүсүн камсыздаган Ван Цишань, Кытай эл банкынын башчысы Чжоу Сяочуань сыяктуу ал кездин жылдыздары экономиканы ыкчам башкаруудан жакында кетип жатышат. Алардын ордуна акыркы беш жылдыкта генсектин аркасы менен салттуу тепкичтерди чала-була аттап-буттап, баш айланткан карьера жасаган Синин кол балдары келет. Алар 1980-жылдагы кадрлардай күчтүү жеке сапаттарынан улам эмес, Си Цзинпин менен бала кезинен бирге чоңойгондугу же анын катчысы же орун басары болгону үчүн жогорулашкан. Бул кишинин көбү 1990-2000-жылдары деңиз жээгиндеги бай Фуцзянь жана Чжецзян провинцияларында Си менен бирге иштешкен. Бул региондор 1990-жылдардагы реформалардын деми менен кытай экономикасынын локомотивине айланып, аларды башкарууда өзгөчө чебер жетекчиликтин деле кереги жок болчу. Кытайдын экономикалык жана коомдук системасынын пайдубалында сааттары чыкылдап жарылуусу жакындап келе жаткан бомбаларды токтотуп калууга мындай кишилердин чарк-чамасы жетеби.

Чечим чыгаруунун эбегейсиз борборлоштурулганы дагы бир көйгөй. Азыр Сисиз же анын ишенген адамысыз бир да маселе чечилбейт. Мындай система экономиканы талкалаарын Кытайдын 2015-жылкы биржа кризиси ашкерелеген. Анын урап түшүүсүнө бийликтеги чиновниктердин башаламан аракеттери менен баарын көзөмөлдөгүсү келгени жана Си Цзинпиндин фонддук базар менен валюталык саясатты анча түшүнө бербегени себеп болгон дешет.

Акыркы маселе учурдагы команданын ичиндеги карама-каршылыктарга байланыштуу. Синин эң таасирлүү экономикалык кеңешчиси, келечектеги вице-премьер Лю Хэ премьер Ли Кэцян менен ачык араздашууга өткөн. Ал атын атабастан “Жэньминь жибао” партиялык гезитине берген маегинде Кэцянды сындаганга дааган. Мамлекет мындай оор ашуунун этегинде турганда Мамкеңештин ичинде ыйгарым укуктар үчүн күрөштүн кереги жок болчу.

Кыскасы, Кытай менен анын лидери жакынкы он жылдыкта катуу сыналмакчы. Дүйнө болсо коопсуздук кемер курун курчанып, ар түрдүү сценарийге даяр болушу керек.

Александр Габуев, carnegie.ru, “Орусия Азия-Тынч океан аймагында” программасынын жетекчиси