Ислам дүйнөсү

Кызмат (Гүлен) кыймылы жеңилдиби?

23 февраля 2018 г. 18:30 2716

Бир тааныш айткандай “Күрөшүп аттык беле жеңилгидей? Ким жеңет, ким жеңилет деп мелдешип жатабызбы?”

Акыйкат издеп өз укугуңду коргогондо жеңүү же жеңилүү, таяк жеш же уруш угуу маанилүү эмес. Укук-мыйзам иштесе, кимдин күчтүү кимдин күчсүз болгонуна карабаш керек. Акыйкат-чындык ким тарапта экенине, кимдин күнөөлүү, кимдин күнөөсүз, кимдин кылмышкер же кимдин жабырлануучу экенине каралат. Түрк коомундагы динчил-консерватор топтор, кемалисттер жада калса демократмын дегендердин кээ бирлери: “Бийлик менен согушта жеңилдиңер, эми согуштун жеңүүчүсү эмне десе ошого баш ийесиңер”, - деп жатышат. Мунусу менен алар бир жагынан заалымдын айтканына макул, бир тараптан кызмат кыймылына болгон жеке кегин да билдирип жатышат.

Алар арзуу кылган зулумду башка заалым ишке ашырып жатканына кубангандай, бирок жогорудагы сөзү жана мамилесинин аркасына чыныгы ниеттерин жашырууда.

Акыйкаттык издөө аракети

Кызмат кыймылынын максаты күч сынашуу эмес, акыйкаттык издөө. Мүлкүн тартып алган, өмүрүнө да коркунуч жаратып, адам укуктарын тебелеген заалым бийликке каршы (күч ким тарапта экенине карабай) мыйзам чегинде гана жооп берүүдө. Тагыраагы, канчалаган жылдар бою топтогон тажрыйбасын, эмгегин жана миллиондогон адамдын акысын коргоо, өлкөнүн байлыгын талатып жибербөө аракетинде. Бирок өлкө ушунчалык бөлүндү дейсиңер, адамдар абийирден, ынсаптан алыстап кеткендиктен, акыйкат ким тарапта, ким кылмышкер, ким жабырлануучу экенине каралбай калды. Коом кек сактоо, жек көрүү менен жашап калды. Өзүндөй ойлонбогондорду жок кылуу, эзүү, баш ийдирүү өкүм сүрүп калды. Тилекке каршы, бийликтин айтканынан чыкпаган массалык маалымат каражаттары үгүттүн түрдүү усулун колдонуп, түрк коомчулугу акылга сыйбаган жараяндарды башынан өткөрүүдө.

Азыркы учурда, т.а., акыйкат издеген маалда, кимдин жеңгенин, кимдин жеңилгенин азыртадан айтуу эрте. Социологиянын эрежелерине ылайык, ачуу чындык көптөгөн жылдардан кийин билинет. Акыл-эске, логикага жана мыйзамга каршы аракеттердин жеңүүчүсү болбойт, жалпы улут катары көп нерсени жоготоору анык. Согушту жеңип, бардык бийликти өз колуна алган байыркы грек падышасы Пиррдин жеңишиндей азыркы бийлик көп жоготууларга учурашы ыктымал. ”Жеңилди” дегендер сүргүнгө айдалганы менен дүйнөлүк деңгээлде таанылып, жаңы бийиктиктерди багындырышы мүмкүн. Ошондуктан муну мелдеш сыяктуу караган киши жаңылат. Андай ойлочу болсок, Азирети Адам атадан бери көптөгөн пайгамбарларды жеңилди деп айтсак болот.

