Орусия

​Орусиянын “Түндүк агымы-2” газ түтүгү Европаны экиге бөлдү

23 февраля 2018 г. 9:53 1090

Немис депутаттары Евробиримдиктеги (ЕБ) башка мамлекеттер менен ынтымагын бузбоо үчүн Орусиядан Германияга чейин тартылчу газ түтүгүнөн баш тартууга чакырган. Бирок бул долбоордун негизги геосаясий коркунучу көмүскөдө калган.

20-февраль, шейшемби күнү Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитине "“Түндүк агымы-2” Европага зыяндуу” деген аталыштагы макала чыккан. Анын алдына Европарламент менен немис бундестагынын (парламент) жети күчтүү жана таасирдүү депутаты кол койгон. Алар Германиянын эң таасирлүү төрт партиясынын өкүлдөрү.

Макаланын маңызы - Германиянын жаңы түзүлчү өкмөтүн, айрыкча “Түндүк агымы-2ни” катуу сүрөп жаткан социал-демократтарды европалык ынтымак үчүн долбоордон баш тартууга чакыруу. Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусия менен Германияны бириктирген экинчи газ түтүгүнүн негизги бөлүгүнүн курулуп башташы - мындай кайрылууга өзгөчө түрткү болгон.

Макаланын өзөгү – ынтымак

“Ынтымак” – макаланын сыр сөзү. Ал “Ынтымак болмоюн Европа алдыга жыла албайт” деген сөз менен башталып, ушул сөз менен аяктайт. Авторлордун “Түндүк агымы-2” долбооруна каршы чыгуусунун негизги жүйөөсү - бул “келечекте ЕБди бөлүп-жарып, Польша, коңшу балтика өлкөлөрү, Словакия менен Украина, андан сырткары Дания жана Швеция менен ынтымагыбызга доо кетирет”. Чынында, депутаттар бардык жүйөөлөрдүн арасынан эң суу кечпегенин келтиришкен. Алар Германияга экономикалык утуш алып келген, эч болбоду дегенде, эч кандай чыгымга учуратпаган долбоордон баш тартууга чакырууда. Анткени, көбү Чыгыш Европалык өлкөдөн турган бир нече өнөктөшкө жакпайт имиш. Башкача айтканда, мындан бир аз гана убакыт мурун өз жериндеги согуштан качкан качкындарды батырып алуу кризиси күч алып, аларды баш калкалатуу үчүн бир аз жардам керек болуп турганда Германия менен башка батыш европалык өнөктөштөрүн көз-көрүнөө таштай качкандардын көзүн кароону сунушташкан.

Макаланын ээлери бул жагдайды да эстешкен. Бирок, ЕБдин ынтымак рухун кайра жандандыруу үчүн, оор күндө таштай качкандарга карап коюу керек. Анткени кийин ошондой эле ынтымакты алардан талап кылууга укугубуз болот деген кызык бүтүмгө келишкен. Бирок мындай курмандык аталган гезиттин консервативдүү ишкер окурмандарынын жана жалпы эле немис коомунун купулуна толооруна күмөнүм бар.

Европанын чыгышы долбоорго каршы, батышы ага кирген

Айрыкча Польшанын да орусиялык газдын транзитинен жоготкон каражатын эске алсак, сооп болуптур дегиң келет. Анткени бул өлкөнүн улутчул өкмөтү учурда өз мамлекетинин укуктук пайдубалын копшоп кирди. Бул максатта Евробиримдик менен тикелей тирешүүгө чейин барып, Германиядан Экинчи дүйнөлүк согушу үчүн айып пул талап кылды.

Жогоруда айтылган макаланын авторлорундай, ЕБдин бир катар мүчөлөрү, айрыкча Австрия “Түндүк агымы-2” долбоорун колдогонун унутпаш керек. Бул газ түтүгүн жана анын EUGAL деген бутагын курууга немис фирмалары менен бирге Бельгия, Нидерланд жана Франциянын да компаниялары катышууда.

