Кытай/Индия

​Кыргызда жеке ишкелер 1960-жылдары эле чыккан, бирок көбү атылган

8 февраля 2018 г. 14:33 2199

«Жашоону конфискациялоо» китебинен үзүндү. Бишкек, 1999. Кыскартылган вариант

Айыптоо маалында кыргыз триктотажы «Мамлекеттик мерчем – бул мыйзам» деген принцип менен иштегени жана колдо бар чийки заттан көрсөтүлгөн сандагы товар гана иштелип чыкканы эске алынган эмес.

«Трикотажчылар» бул тармакта жетишкен ийгиликтери үчүн фабрикалардын арасында колдон-колго өтүп келаткан Кызыл Тууну алып, ыраазычылыкка жетишкен. Мерчемделген акчанын баары жалпы казынага түшчү.

Алар керектөөчүлөрдүн анык бейишин түзүшкөн. Күнүмдүк турмушка керектелчү товарлардын тартыштыгы учурдун унутулгус символу сыяктуу турган кезде, атайын түзүлгөн дүкөндөр менен базарлардан чоң-кичине дебей каалаган киши каалаган трикотаждык өндүрүмдү ылайыктуу баада сатып ала алган даражага жетишкен.

Алгачкы советтик чоймолуу байпактар так ушул Фрунзеде өндүрүлүп баштаган...

1962-1964. Хрущев, Сыщиков жана башкалар...

Карыя башын кайгылуу чайкап туруп небересине: «Угуп кой балам, Никитке эми тактыда отурбайт. Мындай бир кеп бар балам, падыша болоор киши денесин көргөзбөйт, айрыкча жыңайлак бутун эч качан...», - дейт.

Атасы менен кой жайып жүргөн шаардык студент небере: «Ой айтасыз да, чоң ата. Эми эмне Никита Сергеевич Хрущев Ысык-Көлгө түшсө да болбойбу? Анан калса, биздин койлор менен анын жансакчыларынан башка аны эч ким деле көргөн жок», - деп тамашага салат.

А көрсө акылман кары туура айткан экен. Хрущевду ошол эле жылы ээрден оодарып түшүштү. Кыргызстанга барышы анын акыркы расмий сапары болду деп да айтып калышат...

«Премьер болуп чөмүлүп, пенсионер болуп чыкты» деген учкул сөз так ушул табышмактуу көл боюнда туулган.

Анын келишин утурлай Чолпон-Атага жакын жайгашкан айылдарга «потемкиндик айыл»[1] түптөй калышты. Жалаң жакшы багылган койлордон турган бир короо кой алып келип, саргая түшкөн жалбырактарды жашыл сыр менен бойоп, «жасалма бактылуу» жашоочуларга жаңы ак калпактарды таратышты. Алар Никиткенин өзүнө (кыргыздардын тилинде) «бактылуу, бардар карылык» тууралуу айтып беришмек.

Айтмакчы, бардык карыяларын Муке, Суке, Туке, Маке, Каке деп кыскартып айтып көнгөн эл керек болсо советтик жол башчыны да Никита Сергеевич деп так айта алчу эмес.

Жергиликтүү эл ичинде азыркыга чейин атайын тигилген жасалгалуу боз үйгө киргизилген карыя тууралуу кеп айтылып калган. Үй ичиндеги улуттук кооздуктардын ордун заманбап аксессуарлар ээлеп, ал тургай сценарий боюнча бүтүндөй СССРдин башкаруучусунун алдына төшөлө турган өтө сейрек кезикчү өтө баалуу килемди да издеп жүрүп араң таап келишет...

Болжонгон мөөнөттө Хрущев атайын тигилген боз үйдөгү карапайым чабан менен учурашканы кирди...

Зыярат соңуна чыгып, Никита Сергеевич кеткен соң, райкомдун шуулдаган инструктору мамлекеттик мүлктөрдү кайра жыйнап кетмей болду. Бирок жаңы эле башына конгон бакытка көнүшө калган карыя аларды берүүдөн баш тартты. Ал керек болсо Хрущевдун өзүнө да кат жазам деп чыкты. Мына анан эмне болду дебейсиңерби? Баягы араңдан зорго табылган табылгыс килемди кошо кексе чалга калтырышты.

