Борбор Азия

Тажик оппозициячы: Заалымы акча каткан, мазлуму өзү качкан Европа жана башкалар жөнүндө

12 февраля 2018 г. 13:26 1361

ТИКЖП оппозициячыл партиясынын лидери тажик бийлиги дипломатиялык тилди түшүнбөйт, аларга каршы санкция киргизүү керек деген ойдо. Ал муну кантип ишке ашыраарын DW маалымат агенттикгине түшүндүрүп берди

Бул өлкөдө тыюу салынган Тажикстандын исламдык кайра жаралуу партиясынын (ТИКЖП) жетекчиси Мухиддин Кабиринин кылмыш иши Тажикстандын Жогорку сотунда каралып баштады. Айыпталуучу ТИКЖП жабыла электе 2015-жылы күзүндө өлкөсүнөн чыгып кеткенге үлгүргөн. Тажикстандын мыйзамдуу саясий талаасында күчтүү оюнчу болушкан анын кээ бир партиялаштары оор кылмыштарга жыгылды. Ал айыптардын арасында мамлекетти төңкөрүү аракети да бар. Европада жашаган оппозициялык саясатчы DWга берген маегинде партиясынын учурдагы абалы, тажик оппозициясынын мерчемдери жана Европа анын өлкөсүнө кандай мамиледе экенин айтып берди.

DW: Кабири мырза, Тажикстанда башталган сотто сизди мамлекеттик же өзүңүз жалдаган адвокат жактап жатабы? Айыптоочу тарап сотко эмне менен келди?

Мухиддин Кабири: Мен сот башталганын прессадан уктум. Андан башка эч нерседен кабарым жок. Партиялаштарымды узак мөөнөттөргө айыптаган буга чейинки соттор жактоочу менен байкоочуларсыз өткөн. Менин сотум да ошондой сценарий менен өтүп жатат окшойт. Ал жакта адвокатым жок. Өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасынын айтымында сот жабык өтүүдө.

- ТИКЖП жетекчилери Тажикстанда соттолгондон бери эки жылга жакын мөөнөт өттү. Бул арада Европадагы эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандагы, саясий (анын ичинде ТИЖКПга да) куунунтук тууралуу бир нече жолу маселе козгошту. Бул ТИКЖП мүчөлөрүнүн абалына кандайдыр бир таасир тийгиздиби?

- Алардын тагдырлары анча деле өзгөргөн жок. Менин орун басарым Махмадали Хаит менен дагы бир саясий туткун Зайд Саидовдун иштери БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде каралып жатат. Европарламенттеги жолугушууларым учурунда да бул маселени көтөргөм. Бирок чеке жылытаарлык жылыш жок. Анткени Тажикстан алардан өтө эле узак мамлекет. Негизги дүйнөлүк оюнчулар биздин регионго анча кызыгышпайт. Бирок биз өлкөбүздөгү саясий туткундардын абалына, анда болуп жаткан окуяларга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракетибизди токтотпойбуз.

Мухиддин Кабири

- Европалык саясатчылар Тажикстандагы ТИКЖПнын абалы менен канчалык тааныш?

- Европада абалды түшүнгөн адам аз эмес, биз менен жолугуп, аны талкуулаганга даяр. Бирок алар менен ырааттуу жолугушууларды уюштуруу оңойго турбайт. Биздин абалды түшүнүп турушат. Бирок Европанын Борбор Азияда адам укуктары менен демократия эмес башка нерселерге артыкчылык берээрин алар ачык эле айтышат. Ошондуктан биз ушуга жараша аракет кылуудабыз.

Менин билишимче, Борбор Азия менен алакада европалыктар коопсуздук, террор жана экстремизм менен күрөшүү, миграция, соода-экономикалык алакаларга артыкчылык беришет. Андан кийин гана адам укуктары менен демократияны коюшат. Германия Евробиримдикке төрагалык кылган 2007-жылы ушундай приоритеттер коюлган. Жакшы жагы европалыктар муну ачык эле айтышат. Кээ бир мамлекеттер адам укуктарын биринчи орунга коёбуз дегени менен европалыктардан эч айырмасы жок.

- Бирок тажик ОМОНунун командири Иракта ИГИЛдин лидерлеринин бирине айланганына Европа катуу көңүл бурду...

- Тажикстандагы радикалдашууга келсек, ичинде исламдык мыйзамдуу оппозиция да бар, кандай болбосун легалдуу оппозицияны жабуу, алардын ордуна радикал күчтөрдүн келүүсүн камсыздайт. Биз муну мурунтан айтып келебиз, азыр да айтабыз. Тажикстандын ИИМинин маалыматы боюнча ТИКЖП жабылганга чейин ИГИЛ, “Аль-Каида” жана “Талибанда” 300 тажик гана бар болсо, учурда 2000 болду. Эки жылдын ичинде бир нече эсеге өскөн. Бул биздин чочуубузду далилдеп турат.

