Борбор Азия

​Эки өлкө баяны. «Өлгөнү жакшы болду, чоңойсо террорчу болмок...» кайдыгерлик дайрасына чөккөн жаш үй бүлөөлөр жана илгери үмүттөр

17 февраля 2018 г. 13:39 2918

Кечээ күнү эки карама-каршы сезимди насип этти Жараткан. Зулумдуктун тереңдигин жана Берешен Алланын кенендигин.

Зулумдукту көрбөгөндөр да, аны сырттан өлчөгөндөр да жаңылып жаткансыйт.

Бир өлкөдөн жарандар качууда. Ал биздин боордош, бир-тууган мамлекет – Түркия. Бийлигинин зулумунан, аны колдогон өз элинин кайдыгерлигинен.

Калкынын ырыскысын уурдаганын жашырып, бийлигин сактап калыш үчүн бир топту чыккынчы деп жарыялайт заалым. Он миңдеп аял-эркек дебей, кээде ымыркай бала дебей камап кирет. Китеп окуганы, аны окутканы, бала тарбиялаганы, тарбиялаганга акча бергени, китеп жана гезитте эл оңолсунчу деп өз оюн жазганы, калкым ойгонсун деп телеге чыгып айтканы баары камалат.

Өкмөттү курал менен төңкөрүү аракетин жасады деп камалгандын дээрлик көбү мугалимдер. Элинин келечегин окутуп-тарбиялаганга илими да, адеп-ахлагы да, жаштыгы да жетчү мугалимдер. Анткени заалымдын жанындагылар ачык эле айткан “калк канчалык илим-билимдүү болсо, бизге берген добушу ошончолук азаят” экен деп. Калк бул ойду колдойт, ашык илим баш жарат дегени бар; булар курал кармабаганы менен ою жаман деп адамдын ниетин Кудайдан бетер өлчөгөнү бар; атаң көрүлөр, каапырдан жаман деп, мал-мүлкүн тоноп, мындайдыкын болот деп, кыз-келинине асылганы бар...

Кечээ дүйнөдөгү заалымга каршы кара булут, мазлумга жаркын үмүт болуп турган өлкө, бир заматта өз жаранын жериген өгөйгө айланат экен.

Жаш мугалим жигит аялын, 2 жарым жаштагы баласын алып, терең дайранын нары жагындагы, ата-бабасы душман деп келген өлкөгө качууга мажбур. Анткени буга чейин өзүнө окшогон он миңдеген мугалим кыз-жигит менен бирге жумуштан айдалды. Эч бир жерге кирип иштегенге жол беришпейт. Жакындарың жардам берсе да, айыкпас дартка чалдыккан кишиден чочулагандай, оолактап турушат. Анткени бул өлкөдө белгилүү бир интернеттеги соцтармакка катталганы үчүн капаска солонгондор бар. 11 ай абакта жатты. Ал жерде сабалгандарды көрдү, өзү да сабалды. Чоочундун колу тийбеген, кыздын чыңыртып зордукталганын укту. Кесарево менен төрөгөн келин ымыркайы менен бирге камерада жатканын көрдү. Кудай деген сөзү оозунан түшпөгөн бийликтин ар бир райондо бирден жаңы түрмө салам деп мактанганын укту. Паспорттору жумуштан айдалган күндөн бери жокко чыгарылган. Бардык компьютерге киргизилген, билет алып чыгам десе, “баягы террорчулар качам деп чек араны өтүп баратканда кармалды” деп шоу кылат бийликке малай болуп калган бардык пресса.

Чыгаар түнү кат жазышат жакындарына. “Эки рекет кажаат намазын окуп, жолго чыгып жатабыз. Бизге дуба кылгыла. Хижрет ниети менен кетип жатканыбызга күбөсүңөр” деген. Аялы, бала-чакасы менен үйлөтүлгөн кайыкка түшүп, терең дайрадан өтмөй болушат. Өзүнө окшогон мугалимдер эки ай мурун үч баласы менен бирге чөгүп кеткенине карабай жолго чыгышат.