Айтуулар боюнча, ал киши өмүрүнүн аягына чейин Никита Сергеевичти кең пейил, адилет киши катары сыйлап, ал тургай ал тууралуу өйдө-ылдый кеп айткан кишилер менен кызыл чеке болуп мушташа кеткен учурлары да болгон имиш.

Анткени менен ал абышка үчүн Хрущевдун келиши анык бакыт болгону калп эмес эле...

Борбордогу жашоочулардын эсинде болсо ал завод-фабрикалардын жалаң алдыңкы жумушчулары, райкомдор жана парткомдор жыйналган стадиондо өткөн акылга жатпас, кызыктай кайрылуусу менен калды.

Эл аягында эч нерсе түшүнбөгөн бойдон тарап кетишти...

Бакырайган көздөрүнө кайгынын издерин жашырган кичинекей, бирок өтө өжөр аял гана бардык тосмолорду жырып өтүп, Хрущевго күйөөсүнүн жазасын жеңилдетип берүүнү өтүнгөн кат берүүгө жетишти.

Бул «трикотажчылар иши» боюнча 15 жылга кесилген Гафар Кошмуратовдун жубайы эле. Ал шордуу так ошол Фрунзеде өткөн катаал процесстин демилгечисинен жардам үмүт этип турганын кайдан билсин...

Ишкерликтин арты кандай жаман бүтөөрү көптөгөн жылдарга чейин алдыга умтулган кишилердин эси-көөнүнөн чыкпай калды.

Ал кезде али көчөлөрүнөн топурак көтөрүлүп, сирендин жыты буркурап турган көпчүлүккө белгисиз, кичинекей Кыргызстан башкаларга да сабак болгудай сот процессин өткөрүүгө өтө ыңгайлуу болчу.

Кыргызстан СССР республикаларынын ичиндеги эң коррупциялашкан өлкө деп табылып, саясий элитасынын быт-чыты чыгып, Нюрнбергде Эл аралык соттун өкүмү менен атылган гитлерчилерден да көп киши өлтүрүлдү.

Сот процессинин сценарийин москвалык чекисттер даярдаган. Ал сценарийге «арам тамактардын» аты-жөнү кошулса эле иш бүтмөк.

Ошону менен бул иштин өкүмү да, «кыргыз вариантындагы» иштин жүрүшү да башка республикалардын шаарларында кайра-кайра кайталанып турду. Анда кишилердин гана аты-жөнү алмашчу...

«Трикотажчылар иши» боюнча процесс Фрунзеде, 1962-жылдын 5-мартынан 13-июлуна чейин болду.

Соттук коллегиянын түзүмү да бир укмуш – СССРдин жогорку сотунун мүчөсү, юстициянын генерал-майору Цырлинский Б.С. төрагалык кылса, мамлекеттик айыптоочу катары СССРдин Генералдык прокурорунун улуу жардамчысы, экинчи класстагы юстициянын мамлекеттик кеңешчиси Терехов Г.А. менен юстициянын кеңешчиси Афанасьев В.С. дегендер.

Кыргыз цехчилерин СССРдин Жогорку сотунун сапардагы сессиясы соттоп атканы эле бечараларга эч кандай үмүт калтырган жок. Себеби адатта мындай иштерди андан нары апеллияцияга берсе болгудай кылып шаардык инстанциядагы эле соттор карайт эмеспи.

Бул кишилерди болсо мыйзамдуу коргонуудан ажыратышты. СССРдин Жогорку сотунун чечими эң акыркы чечим болмок жана эч кимге даттанууга мүмкүн эмес. Өтө катаал схема менен иштешти: кармашты, соттошту, атышты. Болбоду дегенде эле ар кандай мөөнөттөгү жаза берилди. Кокус алар киши өлтүрүп коюшканда, ошол кездеги советтик мыйзам боюнча алда канча жумшагыраак мамиле жасалмак.

Айрыкча КГБнын иликтөө бригадасындагы Сыщиков Михаил Михайловичтин аты дүңгүрөп турду. Ал бул жолку соттолгондорго СССРдин Жогорку Советинин Президиумунда жаңыдан токулган экономикалык кылмыштарга каршы өлүм жазасын киргизүү токтому колдонулаарын жакшы билип турган. Себеби так ушул Кыргызстандагы «трикотажчылар иши» менен бул мыйзам даана күчүнө кирди.