Тажикстандын учурдагы саясаты террорчуларга кошулган адамдарды, өлкөдөгү нааразычылыкты арттыраарын европалыктар түшүнүп турат. Бирок буга карабастан Душанбедеги бийлик менен кызматташып, курч маселени сылык-сыпаа чечкенге аракеттенгени өкүнтөт. Тажик бийлиги дипломатия тилин анча түшүнө бербейт. Аларга жеке санкция киргизүү тили жакшы жетет. Биз Иран же Белорусияга киргизилгендей, бүтүндөй мамлекетке санкция коюлуусуна каршыбыз. Бирок адам укуктарын одоно тебелеген аткаминерлерге каршы санкцияларды колдойбуз. Алар Европага келип турушат, бул жердеги банктарда эсеп ачтырып коюшкан.

- Менин билишимче, укук коргоочулар Өзбекстан боюнча тизме даярдап жатат. Тажикстан боюнча мындай тизме даярбы?

- Биринчиден, мен Еропарламентке, башка европалык мекемелерге жана улуттук парламенттерге барганымда бул маселени талкуулаганбыз. Ал жерлерде мындай документ даярдалып, тиешелүү жолугушууларда расмий жарыяланышы керек дегендер бар. Мындай демилгени колдоп, бул тизмелер абалды оңдоого жардам берет деп эсептешет.

Экинчиден, биз тизме даярдап, аны факт жана далилдер менен бекемдеп жатабыз. Заалым тажик аткаминерлеринин тизмеси евопалык жана америкалык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерге жакында сунулат деп ойлойм.

- Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев кеңири реформаларды баштады. Бул Душамбеде реформа башталуусуна түрткү болобу?

- Учурда Өзбекстанда болуп жаткан нерселер Тажикстан гана эмес бардык регионго таасирин тийгизет. Баары Шавкат Мирзиёевдин реформаларынын натыйжасын күтүп жатат. Алар ишке ашпай калса, бул жалпы Борбор Азиядагы реформаторлук кыймылга катуу сокку болот. Бирок Шавкат Мирзиёевдин учурдагы аракети Тажикстандагыдан өтө эле башкача. Бул жактан караганда Өзбекстандын президенти мамлекеттик структураны алмаштырууда. Тезирээк ишке ашсын деп көпчүлүк тилеп жатат. Бирок менимче ал туура тактика тандап алды. Абалды курчутуп албаш үчүн шашпастан, ырааттуу кадамдарды таштап келет.

- Бирок тажик бийлиги да кыймылдап баштагансыды. Мисалы, мамлекеттик мекемелердеги паракорлукка каршы кандайдыр бир программа сунуштагансышты...

- Тажикстандагы арам кекиртектик менен күрөш анын себебине тийген жок. Себеби болсо коррупция менен күрөшөм деген бийликтин дал өзү. Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун ишинин натыйжасы менен күрөшүп жатат. Эмомали Рахмон өз саясатынын натыйжасы менен күрөшө албай, үстүртөн оңдоп-түзөө менен алек. Чыныгы күрөш системаны толугу менен кайра курууга байланыштуу. Бул Рахмондун ордуна башка киши келгенде гана ишке ашат.

- Тыюу салынганы эки жылга толгон ТИКЖПнын абалы кандай?

- Биз партияны учурдун талаптарына жараша кайра куруп бүттүк. Эми Тажикстанда абалдын өзгөрүүсүн чын дилден каалаган ата мекендик күчтөр менен кеңири коалиция түзүү аракетин баштадык. Алар аз эмес. Жакында орточул диний жана светтик саясий күч менен кыймылдар бир туунун алдында топтолобуз деген ойдомун. Мындан башка жол жок. Бир да саясий түзүм учурдагы абалды өз алдынча тескеп кете албайт.

- Каримовдун режиминен Европага коргологон өзбек оппозициясы менен жарандык демилгечилер өлкөсүнүн атайын кызматтары аркасынан аңдып, коркутуп жатат дешкен. Тажик атайын кызматтарынан мындай коркунуч барбы?

- Биздин атайын кызмат өзбектердикиндей күчтүү деп ойлобойм. Бирок акыркы жылдары бир нече мамлекеттин жардамы менен Каримовдун учурундагы өзбек кызматтарындай аракетке өтүштү. Аркабыздан жүргөнүн сезип калабыз. Алар Европада, айрыкча Түркия менен Орусияда кеңири иштеп башташты.

Бирок Европада биз аракетибизди кеңейтебиз. Бул жердин абалы Түркия менен Орусияныкынан башкача. Батыш жана анын жардамынын натыйжалуулугуна келгенде, борбор азиялык оппозиция өзүн-өзү алдап жүрүптүр. Тажик оппозициясы ишин өз күчү жана мүмкүнчүлүгүнө жараша кура баштады. Учурда батыш мамлекеттеринен алардын реалдуу мүмкүнчүлүгүнөн артык эч нерсе күтпөй калдык.

Deutsche Welle, Борбордук Азия