Ара жолдогу мамлекет

​Согуштан кайткан балдар

16 февраля 2018 г. 7:27 1236

Согушкер балдар – бул он сегизге толо элек кезинде кандайдыр бир туруктуу же туруксуз куралдуу күчтөрдүн катарына кирген тестиерлер. Алар учурда Азия, Африка жана Латын Америкасындагы түрдүү кагылышууга катышып келишет. Ал жактагы балдар согушта өлөт, жаракат алат, мажбурланып согушка кирет, зордуктоого кабылат, тирүү калкан катары колдонулат. Конго, Либерия жана Сьерра-Леоне сыяктуу мамлекеттерде куралдуу топтордогу согушкерлердин 70%га жакыны бала-аскерлерден турат.

Балдарды куралдуу согушка аралаштыруунун миң жылдаган тарыхы бар. Жакындан бери аларды кан майданына тартууга кокаин жана амфитамин сыяктуу баңгилер колдонула баштады. Учурда мыкты, чечкиндүү жана натыйжалуу согушкерлерди тартууну каалаган көпчүлүк куралдуу топтордо баш айланткан заттар колдонулат. Мажбурланган же алданган кичине балдар өлүмдүн эмне экенин түшүнбөгөндүктөн, робот сымал ойлонбостон өлтүрүшөт. Мындай балдар согушта тирүү калса да, ички дүйнөсү байыбай калгандыктан, психикалык жактан жетилип чоңоюшпайт.

Мындай көрүнүш көбүнчөсүн бардык тараптан алсыз мамлекеттердин жарандык кагылышууларында байкалат. Бул аймактарда мыйзам иштебейт, душмандын чек арасы так болбогондуктан согушта көбүнчөсүн карапайым калк кырылат.

Согушкер балдар жакшы бизнес. Алар аз ичип-жешет, асыроосу арзан, атайын жашоочу жайлар менен кийимге муктаж эмес, буйрукту кыңк этпей аткарышат, катаал тартипке тез моюн сунуп беришет, согушка кирээрде татаал идеологиялык түшүндүрмөлөрдү талап кылышпайт. Аларга эң жөнөкөй ыкмаларды үйрөтө салып, дароо согуштун алдынкы аймактарына айдаса болот, бирок балдар чоң кишилерден турган атайын аскерлик топтордун да айласын кетирип коё алышат. “Согуштагы баңгизаттар” китебинде Каменски бала-аскерлердин жоготчу эч нерсеси жок эмес, алар жашоонун деле эмне экенин толук түшүнбөйт деп жазган. Өспүрүмдөр мурунку жашоосунан толук кол үзгөн, өткөн өмүрүн толугу менен өзгөрткөн биринин алдында жашоого көнүп берген, берилген согушкерлик үчүн эң мыкты талапкер.

Латын Американын шаарларында бала-согушкерлер жогорудагыдай шарттарда эле баңги картельдеринин куралдуу күчтөрү болуп беришет. Статистика боюнча Рио-де-Жанейродо баңги таркатууга алты миң бала катышат, жалпы Мексика боюнча 30 миңге жакын бала иштетилет. Алардын тагдыры окшош: оор жакырчылык, мындай абалдан чыгуунун мыйзамдуу жолдорунун жоктугу жана жакшы акча табуу убадасы. Бул айда Колумбияда чыккан “Жаш курагын карабаган согуш” аттуу баяндамада 1960-жылдан 2016-жыл арасы 18 жашка жетпеген 16879 бала түрдүү согуштук топторго кирген. Булардын арасынан эркек балдардын 76%ы жана кыздардын 63%ы 12-16 жашында курал кармаган.

Буэнос-Айрестин жакыр кварталдарында жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн эң жакын адамы далдалчы деп аталган баңги-дилерлер. Мамлекет өз милдетин аткарбаган аймактарда алардын ордун дароо башка түзүмдөр ээлейт. Тапичке сатып алуудан баштап, өлгөн жакыныңды жерге берүү, хирургиялык операция жасаган врачтардын акысын төлөө маселесинин баары ушундай далдалчыдан карызга акча алуу менен чечилет. Жакырчылык жана укуксуздук өкүм сүргөн жерде далдалчы мамлекеттин да, коомдук жардамчынын да ордун ээлейт. Полис, врач же адвокат эмес, “чоңойсом далдалчы болом” дейт балдар. Анын мыкты машинасы, толтура акчасы, сайрандоо мүмкүнчүлүгү, саркеч кийими жана аброю бар. Жергиликтүү өкмөт АКШ берген жардамга иштеген Баңгиге каршы күрөшүү башкармалыгы менен бирге баңги бизнесин токтото албай келет. Жаш балдар негизги ролду ойногондуктан, бул бизнес күн өткөн сайын өсүп, кубаттанып барат.

Бул көйгөйдү көп жылдан бери изилдеген журналисттер Де лос Сантос жана Ласкано жазган “Маймылдар” китебинде балдар баңги ишкерлигинин негизги каармандары катары сүрөттөлөт. Баңги-бандалары тааныштары аркылуу балдарды сегиз жашынан баштап жалдайт. Алар баңги түшүмүн жыйноого жана сатууга жалданат. Мындай иштин аркасынан балдар курсагын тойгузуп, курдаштарына караганда көп каражат табууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул жарыштагы эңсеген марасына алардын чанда бири жетет. Алар менен бир көчөдө жашап жүрүп, бир күнү эле эркин саякаттаганга, кымбат буюмдарды сатып алып, люкс унаа айдаганга жетишкен бирин көргөн жаш балдар аларды үлгү тутушат. Ушундай жашоого жетем деген балдар өзүндөй тестиерлерди камап, сабаган бункерлерди кайтарышат, оор жумушка тартылышат, аларды полис жана атаандаш бандалар куугунтуктайт, атышат. Алардын эң бактылуулары онлайн камерасы бар тик учак менен сааттап кубаланып, полистердин колуна түшүп, элге дүң болушат. Росарио шаарынын эң чоң көрүстөнүндө акыркы беш жылда көмүлгөндөрдүн 40%ы баңги согуштарында курман болгон жаш балдар.

Жарандык же партизандык согуштагы, шаардагы арам бизнес кылган бандалардын катарындагы бала-согушкерлер адамзаттын эң олуттуу көйгөйлөрүнүн бири. Бириккен Улуттар Уюму согуш топторуна кирген балдар сотко тартылбашы керек деп эсептейт. Алардын жаш курагын эске алып, тескерисинче, кылмыштуу топко зордолуп киргизилген курмандыктар деп эсептеш керек дейт.

Бала-аскерлер – баңги менен бастырылган ачуу оору. Алар эбегейсиз теңсиздиктин белгиси. Согуштун балдары өлүмдү эч жакка кача албачу өз тагдыры катары эсептеп алышкан. Алар жашабай туруп ушундай бүтүмгө келишкен.

Ребека Фаур жана Федерико Павловский, Pagina 12, Аргентина