Жорум

​Чет элдик агентке айланган чиновниктер

7 февраля 2018 г. 14:20 1629

Атын атагысы келбеген КТРдин корреспонденти “Сиздин ишиңизди америкалык элчилик көзөмөлдөгөн жокпу?”, - деп сурап калды. Бул суроону ТЭЦтеги авария боюнча, темасын алдын ала жарыялап уюштурган пресс-конференциямда берди. Анда депутаттар жана өкмөттүн жогорку макамдардагы аткаминерлери авариядан канчалык жоопкер деген маселе койгом. Алардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрөөрүмдү билген немелер бул одоно провокацияны мени чет элдик агент катары көрсөтүш үчүн алдын ала уюштурушкан.

Биздин өлкөдө ким чет элдик агент экени олуттуу маселе. Кишилерди жана мыйзамды сыйлагыла деген адамдарбы же “мамлекеттик сыр” деген парданын аркасына жамынып алып, элди олчойгон карызга батырчу, алардын ден-соолугу менен өмүрүнө коркунуч келтирчү келишимдерге кол койгондорбу? Мен бул суроого жооп берейин, бирок жообу жеңил эмес.

Атын атоодон баш тарткан КТРдин корреспондентине америкалык элчилик менин ишимди эмес, мен алардын ишин тескейм деп түшүндүрдүм. Мында бир аз тамаша бар, калганы чындык. Анткени мен америкалык гана эмес, Евробиримдиктин жана башка чет мамлекеттердин элчиликтерине дайыма консультация берем.

Улуттук кызыкчылык жана баалуулуктарга таянып, мен аларга биздин коррупциялашкан жана элден үзүлгөн аткаминерлер менен иш кылуу натыйжасыз жана коркунучтуу деп эскертип келем. Мындай коомдук талкуудан өтпөгөн келишимдердин легитимсиз экенин дайыма айтам. Дүйнөлүк институттар, өлкөлөр жана уюмдар менен бирге, бирок кыргыз коомчулугу катышпаган, эч кандай натыйжа бербеген сот менен милициянын реформасы буга мисал. Бул реформалардын өзү пара алуу өнөр жайына айланды. ТЭЦтин авариясы жана энергетика түзүмүнүн толугу менен урап түшүү коркунучу да буга төп келген мисалдардан.

Кыргыз башкаруу үлгүсү илгертеден бийликтегилер менен элдин тыгыз байланышына, олуттуу чечим чыгарууда коомдук кызыкчылыктарды эске алуу үчүн атайын жөндөлгөн системага негизделген. Дал ушул коомдук кызыкчылыкты эске алуу системасы ички саясий араздашуулардын кесепетин улуттук коопсуздукка тийгиздирбей, кыргыз элин дүйнөлүк геосаясат толкундарында чөктүрбөй келген. Бирок кыргыздын кылымдар бою калыптанган коомдук кызыкчылыктарды эсепке алуу системасы өткөн кылымдын башында аксап кирген. Аш-суу сыяктуу негизги көйгөйлөр чечилип, жарык менен жылуулукту жеткирүү технологиясынын өнүгүүсү аң-сезимди өстүрбөстөн, кыргыздардын мамлекеттик иштерге таасир берүү жөндөмүн азайткан.

Мындай көпшөк журтта коомдук пикирден жийиркенген учурдун “саясий элитасы” өсүп чыкты. Натыйжада заманбап кыргыз саясатын энергетикалык ресурстарды басып алып, мамлекеттик макамдарды сатыкка койгон акылы кыска топтор башкарууда. Дал ушул элдин муктаждыгы менен талаптарынан кол үзгөн бийликтегилер чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары тарабынан тескелүүдө. Анткени арам кекиртектикке алдырган аткаминерлердин арасынан агент табуу эң оңой. Эскилиги жеткен коомдук жана өндүрүштүк технологияларды бере салып, өлкөдөн коомдук байлыктарды сордуруп кетип жаткан жырткыч компаниялар менен каржы институттары ушундай аткаминерлерди тойгузуп келет. Чет элдик агенттер так ушулар.

Улуттук коопсуздукту камсыздаш үчүн мамлекеттик чечимдерди чыгарып жатканда коомдук пикирди эске алуу системасын кайра жандандыруу керек. Бирок аны эл оозун ачып күтүп отурган жомоктогу “баатырлар” жогорудан ылдыйды карай түзбөйт. Аны ар бир имаратты кургандай, жарандык аң-сезими жана ар-намысы ойгонгон күжүрмөн коом төмөндөн жогору карай тургузушу мүмкүн.

ТЭЦтеги авария элдин мамлекеттик иштерге таасир берүү жөндөмүн дагы бир жолу сынап жатат. Биз күнөөкөрлөрдү таап, жазасын бердире алабызбы?