Бардык адвокаттар Москвадагы шаардык жана республикалык коллегиянын мүчөлөрү эле. Алардын эң эле жакшылары өзү жактай турган кишилердин жакындарына иштин баары эчак чечилип бүткөнүн, ошондуктан эң жаман жыйынтыкка да даяр туруулары зарыл экенин эскертип, дайыны жок акча коротпой эле коюуларын айтышты. А башкалары болсо күнөөлүүлөрдүн жазасын ого бетер арттыра турган көрсөтмөлөрдү бердирүүгө аракет кылып жатышты.

Албетте, айыпталгандар берген көрсөтмөлөр көбүнчө иретсиз болуп атты. Алар өзү тууралуу да, башкалар тууралуу да туш келди нерселерди сүйлөп жатышты. Кээде адатта кишинин оюна келбеген нерселерди да эстетишти.

Трикотажчылар ишинде» соттолгон кишинин уулу Давид Натензон бул тууралуу мындай эскерет: «Чекисттер илгертен келеткан адатына салышты: түнкүсүн кирип келип кармашты, тинтүү маалында ар кайсы жерде жаткан нерселерди да жийиркенбей кармап көрүштү. Көрсөтмөлөр да илгертен тастыкталган ыкма менен жүрдү: кыйнашты, сабашты, шантаж кылышты. Медициналык адистердин ою боюнча, психотроптук дары-дармектер да колдонулду».

Сыщиков башты айлантуу жагынан шумдук адис болчу. Анын алдында ташбакадай тырышкандар да кылганын, кылбаганын кошо мойнуна алаар эле. Натыйжада бул башкы жасоол «трикотажчыларга» ойго келбеген кылмыштарды моюндатып, айтылган чыгым сандардын ондогон эселеп көтөрүп атты.

Мен жолуккан көпчүлүк «трикотажчылардын» бала-чакасы аталарын аябай катуу сабап кыйнашканын айтса, кай бирөө атасына эч кимдин сөөмөйү тийбегенин, бирок, аябай катуу психологиялык кысым болгонун, үй-бүлөсүнө зыян келтирип коюу менен коркутушканын айтат. А дагы бирөөлөрүн болсо ачкалык менен кыйнашкан. Кээ бирөөнө ошол кездеги психиатрия тармагында жетишкен бардык ыкмаларды колдонушкан.

Суракка алуу маалында Бекжан Дүйшалиев «аялын кыйноодон куткаруу үчүн керектүү көрсөтмөнү берүүгө аргасыз болдум» деп, «дубалдын нары жагынан кимдир бирөө жубайын суракка алып, боздотуп атканын» уккананын айткан.

Бул 1961-жылдын 21-июну болчу. Дүйшалиевди атайын коңшу камера угулуп тургандай терезеси ачык 109-камерага киргизип суракка алышкан.

Зингер дагы, Газенфранц дагы жакындарына көпчүлүк көрсөтмөлөрдү жөн гана сыгып алышканын айткан...

КГБнын жертөлөлөрүндө өз ишинде дасыккан адистер отурчу. Алар керек болсо психологиялык кысым көрсөткөндү да жакшы билчү. Алгачкы көрсөтмөлөрдү кандай жол менен алышканы эмдигиче айтылып келет. Бул кепти карателдик органдардын ветерандары да, атууга кеткендердин адвокаттары да, соттолгондордун тууган-туушкандары да тастыктаган.

Эң башында, алгачкы «трикотажчыларды» отургузганда чекисттер эч нерсе таба да, далилдей да албай коюшкан. Керек болсо сабап атып да өздөрү күткөн сөздү чыгара алышкан эмес. Баары тең бир эле нерсени айтып туруп алды, бири-бирин такыр сатпай коюшту. Ошондо таасирдүү «трикотажчылардын» бирөөнү эсин оодарып туруп табытка жаткырышты да «шериктеринин» жанына алып келишти. Анан аларга: «Силер бул жерде унчукпай, бири-бириңди сактап отура бергиле. А бул болсо баарыңды сатып туруп өлүп калды» дешти.

Беркилер бир дүргүп алган соң, «өлгөн» киши тууралуу көрсөтмө бере башташты. А кийин «өлүктү» тирилтип алышып беркилер берген көрсөтмөлөрдү анын алдына коюшту. «Мына, сен унчукпай отурганың менен тиги досторуң бүт сен тууралуу айтып берди» деп айтышты.

Мына ошону менен тиги «чын дилден моюнга алууга» макул болду да, чекисттер эмнени уккусу келсе, ошонун баарын айтып берди...

