Ара жолдогу мамлекет

Орустардын табышмактуу “акыр кыямат” торпедасы

8 февраля 2018 г. 9:47 2381

Бул кокустугуна эч ким ишенбеген окуялардын бири болчу. 2015-жылдын 9-ноябрында Владимир Путин генералдарына уйку келтирген баяндама жасады. Анда Орусиянын коргоо өнөр-жайы жана АКШнын ракеталарга каршы коргонуу аракеттери каралган. Камера «капыстан» орусиялык торпеданын чиймесин көрсөтүп өттү

Аны окуп чыккан батыш эксперттери өзүн жоготуп коюшту. “Статус-6” аттуу суу алдында жүрчү снаряд: “душмандын суу жээгиндеги экономикасынын олуттуу бөлүгүн иштен чыгарып” жана “кеңири аймакты узак мөөнөткө радиация менен уулап, аскердик, экономикалык жана башка ишмердүүлүккө жараксыз кылып салышы керек” болчу. Ал Батышта чоң дүрбөлөң салды. Бир аздан кийин эле “акыр кыямат машинасы” жөнүндө айтып чыгышты. Анын 100 мегатонналык жарылуу күчү 500 метрлик цунами толкундарын жаратып, жүз миңдеген адамды мерт кылып, кобальт каптагычы болсо радиациялык нур чыгарып, жээктеги кеңири аймакты ууландырмак.

Бир жылдан кийин бул курал алгач ирет сыналат деген билдирүү тарай баштады. Бирок бул маалыматты тараткан булактар аталбай, долбор ушул күнгө чейин расмий тастыктоосуз турат. Жакында ачыкталган АКШнын өзөктүк доктринасы орустардын торпедалык долбору бар экенине ишарат кылган алгачкы расмий документ. Пентагон басып чыккан “Өзөктүк саясатка көз чаптыруусунда” (NPR) Орусия “континет аралык жаңы өзөктүк автономдук торпеда” иштеп чыгарууда деп айтылган.

Техникалык жагы күмөн жаратууда

Маселе төмөнкүдө: жогорудагы жарым сүйлөмдөн башка эч нерсе жок. Канчалык алыс кетээри, жарылуу кубаты, башкарылуусу, ылдамдыгы жана көлөмү тууралуу жазылган эмес. Болгону долбордун бар экени айтылган.

Буга чейинки ушактарда тараган техникалык ачыктамалар күмөнгө салат. Болжолдуу жарылуу күчү 100 мегатонна болсо, орустар буга чейин жардырып көргөн, тарыхтагы эң күчүү “царь-бомбага” салыштырмалуу эки эсе чоң дегендик. Америкалыктар буга чейин иштеп чыккан эң чоң бомбадан төрт эсе күчтүү.

Бул торпеданын (кээде аны учкучсуз учак дегендер да бар) жете алчу радиусу, 10 миң чакырым. Ошондуктан ал балким атомдук реактор менен иштейт. Эң жогорку ылмадыгы саатына 100 чакырымга жетет. Бирок мындай күчтүү өзөктүк кыймылдаткыч сүрөтүнө караганда диаметри 160 см гана болгон торпедада кантип колдонулаары али белгисиз.

Суу алдында радио байланышы начар

Торпеданы аралыктан башкаруу да оор көрүнөт. Суу радиотолкундарды жакшы тосот. Эң узун радиотолкундар араң 300 метр тереңдикке жетет. Ошондуктан суу астынан жүрүүчү кайыктар кеңири маалымат алыш үчүн жогорураак сүзүп чыгышы керек. Эгер орусиялык торпеда өзүнүн кайда экенин билдирем десе, антеннасы же радиобую суудан чыгып турушу керек болот.

“Статус-6” торпедасын АКШ өзөктүк доктринасында эмне себептен эске алды? Анын жообун документ өзү берип жатат. Анткени анда колдонуусу жеңил, чакан өзөктүк курал АКШ үчүн зарыл деп айтылган. Бул талапты бекемдеш үчүн документти иштеп чыккандар атаандаш державанын коркунучтуулугу барган сайын артып жатканын көрсөтүш үчүн колдон келген нерсенин баарын колдонушкан.

Документте кызыктуу салыштыруу диаграммалары бар. Орусия 2010-жылы өзөктүк курал ташыган 14 жаңы система иштеп чыккан. Анда континет аралык ракета, өзөктүк бомба ташыган көрүнбөгөн учак жана “Статус-6” торпедасы бар. Кытайлар бул убакта тогуз, алакандай Түндүк Корея он бир система иштеп чыккан. АКШчы? Бир далай жолу аварияга чалдыккан көп максаттуу F-35 согуш учагынан башка эч нерсе. Тактикалык өзөктүк куралга келгенде да ушундай эле мышык ыйлагандай маселе. Орустардын он бирден кем эмес системасы бар имиш, америкалыктардын болгону бир канаттуу В61 бомбасы бар. Ал да эски система катары эми араң жаңыланууда.

Суу алдындагы “кыямат кайым” куралы

Документте, АКШ ошондуктан чакан өзөктүк куралды ыкчам иштеп чыгышы керек деп жазылган. Ал жок дегенде орустардын биринчи соккусуна жооп катары керек.

Бирок орус тарапта да кимдир бирилери АКШнын чабуулунан коркуп тургансыйт. Анткени “Статус-6” куралынын иштелип жатканын башка себеп менен түшүндүрө албайсың. Ал чын эле бар болсо, согушта жоготчу эч нерсеси калбай калган Орусияга акыркы өч алууга керек.

2015-жылы өзөктүк эксперт Жефри Левис: Бул акылга сыйгыс долбор”, - деп жазган. Ал мунун баары “кансыз согуштун акмактыктай көрүнгөн кээ бир көз ирмемдерин эске салат” деген.

“Акыр кыямат” торпедасы чын эле кыямат машинасына окшоп кетет. Аны Советтер кансыз согуштун этегинде иштеп чыгышкан. Советтердин “Периметр” аттуу өзөктүк системасы “Өлүктүн колу” деп да таанылган. Ал америкалыктардын капыстан кол салуусунан кийин атылып чыгып, бул тарапта тирүү жан калбаган кезде да душманга жетип, аны жер менен жексен кылышы керек болчу.

“Статус-6” торпедасы ушундай логикага баш ийгенин АКШнын өзөктүк доктринасынын бир жеринен көрсө болот. Ал жерде бул курал аралыктан башкарылган же автоматтык эмес, “автономдуу” деп сыпатталган. Ал боюнча бири тарабынан от алдырылган торпедага миссиясын аякташ үчүн адамдын да кереги жок болот.

Мында жок дегенде терең суудагы торпеданы кантип башкаруу маселеси өзүнөн өзү чечилмекчи.

Маркус Беккер, Der Spiegel, Германия