Батыш

Илон Масктын мектеби. Билим берүү системасы да өзүнө таандык!

7 февраля 2018 г. 18:00 1476

Илон Маск... Эми ал – доорубуздагы инновация жана жеке ишкерликтин генийи деп таанылган. PayPal жана x.com компанияларынын түптөөчүсү, Tesla, SpaceX, Boring компаниялары космос менен жер астында жүргөн транспорт тармагында калыптанып калган “сектордук оюн эрежелерин” өзгөрттү. Ойлоп табуучу, программист, ракета дизайнери болгон бул миллиардер ишкер билим берүү тармагына да жеңин түрө киришсе эмне болмок? Баса, балдар үчүн бир башталгыч мектеп ачканын билет белеңиз? Кайсы тарабынан болбосун табууга кыйын болгон бул мектептин аты “Ad Astra”, б.а., “Жылдыздарга карай” деп аталат.

Алты баланын атасы болгон Маск 2013-жылы балдары үчүн Лос Анжелесте жеке мектеп курат. Бирок бул мектеп көпкө чейин сыр бойдон сакталды. Мектеп жөнүндө коомчулукка кабар билдирилбеди. “Ad Astra” аттуу бул билим уясына Маск алгач өз балдарын мурдагы престиждүү мектептерден чыгарып алып орноштурду.

Мектепте кимдер мугалимдик кылып атканы да сыр бойдон сакталган. Кээ бир маалыматтарга караганда, мугалимдердин негизги кесиби мугалимдик дагы эмес экени айтылууда. Бул жерде иштегендерди Маск өзү тандап алып, бат-баттан алмаштырып турат.

Ушуга карабай, Лос Анжелестин эң байлары жана жакшылары балдарын бул мектепке каттатуу үчүн жан үрөп аракет кылышууда. Ал мектепте билим алып аткан окуучулардын көбү SpaceX кызматкерлеринин балдары деген кеп бар.

Мектеп эң тандалма окуучуларды алат. Азырынча болгону 30 окуучусу бар. Мектепти издеп табуу да өзүнчө маселе. Интернет сайты жок, дареги жок, телефону жок, соцтармактын биринен да таба албайсың.

Окуучуларды кабыл алуусу да баарына кызык болсо керек. Мектепке кабыл алуунун жол-жоболору тууралуу эч бир так маалымат жок. Бир гана тандоонун финал турунда IQ (intelligence quotient-интеллекттин коэффициенти) тести бар экени белгилүү.

Келечектин билим берүү системасыбы?

5-12 жаш арасындагы бул окуучулардын эң таң калаарлык жагы – класстарга бөлүнбөгөнү. Тагыраак айтканда, 1-класс же 5-класс деп өз-өзүнчө бөлүнбөй, биргеликте сабакка киришет. Бардык балдар терең таасирленүү менен илим-билим үйрөнүшөт. Дагы бир кызык тарабы - бул мектепте эч кандай сынак, же болбосо баа коюу системасы да жок. Сабактарда көбүнчө күнүмдүк жашоого тиешелүү практикалык жана адеп-ахлактык темалар өтүлөт. Илон Маск бир интервьюсунда балдарга кайсы бир механикалык каражат кандай иштээрин бөлүкчө түрүндө эмес, жалпы бүтүндүктөн баштап түшүндүрүү алда канча ийгиликтүү натыйжага жеткирерин айткан.

Bussiness Insider журналынын кабарлашынча, бул мектепте сын көз караш менен идеяга жетүүгө баарынан көп маани берилет жана ушуга тиешелүү көнүгүүлөр жасалат.

Euronews