Кытай/Индия

​Курал боюнча адис: Кытай менен Орусия АКШнын аркасынан сая түшүп калды

21 февраля 2018 г. 14:00 1720

Кытай гана эмес Орусия да куралга каражат сарптоосун арттырып бара жатат. Пекин асман менен сууда АКШга тең тайлашканга жарап калды. Бул жагдай дүйнөдөгү коопсуздукту барган сайын начарлатмакчы дейт IISS экспертти Бастиан Гигерих.

Британиянын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтунун (IISS) дүйнөдөгү куралдануу жөнүндө баяндама жазган адистеринин бири Бастиан Гигерих Пекин менен Москва эмне себептен куралга көп акча бөлүп жатканын жана бул жагдай дүйнөнүн коопсуздугуна кандай таасир берээрин айтып берди.

DW: Ар түрдүү өлкөнүн куралдануусу жана дүйнөдөгү курал боюнча тең салмактуулукка арналган баяндамада быйыл Кытайга өзгөчө көңүл бурулуптур. Пекин айрыкча аскер-аба күчтөрүн ыкчам куралдантып барат. Мындан улам Вашингтон асмандагы негизги ордун жоготуп бара жатат десе болобу?

Бастиан Гигерих: Кытай азырынча АКШнын деңгээлине жете элек. Бирок коргонуу өндүрүшүнүн кээ бир багыттарында кытайлыктар америкалыктардын аркасынан сая түшүп, бир нечесинде алардан ашып кетти. Быйыл Пекин учактан атылгандан кийин узак жердеги бутаны ура алган ракетаны ишке киргизди. 2020-жылы болсо кытайлар жаңы, бешинчи муундагы (батыш квалификациясы боюнча) истребитель менен куралданышат. АКШ менен анын батыш шериктештери асманды кенен кесир пайдаланган доор аркада калды.

- Деңиздечи, анда да ушундай эле жагдайбы?

- Ооба. Кытай акыркы төрт жылда британдык куралдуу флотто канча кеме жана суунун алдынан сүзгөн кемелер бар болсо, ошончону куруп салды. Кытайлар Франциянын Деңиздик курал күчүндө согуша алчу канча куралдуу сүзүүчү нерсе бар болсо, андан да көбүн чыгарды.

- Кытай мунусу менен эмне максаттарды көздөп жатат?

- Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүн кеңири аймакта колдонгусу келет. Пекин бул максатына ырааттуу умтулуп, жакшы натыйжаларга жетти. Өткөн жылы кытайлар жаңы истребитель менен куралданышты. Азыр ата мекендик конструкторлору иштеп чыккан биринчи учак ташуучу кемени курууда. Африканын Жибутисинде Кытай элдик республикасынын согуштук деңиз базасы пайда болгону да өтө маанилүү. Мунун баары Кытайдын деңиздеги күчүн арттырууда.

- Бирок сиздер Орусия тууралуу өтө эле башкача жорум бергенсиздер. Куралдуу күчтөрүн жаңылоодо Москванын көйгөйлөрү барбы?

- Орусия өз алдына өтө күчтүү максаттарды койгон. Бирок экономикалык кыйынчылыктар согуштук модерндештирүүсүн чектеп турат. Акыркы эки жалда Москва куралга сарптаган чыгымдарын чектеп калды. Бирок Кытайдан айырмаланып ал Украина менен Сириядагы согуштук кагылышууларга катышууда. Орустар сугуштук тажрыйба топтоп, жаңы технологияларды киргизип, стратегиялык артыкчылыкка жетти. Ошентип коргонуу тармагында Кытай да, Орусия да барган сайын АКШны четке сүрүп бара жатат.

- Мындай чакырыкка жооп катары Трамп европалыктарды куралданууга көбүрөөк каражат сарптоого чакырды. Европада куралга жумшалган чыгымдар барган сайын артып баратканы ошондонбу?

- Бул жерде Трамп эффектин издеп кереги жок. Албетте Вашингтондун түрткүсү белгилүү бир таасир берет. Бирок Европанын куралдык каржылоосу 2014-жылдан бери эле артып келген. Анда Ак үйдө Трамптын жыты да жок болчу. Менин оюмча, европалыктардын акылына дүйнө мурункудай коопсуз эмес экени жетти окшойт. Мунун себеби Орусиянын агрессивдүү тышкы саясаты менен Украинадагы кагылышуу. Бирок инфляцияны эске алганда, европалыктардын 2017-жылы коргонууга жумшаган каражаты 2010-жылдагыдан жогору эмес.

- Эки супердержаванын болжолдуу кагылышуусу тууралуу сиздердин баяндаманы окуганда, алар өзөктүк куралдарын жаңыртып жатканын көргөндө, коркот экенсиң. Биз өткөн кылымдын 80-жылдарына кайттыкпы?

- Дал ошондой эмес. Албетте, мындай кагылыштын чыгып кетүүсү жакынкы жылдары акыркы 20 жылда болбогондой артты. Бир чети Кытай менен Орусия АКШнын артыкчылыгына шек келтире башташты. Бирок бул сөзсүз согушка алып барат дегендик эмес.

Өзөктүк модерндештирүү боюнча Кытай менен Орусияга келгенде, маселе ракеталарга каршы коргонуу калканын жарып өтүүгө байланыштуу. Ошондуктан алар гиперүндүк учуучу аппараттарды иштеп чыгууда.

- Аны кантип түшүнсө болот?

- Ал алдын ала билинбеген траектория менен эбегейсиз тез учкан баллистикалык ракетанын сокку урчу бөлүгү. Аны учурда ракетага каршы колдонулуп жаткан системалары жок кыла албайт.

- Мындай эң заманбап согуштук технологиялар дүйнөдө коопсуздукту сактап калуу үчүнбү?

- Себеп менен кесепет арасында дайыма байланыш бар. Мындай технологиялар өзөктүк соккуга каршы коргонууну алсыздатса, анда дүйнө кооптуу боло баштайт. Бирок кеп сокку уруу гана эмес, коргонуу жөнүндө да болуп жатат. Учурда жаңы иштелип жаткан куралдар колдонууга өткөндө гана ири өлкөлөрдүн согуштук күчтөрүнүн тең салмактыгы бар же жок экени билинет.

Deutsche Welle, Дүйнө