Батыш

​Дүйнөнүн коопсуздук конференциясы: Орусия кандай болсо да, ансыз коопсуздук мүмкүн эмес

19 февраля 2018 г. 19:23 3224

Мюнхен конференциясынын акыркы күнү Батыш менен Орусия мамилесинде эки анжылык бар экени даана көрүндү. Сын пикирлер жетишкендиктери менен бирге айтыла баштады. Жакынкы Чыгыш негизги тема болду.

Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференциясынын акыркы күнү 18-февралда сөз алган Израилдин премьер-министри украиналык президенттин салтын улантты. Беньямин Нетаньяху Сириядан учурулуп, Израилде атып түшүрүлгөн ирандык учкучсуз учактын калдыгын көрсөттү. 2015-жылы ушул эле трибунадан Пётр Порошенко Орусияга ыктаган Донбасстагы чагымчылдар тарабында согушуп, тутукунга түшүрүлгөн орусиялык жарандардын паспортторун көрсөткөн. Алыс сыяктуу көрүнгөн согушту кол менен кармап көрүүгө болот эле. Бул тууралуу конференцияга катышкандар “эмкиде бири танктын калдыгын ала келчүдөй көрүнөт” деп тамашалап жүрүштү.

Иранды кара булут каптаганда

Чындап караганда конференцияда тамашалагыдай маанай жок. “Баварлык короо жай” мейманканасынын банкеттик залындагы Нетаньяхунун ачуулуу сөзүнөн кийин келе жаткан согуштан качып кутулуш мүмкүн болбогондой сезилип кетти. 2007-жылдагы Владимир Путиндин сүйлөгөнүнөн кийинки кансыз согуштун эмес, кадимкидей кан-жин аралаш согуштун жыты келе түштү. Тактап айтканда, учурдагы кагылышуунун кеңейээри сезилди. Нетаньяху Жакынкы Чыгыштагы тең салмактуулукту бузгусу келгиси бар деп Иранга сес көрсөттү. Израилдин премьери өлкөсү куралдуу күчүн кеңири колдонууга даяр экенин сездирди.

Конференциянын акыркы күнүнүн дээрлик бардыгы Жакынкы Чыгыштагы абалга арналды. Бул тема салтка айланып калган АКШнын тышкы саясатын талкууда да көтөрүлдү. Америкалык сенатчылар жаңы администрация келгени менен атлантика аралык кызматташуунун өзөгү мурункусундай калат деп ишендирип, европалыктарды сооротконсуду.

Бирок көзгө көрүнөөрлүк өзгөрүүлөр да бар. Алардын бири АКШнын мурунку администрациясынын Ирандын өзөктүк долбоору боюнча бир бүтүмгө келип, санкцияларды алуу маселесине тиешелүү. Трамптын администрациясы бул бүтүмдү сындап, андан чыгуу мүмкүнчүлүгүн угузган. Сенатчылар батыш бизнесин Иран жана өзөктүк куралды сынап жаткан Түндүк Корея менен соодадан баш тартууга чакырып жатышты. Бул мамлекет да Мюнхенде Иран сыяктуу согуш тутанып кетчү очок катары каралды.

Кош жылдыз болуп сайраган Пушков менен Керри

Жакынкы Чыгыш боюнча талкууда Мюнхен конференциясынан калбаган ОФнын Совет Федерациясынын мүчөсү Алексей Пушков Орусияга өкүлчүлүк кылды. Алып баруучу айым аны тааныштырып жатып Москванын Сирия боюнча дипломатиялык аракеттерин белгилеп: “Орусия учурда бул аймактагы негизги согуштук держава”, - деди.

Пушков менен бирге талкууга катышкан АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Жон Керри бири-бирин мактап-жактап, бир тарапты карманышты. “Мен Керри мырзаны колдоп, Иранды тандоодо биз макулдашуу менен согуштун арасынан бирин тандайбыз”, - деди орусиялык саясатчы. Мурунку мамкатчы аны карыздар калтырган жок. Ал үнүнөн да билинип турган арманын айтып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Иран жана Сирия боюнча кантип макулдашканын эскерип, ал учурда Москва канчалык жумшактык кылганын айтып өттү.

Керринин чечендигинин кээ бир жерлери Путиндин АКШ менен Орусиянын эл аралык террорчулук деген орток коркунучу бар деген ойлоруна сөзмө сөз окшошуп кетип жатты. Мурунку мамкатчынын кээ бир орток демилгелер Вашингтондун энөөлүгүнөн улам ишке ашпай калды дегени орус делегациясына майдай жагып жатты.

Орус жалданмачылардын өлүмү кашаадан сырткары калды

Орусияда ызы-чуу чыгарган АКШнын февралдын башындагы Сириядагы абаа чабуулунан кийинки орусиялык жалданма согушкерлеринин өлүмү конференцияда ачык сүйлөшүлгөн жок. Подиумдагы талкууда бул теманы Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Стефан де Мистура кыйыр жаңсап өткөнсүдү. Ал ири оюнчулардын аймакта бар экенидигин, алар өтө жакын болгондуктан инциденттер болуп жатканын айтып, бирок бул өлкөлөр “өздөрүн жоопкерчиликтүү алып жүрөт” деп кошумчалады.

Бул теманы АКШнын өкүлдөрү да көтөргөн жок. Мурунку мамкатчы Керри абалды Вьетнамдагы согуш менен салыштырганга болбойт деди. Кээ бир сенатчылар бул окуяны ЖМКлардын билдирүүсүнөн эле билгенин, Мюнхенде ал боюнча талкуу болбогонун моюндашты. Атын атагысы келбеген бири гана Сирияда өлгөн жана жарадар болгон орусиялыктар жүздөп саналышы мүмкүн деди. Москва бир нече адамдын гана өлүмүн расмий тастыктады. Ошол эле убакта алар орус армиясынын катарындагы аскерлер эмес экенин баса белгиледи.

Москва менен эки анжылык

Жалпысынан алганда, Мюнхендеги конференция Батыштын Орусия менен мамилесиндеги эки анжылыкты дагы бир жолу ачык көрсөттү. Бир тараптан – Украинага каршы агрессияда жана АКШдагы шайлоого кийлигишүүдө күнөөлөө, жаңы санкциялар менен коркутуу. Сенатчылар Вашингтон жаңы чектөө чараларын даярдап жатканын айтышты. Алар орусиялык чириген байларды бутага алышы мүмкүн дешти.

Алардын бири айткандай, орусиялык саясатты өзгөртүү үчүн АКШ олигархтардан алар Путинди “омуроолойт” деп күтүүдө. Биринчи катарда орун алган Мюнхен конференциясынын адаттагы коногу орусиялык миллиардчы Олег Дерипаска муну кунт коюп угуп олтурду.

Экинчи тараптан, Орусияны тигил же бул аракети үчүн жазалоо убадалары тынчтык орношу үчүн Сириядагы абалга Москванын таасир берип коюусу керектиги тууралуу чакырыктарга тетири түшүп жатты. Конференциянын катышуучуларынын бири айткандай: “Орусиясыз абалды өзгөртүү мүмкүн эмес”.

Deutsche Welle, Дүйнө