Заалымга каршы аз эле пайгамбар туруштук бере алган. Бул логикага салсак, азирети Иса, азирети Ибрагим, азирети Айуб, азирети Закария, азирети Юнус пайгамбарларды жеңилген десе болот. Сократ да жеңилгендердин катарында. Йезидге каршы чыккан азирети Хусейин, өз заманынын эзүүчүлөрүнө каршы чыккан имам Азам, имам Шафи, имам Раббани, Бедиүззаманды деле жеңилгендердин катарына кошо берсе болот. Алыска кетпейли, Түркия гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсой же улуу акын Назым Хикмет сыяктуу интеллектуалдар тирүү кезинде учурунун заалымын жеңе алды деп ойлойсузбу? Жеңди-жеңилди деген көз караш – жапа чеккенге колдоо көрсөтө албагандардын шылтоосу жана заалым менен кызматташуу жолун издөө гана. Бул ошол куугунтукка колдоо көрсөткөн сүйлөбөс шайтан сыяктуу эптеп абийирин тазартуу, өздөрүн актоо амалдарынын бири гана.

Заман ачыкка чыгарган чындыктар

Кызмат кыймылы тарыхындагы эң катуу кысымга кабылып, массалык куугунтукка дуушар болууда. Адамгерчиликке эч жатпаган, абийирге туура келбеген, ислам дини тарабынан туура көрүлбөгөн иштер болуп, мамлекеттин күчү колдонулуп, күнөөсүз адамдар кысымга алынууда. Өзгөчө акыркы 2 жылда миллиондогон бейкүнөө кишилер зулум чегүүдө. 150 миң киши жумушунан айдалды. Миңдеген кишинин үйү, мүлкү мыйзамсыз тартып алынды. Жүз миңдеген балдар мектеп сыртында калды. Азыркы бийликтеги динчил партия 1930-1950-жылдардагы өлкөнү жалгыз бийлеген ататүркчүл секуляр партиясын жамандап, саясий упай топточу. Бирок эрдоганчылар ошол учурдагы зулумдуктан ашып өткөн зулумдук кылууда.

Кызмат кыймылын жактоочулар жан чыдагыс оор жана аягы үзүлбөгөн зулумдукка кабылды. Көпчүлүк өз жанын сакташ үчүн “буларга жакындабай эле коёюн” деген ойдо.

Азыркы абал мындай сүрөттөсөк болот: Кызмат мүчөсү ит өлгүдөй таяк жеп жаткан учуру, материалдык жактан да боор ачыгыдай абалда. Түркияда калгандар жумуштан айдалып, башка жумушка да алынбай, бардык нерседен кол жууган. Алар коомдон четтетилип, өз жеринде, өз элинде жападан-жалгыз калышты. Түрмөлөрдө өлгөндөр, атайын ачка калтырылгандар, өз журтунан качам деп өмүрүнөн ажырагандар бар. Эң жакын туугандары да жек көрүүдө. Эптеп чет өлкөгө чыгып кеткендер дагы түрдүү кыйынчылыкты башынан өткөрүп жатат. Дүйнөнүн төрт бурчуна чачылып, үй-жайсыз, жумушсуз калышты. Чет өлкөгө чыгып кеткендер мекенин сагынып, куса болуп турса да, ары карап ыйлап, бери карап күлүп келет. Түркиядагы зулумдуктан качып кеткенине миң шүгүр айтып, бөлөк эл, бөтөн жерде жаңы жашоо курууга аракет кылышууда.

Оор процесстер мурун билинбеген чындыктарга көзүбүздү ачты

Кызмат кыймылы заалымга баш ийбеген, моюн сунбаган топ боло алды. Болгон мал-мүлкүнөн айрылаарын билип турса да, жеке адамдын бийлиги орношун алдын-ала көрүп, каршы чыкты. Либералдар, демократтар, күрттөр жана алавит азчылыктар Эрдогандын партиясын демократиялык кадамдары үчүн колдогон кезде Кызмат кыймылы да колдоп турган. Башкача айтканда, демократиялык процесстердин жандануусун колдоду. Авторитаризмдин карааны, арам кекиртектиги ачык көрүнө баштаганда ал партия менен жолу бирге уланбасын ачык сезди. Бийликке каршы чыгуунун кесепети оор болоорун билип турса да өз чечиминен баш тарткан жок. Кызмат бул жагынан эч бир топ бара албаган кадамга барды.

