Кытай/Индия

Кытайдан Борбор Азия аркылуу Европага өткөн темир жолдорду тарифтик согуштар ойрон кылчудай

8 февраля 2018 г. 18:08 1521

Бул региондо жаңы жанданып келе жаткан кытайлык “Бир кырчоо, бир жол” демилгеси азыртадан эле континенттер аралык соодага таасир берип, жүктөрдү темир жол аркылуу ташууга багыттоодо. Бирок эксперттердин айтымында мындай тенденцияны бекемдеш үчүн саясатчылар көмүскө баа бычуу көйгөйүн чечүүлөрү керек

Мындан бир нече жыл мурун эле Евразия мамлекеттер аркылуу темир жол менен жүк ташуу жаңылык болчу. Учурда Чыгыш Азия менен Батыш Европанын ортосунда темир жол менен жүк ташууну Кытай мол каржылап киргенде бул тармак тез өнүгө баштады. Дүйнөнүн эң ири ички порту болгон Германиянын Дуйсбургуна Кытайдан жумасына 25 поезд барууда. Анын баары Борбор Азия жана Орусия аркылуу өтүшөт.

Ал арада “жүк ташуу боюнча бирдиктүү инновациялык чечимдерди сунган дүйнөнүн алдынкы камсыздоочусу” деп өзүн тааныштырган Kuehne+Nagel компаниясы LCL деп аталган, бир контейнерди толтура албагандар үчүн да жүк топтоп темир жол менен жөнөтүү кызматын суна баштады. Kuehne+Nagel компаниясынын Шанхайдагы өкүлү Майкл Фромм мурун жүгүн аба менен ташыгандарды, “айрыкча оор жүктөрдү жөнөткөндөрдү” LCL кызматы кызыктыра баштады деген ойдо.

Азия менен Европа аркылуу темир жол менен жүк ташуу күн сайын артып бара жатканы менен жөнөтүүчүлөр үчүн олуттуу тобокелчилик бар. Тактап айтканда, учурда темир жол тарифтерин коюу ыкмалары аларды бир заматта көтөрүп жиберүүгө мүмкүндүк берет.

Тарифтердин наркы көбүнчөсүн көмүскө коюлат. Беларусь, Казакстан, Орусия, Кыргыз Республикасы жана Армения кирген ЕАЭБдин баалары тарифтерди ыңгайлаштыруу келишимине жараша коюлат. Учурда бир нече мамлекет аркылуу өткөн маршруттар боюнча тарифтерди бычкан же нарк талаштарын чечкен бирдиктүү мекеме жок.

“Бир кырчоо, бир жол” демилгесинин негизги максаты – товарларды узак аралыкка ташуу үчүн эффективдүү жана арзан ыкмаларды таап, эл аралык сооданы жандандаруу. Борбор Азиядагы татаал абалды эске алганда, темир жол менен ташууда “тоннасына карата баасы” дайыма арзан бойдон калат деп айтуу али эрте.

Учурда Азиядан Европага жүк ташууга катышкан бардык тараптар аны суу жана абаа менен ташуудан арзан болуусуна кызыктар. Ошондуктан жакынкы арада алар тарифтерди көтөрүшпөйт. Бирок темир жол менен жүк ташуу максимумга жеткенде, жергиликтүү өкмөттөр бааны дароо көтөрөт.

Мында эң начар сценарийди карап коюш керек. Эгер кандайдыр бир мамлекет тарифти көтөрүп жиберсе, башкалары да ээрчип кетиши мүмкүн. Бул аракет жаңы калыптанып келе жаткан тармакты уратып салат.

Мыйзамдуулук жана базар экономикасы бекем орногон мамлекетерде да темир жол нарк согушунан арыла элек. Мисалы тарифтерди көмүскө бекитүү АКШда чоң көйгөй жараткан. Бул мамлекетте континенттер арасында темир жол ташымдарын бир нече компания колго алып койгон.

Christensen Associates фирмасынын экономисти, темир жол ченемдери боюнча эксперт Марк Мейтцен америкалык жүк жөнөтүүчүлөрдүн адилеттүү тарифтер үчүн күрөшүүсү оор дейт. Анын айтымында баа негизсиз деген жөнөтүүчү өкмөттүн Жер менен жүк ташуу кеңешине кайрылуусу керек. Ал өтө кымбат баага турган териштирүү жана анализди талап кылат. Кыскасы АКШ бирдиктүү жана темир жолунун иши түшүнүктүү мамлекет болсо да ушундай көйөгөйү бар.

Көптөгөн улуттук чек аралардан улам Европанын темир жол тарифтерин бычуу оор. Европадагы тарифтерди ыкташтыруу үчүн атайын түзүлгөн Бобордук комиссиянын аналитиги Норберт Кридел унаа менен жүк ташуу кымбат, бирок ар өлкөдө ар башка тариф болгондуктан темир жол анча пайдалуу эмес дейт.

Америка менен Европанын тажрыйбасы Евразияны кандай көйгөйлөр күтүп турганына ишарат кылууда. Ошондуктан атаандаштыкта темир жолу жеңип чыгуусу үчүн тариф маселеси өтө маанилүү.

Кридел Евразия аркылуу ташылган жүктөрдүн мынчалык артканына “аябай таң калганын” айтат. Ошол эле убакта көп жүккө ылайыкташпаган белорус жана польшалык чек арадагы “тыгындарга” көңүл буруу керек дейт. Kuehne+Nagel компаниясынын өкүлдөрү да бул көйгөй бар экенине макул.

Christensen Associates фирмасынын экономисти Мейтцен темир жолдор менен ташылган жүк көбөйгөн сайын тарифтерди негизсиз көтөрүү коркунучу да жогорулайт деп белгиледи. “Бир кырчоо, бир жол” темир жол желесине жүк ташуучулардын ишеними артыш үчүн талашып-тартышууну алдын алып, натыйжалуу тескеген жаңы механизм түзүү зарыл.

“Бул үчүн атайын көз карандысыз темир жол комиссиясы керек”, - дейт Мейтцен. Мындай түзүм ЕАЭБдин алкагындагы жалпы тариф саясатын үлгү катары алса болот. Адилеттүү тарифтерди коюп, аларды негизсиз көтөрүп жиберүүдөн коргогон система баары бир керек.

Натан Хатсон, EurasiaNet, АКШ