Дагы бир мугалимдин үй-бүлөсү менен бирге качмай болушат. Кайыкты саткандардан сууга чөктүрбөчү жилет алганга да акчалары жок. Чоочун болсо да учурдагы агайыңдан артык болуп калган жээк тигине, көрүнүп турат. Дайранын так ортосуна жеткенде калкылдап араң бараткан кайык оодарылып кетет. Жээкке “баламды куткаргыла” деген эненин үнү гана жетет. Бала болгону 2 жарым жашта. Ошол курактагы дагы эки бала, беш чоң кишиден үчөөнүн жансыз денеси чоочундашкан мекенинин жээгине кайтат. Мына суу жолуна чыгабыз дегенде кайыкка чогуу минген жигит гана аркы жээке сүзүп жетип, өлкөсүндөгү зулумдукту дагы бир жолу тастыктайт...

Заалым бийлик арам акча менен чоңойтуп жаткан, кайдыгер калк таш боорунун суугуна кактап асыраган жаш кыздардын бири твиттеринде чөгүп кеткен бөбөктөр жөнүндө “өлгөндөрү жакшы, чоңойсо террорчу болмок” деп жазды.

Окуянын канчалык оор экенин өз кесиптештерим журналисттерден сездим. Алар да өгөйлөшкөн өлкөсүнөн качып кутулушкан. Кечээ Ютубга чыгышкада көздөрү шишип кызарган. Эң курч суроо бере билген кесиптештин бул күнкү суроолору тамагына кептелип, муңдан муунуп турат, боздоп жиберейин деген терең үшкүрүк чыгып, сүйлөй бериңиз деп конокко ишарат берет...

Тескери дуба заманы ушинтип бышат тура... Заалымдын зулумун мазлумдун Аллахы басат жакында... Эч ким күтпөгөн жактан, Ал билген гана себеп менен келет жардам...

***

Кыргызстанда жакшы иштер болуп жатат. Жогорудагы заалым бийликке Кыргызстандын мурунку ажосу гана ачык каршы чыкты. Өз элинин балдарын тарбиялап окуткандарды куугунтуктаганды жиндикананын врачтарына көрүнгүлө деди. Ал өлкөдөн качып мамлекетине коргологонго үмүттүн жарыгы, мазлумдун калканы болду.

Түркиянын жаңы элчиси Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин баарына кирип “силерден күчтүү жана бай бийликтер бул мугалимдерди куугунтуктап, бирин-экин уурдап өлкөбүзгө салып берди” дегенине карабай, учурдагы бийлигибиз да мындай бузуку элчини унчукпай колунун сырты менен капталга жылдырып койду.

Мурунку да, азыркы да ажобуз далысын эки жолу заалымды кубалап чыккан ишенимдүү элине таяды. Кудай кут-дөөлөт берсин интернеттеги ар бир адилетсиздикке каршы, ар бир узатылган колго үмүт берген элибизге.

Калың элди тарбиялагандар кечээ той берди. Телегейи тегиз, толуп-ташыган кыргыз тою. Тамак-ашка, накыл сөзгө, жакшы тилекке, Жаратканга жалбарууга толгон той...

Кадырлуу эжебиз эки сөз сүйлөдү. Жетимиш жыл кудайсыздыкты окуткан мамлекетте жетимиш жашка чыккан атабыздын Алла деп жазып кеткен ырын окуду. Анан “эркеги айбаттуунун, ургаачысы ызаттуу болот” деген накыл кепти айтып, баарыбызга жол көрсөттү...

Токсон жашка чыккан апабыздын тою да эскерилди. Элден үмүт үзгөн бирине “Эл болгон соң чыгат” деп кайраттуу жооп бергенин эстедик.

Залдын үчтөн бири өспүрүм өрт балдар, үчтөн бири аларды тарбиялагандар, үчтөн бири каражат сарптагандар...

***

Эки мамлекет, эки бийлик, эки эл... Биринчисинин жакшылары, убагында экинчисинин жаштарына тарбия берген, үлгү болгон. Эл болгон соң чыгарат экен Жараткан. Заалымды да, зулумдукка каршы турган кыз-жигитти да. Жок дегенде тетири дубасы менен каршы чыккан кыз-жигитти...