Кызмат кыймылы Түркиядагы бийликтин адилетсиз башкаруусуна жана коррупциясына каршы чыга алган жалгыз исламий кыймыл катары тарыхка азыртан аты жазылды. Зулум менен авторитаризмдин багыты ислам жана мусулманчылык менен айкалышпаарын көрсөткүсү келди. Мусулман жамааттар дайыма бийликтин кулу болот деген стереотипке Кызмат кыймылы каршы чыгып, мусулмандардын абийирин сактап кала алды. Учурда Түркияда бир-эки жамаат бул эрдикти кайталайм деп бийликтин балээсине калып турган кези.

Бул кыймыл башынан эле “демократиядан артка жол жок” деп келет. Ынтымакта жашоо долбоорлорун ишке ашырууга аракет кылууда. Колундагы бардык нерсесин жоготоорун билип туруп, чындык, укук, акыйкат, демократия үчүн баш көтөрүп, бул жолдо бекем экенин көрсөтө алды.

Басмырлоо жана тукурууларга карабай, Кызмат кыймылы эч бирөөнө күч менен жооп берем деп ойлободу. Террор жана зордук-зомбулук менен иши жок экенин эң оор учурда далилдей алды.

Катаал зулумдукка дуушар болгонуна карабай, бүт мекемелерин колунан алдырганына карабай бийлик менен соодалашуудан баш тартты. Ушунусу менен зулумга шерик болуудан оолак турду.

Кызмат кыймылынын ушул кадамдары аркылуу билимге, демократияга, укукка жана мыйзамдуулукта бекем турган диндар мусулман тобу бар экени дүйнөлүк демократиялык коомчулукка белгилүү болду. Дүйнө элине Эрдоган заалымдыгы менен кандай таанылса, бул зулумга дуушар болгон Кызмат кыймылы да таанылды. Кызмат кыймылына дүйнөнүн кызыгуусу артты.

Бул кыймылынын билимдүү, жогорку адистиктеги мүчөлөрү коомдон, мамлекеттен, коомдук медиадан алыстаганда Түркиянын кандай абалга кептелгени, мамлекеттик күчтү кордук жана зулумдуктун куралы катары колдонуп калганы белгилүү болду.

Кызмат кыймылы коомдогу ар кандай көз караштагы жарандардын ортосунда көпүрө болуп, аларды бир чөйрөгө чогулта алчу. Бул кыймыл өлкөдөн чыгып кеткен соң коомдо жаатташуу, кекчилдик, өч алуу, бөлүнүү күч алды. Тилеке каршы, оңчул-солчул, сунний-алавит, светтик-диндар топторду бир алкактын айланасында топтоп, сүйлөштүрө ала турган демилге көтөрүлгөн жок. Кызмат кыймылы коомду байланыштырган жип сыяктуу болчу. Эрдоган бул жипти кескилеп, коомду бөлүп-жарып, ортодогу түйүндөрдү үзүп салды.

Ошондой эле алардын билим берүүдөн четтеши менен билим берүү системасы урады. Келечек бүдөмүктөп, коомдук адеп-ахлак төмөндөдү. Дүйнөлүк билим берүү рейтингдеринде Түркия акыркы 5 жылда болуп көрбөгөндөй төмөн түштү; баңгилик, аракечтик, сойкулук, алдамчылык, көз боёмочулук бомбалары жарыла баштады.

Кызмат кыймылы жеңилген жок. Акыйкатсыздыкка ачык каршы чыкты. Кекти дин кылып карманган бийликке, күчтү зордук-зомбулук үчүн гана колдонгон түшүнүккө баш ийген жок. Түркия мусулмандарынын, жамааттарынын намысын, аброюн булгоого жол бербеди.

Түрк коомчулугу оорулуу. Ошондуктан эмне болуп жатканын азыр аңдай албай турат. Убакыт өткөн сайын Кызмат кыймылынын эмес, исламий баалуулуктардын, адеп-ахлактын заалымдын таман алдында эзилип турганы даана көрүнө баштайт.

Махмуд Акпынар, tr724