Борбор Азия

Мамлекеттик бюджет – сиз менен биздин капчык. Андагы каражатты кантип текшерип турса болот

20 февраля 2018 г. 9:30 859

Бюджетти баш-аягы карап чыгалы деп кирише келгенде, өкмөт бизден катуу жашырып жүргөн сыр ачыкка чыкты. Көрсө, Кыргызстан бай мамлекет экен!

Биздин өлкөнүн кедейлиги жомок болуп чыкты. Аны жыл сайын бизге кайталаган өкмөт, бул жомоктун аркасына өзүнүн ийгиликсиздиги менен колу туткактыгын жашырып жүрүптүр. Биздин өлкөбүз бай экенин билгендигибизди өкмөткө көргөзүү үчүн мамлекеттик акчаны эсептеп туруу керек. Анткени ал биз менен сиздин акча.

Биз менен сизди өкмөт алдабашы үчүн мындан кийин мамлекеттик акчаны эсептеп туралы.

Элдик капчыкты өкмөт обу жок какшытып турбашы үчүн төмөнкү жөндөмдөрдү өздөштүрүү керек:

1. бюджетке тиешелүү иш кагаздарды талдоо жөндүмүн;

2. жетпей жаткан маалыматты таап чыгуу жөндүмүн;

3. талдап чыккан соң бюджеттин жигердүүлүгүн арттыруу жолдорун сунуштоо жөндүмүн;

4. бюджеттик сунуштамаларды турмушка ашыруу жөндөмүн.

Төмөндө сиздин назарыңызга биринчи жөндөмгө тиешелүү видео-роликти сунабыз. Ал сизге жылда жарыяланган республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жадыбалдары жана тиркемелерин талдаганды үйрөтөт.


Кийинки роликтерде бюджеттик маалыматты таап чыгууну, бюджетти жалпы талдаганды жана бюджеттин жигердүүлүгүн арттыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну, парламент менен өкмөттүн бюджеттик чечимдерди чыгаруусуна кантип таасир берсе болоорун үйрөтөбүз. Кызыккан жарандарыбыз бюджетти тереңирээк түшүнүү үчүн атайын түзүлчү топторго катталса болот.

precedentinfo.kg