Батыш

Жер жүзүнө чоочундар

10 февраля 2018 г. 16:39 812

Эсиңизде калдыбы, билбейм. Согушта өлгөн атасынын сөөгү коюлаар алдында уюштурулган митингден чарчаган баланын «Энеке, үйүбүзгө кетеличи» дегени? Энеси байкуш, «Каралдым ай, үй калдыбы эми?» деп жооп бергенин?

Ал сөөктүн аркасынан канча сөөк, ал жетимдин аркасынан канча жетим өттү. Ачуу ачууну баса албаса да, бирок унуттурду. Ачуу маанай өлкөнүн ар жерине жайыла баштады. Ата мекен чоочундашып, жетимдик көкүрөктө түнөк алган сезимге айланды.

Коопсуздук жана ишеним чебинин урап түшкөнү сыяктуу «үй» түшүнүгү да талкаланды.

Полистер тинткен, ата-энеге кишен салынып алып кетилген, айыл башынын, коңшунун кимдер кирип-чыгып жатат деп аңдыган жер үй болбой калды мындан кийин. Коркуулары сүйүүсүн ашып түшсө, ата-эне да бир-туугандыктан чыгат тура. Бараарга жер, каккылаганга эшик калбаса, географиялык аймак мамлекет болбой калат экен.

Ошентип баштады мажбурлуу көчтөр.

Үй коопсуз жай, бир-тууган төркүн, ата мекен башпаанек болбой калгандагы көчтөр.

Көңүл имараты кулады, сезимдер желеси үзүлдү, көздөр узак закымдарды көздөй бурулду.

Ошентип башталды чоочундук.

Кете албаган, бирок зулумдукка да моюн сунбагандардын аркасынан эшиктен сала эшик жабылган барзах (рухтар кыяматка чейин күткөн жер) ааламы болду.

Мазлумдардын заалым башкаруучулар менен биргелешкен жер жана карапайым калктын жамандыгынан качып, жаңы тургузулган капастарга коргологон аймак болду.

«Жаратуучубуз, асман менен жердин Жаратуучусу. Биз Андан башкасын эч качан кудай дебейбиз!» (Кахв сүрөсү, 14), - деп дайыма жаш жана эр жүрөк калгандар ошол капастарга корголоду.

Эс ала алчу бир үй

Азрети пайгамбарыбыздын көңүлү оорусун, укканда кыйналсын деп аталаш тууганы Акилдин Меккедеги үйүн талкалап салганы айласыз көчтөрдүн символу болуп калды.

Мекка мусулмандардыкы болуп, «О, Алланын элчиси! Кайсыл жерде эс алгыңыз келет?», - деп сурашканда, Пайгамбарыбыз кайгылуу жылмайып, ата-энесинин үйүн эстеп «Акил бизге эс алгандай үй калтырдыбы?», - деп жооп берген.

Ал кайгылуу жылмаюу кийин ыйманга келген Акилдин гана эмес, жакындарынын жашоосун тарыткан бардык туугандарга тиешелүү. Өтмүштүн, бир-туугандыктын, Аллах жана Пайгамбардын кадырын билбеген, жаныбыздагы чоочундарга жылмаюу.

Бошко кеткен адам намысына. Тебелендиде калган адеп-ахлак баалуулуктарына. Айбанча талкаланган мал менен жан коопсуздугуна.

Кыскасы, мазлумдар баш калкалыгыдай бир үй калтырбагандарга.

Суу сапары

Азрети Муса да бараарга үйү калбагандардан.

Бир тирандын жыргалчылыгы үчүн жүздөгөн ымыркай өлтүрүлгөн жерде ага да төрөлө элегинде өлүм өкүмү чыккан. Кудайдын жардамы менен гана өмүрү сакталып калган. Тирандын жубайы Азрети Асиянын жардамы менен Фираундун көрө албаганчалык жакынында анын жамандыгынан баш паанек табат. Заалымдын кан сарайы Мусанын адилеттүүлүгү көк салган үй болуп берет.

Өспүрүм чагына чейин гана жашай алат Египетте. Мыйзам, эреже дегенди билбеген жана ага коркунуч жараткан коомдон инсандык таза сезимдерин ала качат.

Бараар жери, арманын айтып берчү эч кимиси жок. Тизеси бүгүлүп жыгылганга чейин кете берет. Өзөк жалгаганга каткан наны да жоктур, балким. Энеси, бир-туугандары, балалыгы, көнүп калган нерсенин баары аркада...

Бир көлөкө жерге аркасын жөлөп, муктаж жана жакырдын тили менен «Жаратканым, бергиң келген ар нерсеге муктажмын» (Касас, 24) деп тиленет да Мээримдүүнүн жакшылыктарын күтүп олтуруп калат.

Анын Айка жергесинде Азрети Шуайбдын тарбиясын көргөн он жылы, куттуу көчтө (хижрат) көптөгөн пайда бар экенин көрсөтүп турат.

Хижрат мажбурлуу болсо да саякат эмес, тарбия тепкичинде жогорулоо анткени.

Хан сарайга суу менен келген сяктуу Египеттен да суу менен качат Азрети Муса. Ал күндөн бери деңиз жана океандардан өткөн момундар Азрети Мусанын жолун улагандар демек.

Үңкүр тарбиясы

Азрети Ибрахим да бараарга үйү калбагандардан. Ага окшоп үңкүргө киргендердин баяны – бул динин кармангысы келген адамдардын калктын кысымынан качып, Хакка (Акыйкат - Алла Тааланын ысымдарынын бири) коргологондордун окуясы. Өмүрлөрүнүн бир бөлүгүн чилеканаларда өткөргөндөрдүн руханий азыктарга толгону, келечекте ишке ашырылчу долбоорлорго даярдануусу дегендик.

Азрети Муса суу менен сыналса, Азрети Ибрахим от менен сыналган.

Алоолонгон отко ыргытылып жатканында, торолуп чыккан коомунан «кой» деген эч ким чыкпайт. Ал дагы «Асман-көктүн Эгесине» үмүт артып сапарга түшөт.

Албетте барган жеринде Жараткандан келген кабарларга кулак төшөгөндөр чагаар, чыкты да.

Үйсүздөрдүн үйү

Мазлумдарды басмырлап куугунтуктоо тирандардын канчалык адаты болсо, сүргүн (депортация) хижрат жана жалгыздык пайгамбарлардын ошончолук тагдыры. Албетте, пайгамбарларды үлгү туткандардын да.

Аллах «чоочундардын ээси, эк кимиси жоктордун башпаанеги» эмеспи. Хира тоосунда Азрети Абу Бакрга айтылган: «Капаланба! Аллах биз менен бирге», - сөзү хижрат сапарына чыккан, убадага бекемдердин баарына айтылган.

Дүйнөнү мүлк катары карабагандар үчүн жер жүзүн бүтүндөй үйгө айлантуу сыры ачылат.

Алар бараар жери болбогондордун бардык жерге чоочундук сезимин паспорт катары карманышат.

Үй ураткандарды карап отурбай, барган жерлерин журт кылышат. Көкүрөктөрүн мухиттей ачып, бардык инсаниятты конокко чакырышат.

Эмине Эроглу, tr724.com