Орусия

​Россия Сириядагы туңгуюкка кептелди

14 февраля 2018 г. 23:06 1532

Өткөн аптанын этегиндеги Евфрат дайрасынын боюнда сириялык аскерлер менен америкалыктар колдогон оппозициячыл күчтөрдүн ортосундагы кагылышуу сыр эмес. Түрдүү булактардан келген маалыматтарга караганда, америкалык соккудан бир топ орусиялык жалданма аскер да каза болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер ал жерде болгон эмес деген даяр жообун айтып кутулду. Бирок орусиялык Conflict Intelligence Team уюмунун тергөөчүлөрү өлгөн жети орусиялык тууралуу маалыматты такташкан. Блумберг агенттиги 200 десе, ишенимге анча арзыбаган булактар 600 дешти.

Олуттуу жоготуулар

Орусиялык жалданма аскерлеринин Вагнер тобуна тиешелүү адамдары салтанаттуу көмүлбөйт жана аларга, бир апта мурун Сириянын түндүгүндө атып түшүрүлгөн аскер учкучу Роман Филиповдой, баатыр ордени берилбейт.

Орусияда согушта жалданма күчтөрдү колдонууга тыюу салынган. Өткөн жылдын декабрында Хмеймим авиабазасына күтүүсүздөн учуп келген орусиялык президент Владимир Путин ИГИЛ террордук тобунун жок кылынганын жана куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгү Сириядан чыгып кетээрин айткан.

Андан бир нече аптадан кийинки куралдуу кагылышуу бул айтканына карама-каршы келет. Интернет заманында “Вагнер тобунун” курман болгон мүчөлөрүн жашырып коюу мүмкүн эмес. Бардык жалданмачылардын тагдыры окшошуп кетет. Алар башында украиндик Донбасста согушуп, андан кийин Сирияга өтүшкөн. Кыйыр түрдө болсо да, алар ортомчулар аркылуу, орусиялык мамлекетке кызмат өтөшөт.

Жоготуулар америкалыктар көзөмөлдөгөн мунай кендерине орус жалданмачылары сириялык аскерлер менен бирге чабуул койгондо пайда болгон. Алар аркасынан америкалыктар колдогон күрд согушкерлерине кол салып, орустар менен америкалыктарды бөлүп турган чийинден өтүп кетишкен. Америкалыктар буга жол бербесин баамдоого болот эле. Алар орус аскерлери менен байланышкан, бирок расмий бийлик орус жалданмачыларын токтото алган эмес. Сириялык согуш талаасындагы мындай орус-америкалык кагылышуу өтө кооптуу. АКШ да, Орусия да буга кызыктар эмес. Шылтоо табылаары менен Батышка согушчандык айыбын таккан Орусия үчүн мынчалык ачык маалымат көзөмөлдөн чыгып кетчү кесепеттерге себеп болушу мүмкүн.

Орусия чыныгы ортомчу эмес

Согушта курман болгон орусиялыктар жөнүндө маалымат катуу тарап баштагандан бери орус парламенти менен оппозициясы тарабынан бул ишти ачык карап көрүү чакырыктары тарай баштады. Бул орусиялык жетекчиликти эки анжы абалда калтырды. Орусиялык байкоочулардын айтымында Путин “жеңиш” деп айткандан көп өтпөй согуш кайра тутанып кетип жатат. Андыктан Путиндин билдирүүсү саясий ката болуп чыгууда.

Орусия Сириянын президенти Башар Асадды оор согуштук жана саясий абалдан чыгарды. Путиндин аркасы менен Асад кайра күчтөнүп, Орусия өзүн бул араздашууда ийгиликтүү кепил-дөөлөт катары көрсөтө алды. Ошол эле убакта бул аракет Москва толук көзөмөлдөй албаган күчтөрдү пайда кылды. Жалданмачылардын күчү, алардын көз карандысыздыгы мындай тобокелчиликтин бири. Атып түшүрүлгөн аскердик учак, жаңы жылдын түнүндө Хмеймин авиабазасына дрондордун чабуулу, израиль-иран-сириялык араздашуусунун курчуганы – мунун баары орустардын Сириядагы утулуштары.

Орусиянын бул региондогу татаал жана табышмактуу байланыштары Израиль, Иран жана Түркияга келип такалууда. Тель-Авив, Дамаск жана Тегеран арасында ортомчулук кылам деген Москва алардан өзү көз каранды болуп калды. Ал Иранды да, Израильди да, айрыкча Асадды таштап кете албайт. Орусия тышкы саясатында чоң бурулушка себеп болчу араздашууга барган сайын сорулуп кирип бара жатат.

Ийгиликсиз дипломатия

Дипломатиялык талаада канчалык аз ийгилик бар экенин эки жума мурунку Сочидеги сириялык конференция ашкереледи. БУУнун катышканы анын салмагын оорлоштурду. Бирок натыйжага келгенде, орусиялык эксперттер да анын шоуга жакын иш-чара болгонун тастыкташты. Сириядагы акыркы окуялар да буга далил. Орусия Сириядагы аракети менен дүйнөлүк саясатта бир нерсе утуп, геосаясатта бир нерсеге жеткендир, бирок бул өлкөдөн чыгып кетүү стратегиясы жок. Анын ордуна өзү ойготуп алган желмогуздардын таасиринде калды.

Маркус Акерет, Neue Zürcher Zeitung, Швейцария