Ошондон тартып иш даңгыл жолго түштү...

КГБнын жертөлөсүндө башына түшкөн кыйноолорду баары эле көтөрө алышкан жок. Аламедин трикотаж токуу фабрикасынын ага бухгалтери Ефим Абрамович сурак маалында өтө катаал стресске кабылды. Анын аш казанына доо кетип, ичи канга толо баштады. Өтө оор операция жасалгандан кийин, Ефимди атып салышты...

Ооруканада жатканында ал дарыгерлерден эч нерсе сурачу эмес жана мойнундагы иш тууралуу бир да жолу даттанган жок. Эч ким менен сүйлөшпөй, тымпыйып жүрчү жана тымызын ыйлачу... Ооруканадан чыккыча анын чачын ак басып кеткен.

Ошеровичти атайын сыз камерага киргизишти. Биринчи эле сурактан кийин ал дарыгерлерден уктатуучу дары чогулта баштады. Сот алдына барардын алдында ал кайсы бир версиялар боюнча бардык таблеткаларды бир ичип туруп, өз жанын кыйды. А кай бир версиялар боюнча «аны өлтүрүп коюшту».

21 кишиге атуу өкүмү чыкты... 30 советтик жаран 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Айыптоочулар кошуп жазган уурдалган каражаттын суммасы менен күнөөкөрлөр башкалар тууралуу да, өздөрү тууралуу да санап берген сандардын тактыгы да таң калычтуу. Көпчүлүгү «бузукулугун» мойнуна алып, «ресторандарда чардагандарын, жеңил ойлуу аялдар менен байланышканын» майда-чүйдөсүнө чейин санап беришкен. Алар «кылмыштуу жана антисоциалисттик турмушунун» 8 жылын ар бир мүнөтүнө чейин эстешкен.

Жазалоо чечими келтирилген чыгымды эсептөө түшүнүгү боюнча чыккан. Сот зыян келтирилген мүлктөрдү сатуудан, же иштетүүдөн мамлекетке канча киреше түшмөк (болжолдуу) экенин эсептеп чыккан.

Кыргызстан өзүнүн сапаттуу трикотажөндүрүмдөрү менен бир гана орто азия чөлкөмүндө эмес, анын аймагынан кыйла алыскы аймактарга да даңазаланган.

Алтымышынчы жылдардын башына карай СССРде цехчилердин идеологиясы түптөлүп, жарандар экономикалык жактан мамлекетке көз каранды болбогондой система түзүлө баштаган.

«Керектөөчүлөрдүн бейишин» жайылта берүү социалисттик системага чоң жарака кетириши мүмкүн эле. Мына ушундан улам бийлик цехчилерди, алардын арасында «трикотажчыларды да» душман катары, мамлекеттик түзүмдү кыйратуучу катары көрүп, процесске саясаттын кир бойогун сүртүшкөн.

Эң көп дегенде бир канча жылга чейин кесиле турган «трикотажчылар» ошол кездеги бийликтин тукуруусу боюнча жаңы эрежелер менен соттолушту.

Ушунун баары жергиликтүү саясий жакшыларды алмаштыруу каалоосуна дал келди. 1961-жылдын жазында Кыргызстандагы КП БКнын VI Пленумунда Биринчи катчы Исхак Раззаковду «элдик мүлктү башкаруудагы жана кадрлар менен иштөөдөгү олуттуу каталары жана кемчиликтери үчүн» деген айып менен кызмат ордунан бошотушту.

«Министрлер Советин жакшылап башкара албаганы, мамлекеттик тартипти бузганы жана жердешчилик кылганы» үчүн Министрлер Советинин өкүлү Казы Дыйканбаев да жумушунан алынды.

«Трикотажчылардын иши» тууралуу кеп пленумда айтылбаса да, республиканын жетекчилери так ошол себептен бошотулуп атканын баары тең билип турду.

Ырайымсыз күнөөлөө, алсыз коргонуу жана эң негизгиси, соттук процесстин жүрүшүнүн алдын-ала белгилениши акыр-аягы өтө кайгылуу бүттү...



[1] Потёмкиндик айыл – Екатерина II 1787-жылы түндүк кара деңизди карай жөнөйт дегенде ал өтчү жолду бойлой князь Потемкиндин буйругу менен курула калган айылдардан улам калган кеп