Ислам дүйнөсү

Ишенимсиз ортоктор: Эрдоганды АКШ кетиреби же Орусиябы?

14 февраля 2018 г. 0:13 1704

Өткөн аптанын этегинде АКШ президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер Түркияга келип кетти. Аркасынан Американын коргоо министри Жеймс Мэттис келмекчи. АКШнын тышкы иштер министри (мамлекеттик катчы) Рекс Тиллерсон да Түркияга аттанууда.

Мындай тезек суутпаган жогорку деңгээлдеги зыяраттар Түркия менен АКШ алакаларын бир сыйра карап чыгуга мажбурлайт. Албетте бул өңүттө эки тизгин бир чылбырды колуна жыйнап алган Таййип Эрдогандын келечеги тууралуу сүзсүз сөз кылуу керек.

Түркия менен Американын алакасы дегенде, айла жоктон түрк бийлигинин тышкы саясатынын өзгөчөлүгүнө токтолосуң. Түркиянын тышкы саясаты бир адамдын – Таййип Эрдогандын келечеги менен тыгыз байланышта, андыктан ички саясат үчүн ашкере колдонулат.

Тышкы саясат, б.а. мамлекеттин сырткы коопсуздугу учурда түрк ички саясатынын чок ортосуна жайгашкан. Ошондон улам Афринден күндө келип жаткан түрк аскерлеринин сөөгүн узатууга жыйналган элди Таййип Эрдоган өз митингине чогулган кишилердей көрүп, ички саясатка таасир берчү трибуна катары колдонуп келет.

Алдамчылыкта АКШны 3:1ге уткан Эрдоган

Вашингтон менен Анкаранын саясаты Эрдогандын келечеги менен чыйралышып калгандыктан, маселеге ошол өңүттө кароо эң туура болот.

Эрдоган акыркы убактарда АКШдан же бул өлкөнүн мурунку президенти Барак Обамадан алданганын көп айтып жүрөт. Учурдагы президенти Трамп да ошол жолго түшкөнүн билдирген. Сириялык күрддөрдүн куралдуу күчтөрү Менбиж шаарына кирбейт деп Америка сөз берип, бирок сөзүнө турбаганын алдануусунун эң негизги далили деп эсептейт.

Бул маселеде Эрдогандыкы туура. Барак Обаманын учурунда АКШ сириялык күрддөргө жардам берээр алдында Түркия менен көп жолу сүйлөшкөн. Акыры алардын куралдуу күчтөрү Фырат дайрасынын батыш тарабына өтпөйт деп сөз берген. Эмне үчүн сөзүнө турушпады?

Менбиж стратегиялык шаар. Ал жерде аэропорт бар, андан сырткары Фырат дайрасынын чыгышында ээлеген жерлерин коргоп калууда америкалыктар менен күрддөр үчүн өтө маанилүү калаа. Аскердик стратегиясынын бир бөлүгү болгондуктан Менбижге киришти. Бирок мындай жүрүш жасаганга Эрдогандын алдамчылыгы шылтоо болду. Ал АКШны канча жолу алдады?

Ар бир саткындыгына “алдандык” деген шылтоо айткан Эрдоган кимди, канча жолу алдады? Өлкөнүн ичидеги ортоктору жана жакындарын алдаганын санап бүтө албайсың. Тышкы саясаттагы ортокторун алдаганын же алдоо аракеттерин да эсептесең баш адашат.

Америка менен Түркиянын ортосундагы алдануу темасын Барак Обама ачкан. Президенттиктен кетээр алдында “Атлантик” журналына берген маегинде Жакынкы Чышытагы эң чоң өкүнүчү Эрдоганга байланыштуу экенин айткан. Түрк президенти “алдады” деп түз айтпаса да, Эрдоганга аябай ишенгенин, бирок дүйнөлүк лидерлик деңгээлдеги адам эмес экенин, кыялдары кан сарайы менен андагы креслодон ашпаганын билдирген.

Чынында Обама Эрдоганга чоң мүмкүнчүлүктөрдүн жолун ачкан. Шайлангандан кийинки тышкы зыяратын Түркиядан баштаган. Ислам дүйнөсүнүн демократия менен ыкташып кете алаарына байланыштуу чоң үмүттөрүн Эрдоганга артканын айткан. Бирок Эрдогандын кичинекей мээсиндеги кичинекей кызыкчылыктары мынчалык улуу максаттарга жол бербейт экени көрүнүп калды.

Эрдоган Обаманы бир нече жерде алдады. Биринчиси, “Мави Мармара” кемесинин Палестинага баруусунда алдады. Америкалыктар менен израилдиктерге бул кеме Израилге барбайт деп акырына чейин сөз берип келген. Бирок ошол кездеги ички саясаттагы кыска мөөнөттүк эсептер боюнча “Мави Мармаранын” баруусу пайдалуу болгондуктан АКШга берген сөзүн унуткан.

