Батыш

​Ракета жарышында Илон Маск Орусияны 12:11ге утту

12 февраля 2018 г. 18:18 596

Биздин каармандар орун алмашып калган сыяктуу. Убагында Юрий Гагариндин космоско учушу америкалыктарды таң калтырса, Falcon Heavy ракетасынын ийгилиги орустардын оозун ачырды

Falcon Heavyнин аман-эсен учуп кетиши космосту багынтууда жаңы барак гана ачпастан, орусиялык космостук өндүрүш түндүк америкалыктан аркада калганын апачык көрсөтүп турат.

Дүйнөдөгү эң күчтүү ракета жер орбитасынан атырылып чыгып, орусиялык космостук тармакты “өзөөртө” сүзгөндөй эле болду. Орус окумуштуулары бул тууралуу чочулаган жорумдарды сүйлөп чыгышты, саясатчылары болсо, Орусияны өздөрү технологиялык жактан артта калтырганын билгендиктен, түрдүү шылтоо айтышты.

Биздин каармандар орун алмашып калган сыяктуу. Убагында Юрий Гагариндин космоско учушу америкалыктарды таң калтырса, Falcon Heavy ракетасынын ийгилиги орустардын оозун ачырды.

“Орусиянын лидери” конкурсунун финалдык жарышын ачкан орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьери Игорь Шувалов: “Силердин араңардан жанагы Илон Масктар пайда болсун. Кечээ оор ракетаны учуруп, дүйнөнү дүрбөтүштү. Араңарда Tesla жана башкаларды жараткандар болот”, - деген тилегин айтты. Шувалов көптөгөн адаттарынын арасында, жеке учагы менен асыл тукум иттерди ташыганы менен да белгилүү.

Сөзүнүн акырында ал: “Мен орус эли америкалыктарга караганда шыктуураак деп ишенем. Мени америкалыктар кечирсин”, - деп кыпчый кетти.

Андан да башкача болмок беле. Биз атаандаштыкты уттуруп баратабыз, бирок баары бир баарынан мыктыбыз. Бул суу кечпеген советтик үгүттүн кайталанышынан да башка бир нерсеби? Ал үгүт “балет менен космоско” келгенде СССРга теңелүүчү эч ким жок деп айткандан тажачу эмес.

Орус саясатчылары Совет доорунун калдыктарынын эсебинен байыгандын ордуна илим менен технологияны кантип жандантуу керектиги жөнүндө акыл калчаса болмок.

Бирок бул маселе алардын башын оорутпайт окшойт. Артта калуу уланат, анткени Орусияда космостук долборлор мамлекеттик компаниялардын колунда. Алардын бири оор бюрократиялык түзүмү бар, чачынан бутунун тырмагына чейин паракорлукка баткан Роскосмос. Мисалы жаңы “Восточный” космодромуна миллиондогон долларды агызышкан. Ошондон улам Tesla электр унаа чыгарган компаниясынын акция ээлеринин жыйналышын утурлай Илон Маск атайын Falcon Heavy ракетасын реклама үчүн учурду деген Рокосмостун өкүлү Игорь Буренковду түшүнсө болот.

Роскосмостун жетекчилери миллиондогон маяна алып жаткан учурда, ракеталарды чогулткан заводдун инженерлери жарыбаган акчага иштешет. “Военное обозрение” сайтынын жазганы боюнча космонавтика тармагында иштеген инженердин айлыгы 220-300 евро. Ошол эле тармакта иштеген темир устанын маянасы 500 еврого чейин жетет. Эксперттердин айтымында орусиялык космостук долбоорлорду аксаткан себептердин бири ушул. Өткөн аптада орусиялык “Протон-М” ракетасынын старты үчүнчү ирет жылдырылып, эми апрелде учаары айтылды.

Путиндин бай достору жана бир нече тирүү калган олигархтар акчаны өлкөнүн келечеги үчүн жумшоо зарыл деп эсептешпейт. Анын ордуна чет өлкөлүк футбол клубдары менен кымбат эмерек сатып алышат. Зээним алдап кетпесе, Михаил Прохоров аттуу магнат гана орусиялык гибриддик автоунаны каржылаарын айткан. Бирок ал эмдигиче чыга элек.

2017-жылы Илон Маск бардык космостук дөөлөттөрдү аркага калтырды. Ал өткөн жылдын августуна чейин 12 ракета учурганча, Орусия 11, Кытай 8, Европа биримдиги 6 ракета учурушкан. Falcon ракеталарын учуруу бир топ арзаныраак, аларды колдонуу космоско жүк ташуу чыгымдарын 50%га азайтмакчы. Мындан сырткары ракетанын кээ бир бөлүктөрүн бир нече жолу колдонсо болот.

Falcon Heavyнин артыкчылыгы жана кемчиликтери тууралуу сөз кылуу али эрте болгону менен, Маскка атаандашам деген мамлекеттердин космостук өндүрүшү үчүн бул ракета баары бир олуттуу эскертүү.

Орусиялык «Газета.Ru» интернет басылмасы: “Ооба, Орусия жер жүзүнүн тунгуч космонавттын жана адам учурган космонавтиканын мекени бойдон кала бермекчи. Чын эле СССР жана Орусиянын 121 космонавты космоско учуп барып келишти. Биз шумдуктуу америкалык бизнесмен Илон Маск учурганчалык ракетаны жыл сайын учура берээрибиз да чындык. Бирок ал сыяктуу жеке тобокелчилиги жана коммерциялык кызыкчылыгы бар кишилерсиз орусиялык космонавтика америкалыктардан запкы чегип кете берээри да түшүнүктүү болуп калды”, - деп жазды.

Ал арада орусиялык космонавтика сүйүүчүсү Виталий Егоров Фейсбуктагы баракчасында: “Менден бир нече жолу “Биз SpaceXтин ийгилигин кайталай алабызбы” - деп сурашты. Техникалык жактан алганда кайталайбыз. Ракетанын бир бөлүгүн кайра пайдалануу же өтө оор ракетаны учуруу акыр аягы келип математикалык маселеге такалат. Математиктер бизде жок эмес! Бизде кыялкечтер түгөндү!”, - деген комментарий калтырган.

Жозе Мильязеш, Observador, Португалия