Макала ээлеринин болбогон шылтоолору

Макаланын авторлорунун энергия кубатын күн жана шамалдан алып, аны үнөмдөөгө катуу бел байлаган Европага мынчалык көп газ керекпи деген жүйөөлөрү да суу кечпей турат. Бул орусиялык мамлектеттик “Газпром” компаниясы менен европалык жеке фирмалардын биргелешкен долбоору, аны алар каржылап, тобокелчилигин өздөрү жүктөнүшөт. Немис салык төлөөчүлөр үчүн бул долбоор эч нерсеге турбайт. “Түндүк агымы-2” – EUGAL кошумча газ ташуучу системасы ашыкча болбойт.

Украина менен Польша чектүү, же толугу менен газ транзитинен кол жууйт деп чочулагандан кийин, жаңы түтүк Европанын Орусияга көз карандылыгын күчөтөт деш айрыкча кызык угулат. Демек кеп кошумча газ ташып келүүдө эмес, мурунку эле көлөмдү башка жол менен жеткирүүдө экен да.

“Түндүк агымы-2” долбоорунан баш тартуу - “Новороссия-2” болуп кетпешине кепил

Ошондуктан “Түндүк агымы-2ге” ачык каршы чыккан Европарламент менен немис бундестагынын депутаттары европалык ынтымак жөнүндө кеп кылам деп, коомчулуктун көңүлүн бул газ түтүк долбоорунун чыныгы коркунучунан алаксытып жатышат. Алар бул теманы украин экономикасы газ транзитинен түшчү 2 млрд доллардан кол жууп калса, өлкө “Орусиянын омуролоосуна ого бетер дуушар болот” жана бул жагдай “Украинаны башаламандыкка алып барат” деп үстүртөн жаңсап өтүшкөн.

2 миллиард Украинадай ири мамлекет үчүн анча деле чоң сумма эмес. Бул жердеги сыр сөз “башаламандык”. “Түндүк агымы-2” дал ушунусу менен коркунучтуу. Орусиялык газ азыркыдай ЕБ өлкөлөрүнө украин аймагы менен өтүп турган кезде Кремль коңшу өлкөдө толук кандуу кризис болуп кетүүсүнө кызыкдар болбойт. Анткени Батышка кеткен транзит үзгүлтүккө учураса, Орусия валюталык кирешеден кол жууп калат.

Бирок орусиялык газ учурда эбегейсиз көп акча менен тездетилген ылдамдыкта чубалып бара жаткан “Түндүк агымы-2” жана “Түрк агымы” газ түтүктөрү аркылуу Украинаны айланып өтө баштаганда (экөө тең 2019-жылы ишке кирмекчи), Кремль коңшусун каалаган убагында чакчалекей түшүрө алат.

Бул божомолду шектүү дегендер 2014-жылкы тажрыйбага кайрылышсын. Анда Москва Крымды алаары менен Украинанын чыгышында ызы-чуу баштап, буга чейин бир тууган деп келген мамлекетти экиге бөлчү “Новороссия” долбоорун жар салды.

Ошондуктан Евробиримдик үчүн Балтикадагы газ түтүктөрүнө каршы эң негизги жана салмактуу жүйөө – бул долбоордун Украинанын ички саясий араздашууларын күчөтүүгө Орусияга жол ачып берүүсүндө. Бул араздашуулар ЕБдин бир катар мамлекеттерине жаңы качкындардын агып кирүүсүнө себеп болот. Берлин менен Брюссель мындай геосаясий тобокелчиликке кайыл боло алаарын чечиши керек. “Түндүк агымы-2ден” баш тартуу – Евробиримдикти “Новороссия-2ден” сактап калмак.

Сылык-сыпаа немис депутаттары Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитиндеги макаласында Орусияга чагымчыл деген шек коюп таарынткысы келбегендиктен, бул ойду так белгилешкен эмес. Бирок ушуга карабай, бул макаланын өзү Германияда да орусиялык долбоорго каршылык күч алып бара жатканын ашкерелеп турат.

Deutsche Welle