Кемеде өлгөн түрк жарандары темасын Эрдоган ички саясатта бир топко чейин колдонду. Бирок бара-бара башын оорута баштаганда “Менден сурап койдуңарбы” деп “Мави Мармара” менен баргандарды 20 млн долларга израилдиктерге сатты. Кемеде өлгөндөргө ал акча берилбегени белгилүү. Ушундай киши жөнүндө кеп кылып жатабыз.

Экинчи алдаганы Сирияга байланыштуу. Америка Эрдоган менен бирге Асадды кулатаарына ишенген. Ал болсо өз кызыкчылыгын көздөп, Асадды кулаткан соң Сирияга өзүнө көз-каранды топторго бийлик берем деп ойлогон. Бул максаты АКШныкы менен дал келбей калып, ага жетиш үчүн ИГИЛ, “Аль-Каида” жана “Аль-Нусра” сыяктуу террорчу топторго Түркиянын чек арасын ачып берген.

Үчүнчү алдаганы “Реза Зарраб” кылмыш иши аты менен бүтүдөй дүйнөгө дүң болду. Ал боюнча АКШ жана БУУ менен бирге Иранга каршы киргизилген эмбаргону сактайм деген. Түркиянын мамлекеттик “Халк банкы” да бул ишенимди утур жаңылап турган. Бирок Зарраб сунуштаган миллиардаган долларлык параларды көргөндө кармана албай, АКШны алдаганга аракеттенген.

Бул үч алдамчылыктын аркасынан Эрдогандын кулагы көрүнүп калган. Андыктан андан тажаган америкалыктар Сирияда жана Жакынкы Чыгышта саясатын улантыш үчүн жаңы партнёрлорду – сириялык күрддөрдү табышкан.

АКШ Эрдогансыз Түркия менен иштейт

Америкалыктар Эрдоганга муктаж эмес, бирок Түркия менен иш кылууга мажбур. Алар Эрдоганды кетиреби, ооба, кетирет. Күчтөрү буга жетеби, ооба, жетет.

Америка Эрдоган кеткен соң, аркасында калган “Садат” сыяктуу уюшкан куралдуу, кылмыш топторду эмне кылыш керектиги тууралуу бир чечимге келе элек. Эгер Америка Эрдоган кеткен соң Түркияны сактап калуунун формуласын тапса, аны бир күн да креслосунда калтырбайт. Муну Эрдоган да билгендиктен америкалыктар менен ишенбестик ортоктугун түзүү аракетинде.

Эрдоган АКШ менен Орусия ортосунда

Вашингтон Орусия менен Ирандын Ак деңизге чыгуусун тосуш үчүн сириялык күрдөр менен стратегиялык келишимге барган. Түркия болсо күрддөр жайгаша баштаган коридорду бөлүү аракетинде. Бул жерде Америка менен Эрдогандын максаттары бири-бирине карама-каршы. Ишеним жагына келгенде, айрыкча Эрдоган АКШны кайра-кайра алдаган орток. Ошондуктан америкалыктар Эрдоганды эптеп алаксытып туруш үчүн майда-чүйдө белек берип коюп жатышат. Эрдоган иштин маңызын сезип, ачуусу келүүдө.

Эки тарап тең эптеп убакыт өткөрүүгө өтүштү. Бул убакыт көпкө созулбайт. Америка акыры Эрдоганды тебет. Сириялык күрддөрдүн сайттарын караганда, АКШ чоң казанды асканы жана жакында Эрдоганды ага салып кайната баштаары көрүнүп турат. Бир видеодо ИГИЛдин мүчөсү түрктөрдүн атайын кызматы менен саясатчылары аларга кантип жардам бергенин, адамдардын аттарын атап, убакыт-сааты жана жерин даана көрсөтүп, ийне-жибине чейин түшүндүрүп берип жатат. Мындай далилдер менен Эрдоганга каршы террорду колдойт деген кылмыш ишин ачууга эч кандай тоскоол жок.

Бул иш курчуп барганда Путин да ортого кирет. Анткени Эрдоган кайра Орусияны сатып, АКШны көздөй оосо, Москва түрк евразиячылардын колу менен Эрдоганды муунтуп кирет.

Түрк президенти эки туңгуюк жолдун бирине кирди. Ары-бери кыйшаңдап, жол узартып, убакыт утуу аракетинде. Акыры же Орусия, же Америка анын түбүнө жетет. Мындай мөөнөт качанга чейин узаарын эмес, качан аяктаарын ойлонуу керек.

Ошондуктан акыркы убакта тездеген америка-түрк жолугуулары убакыт узартуу жагынан гана маанилүү.

Эмре Услу, Yolgezer