Жорум

Табышмактуу аялдар жана жакшылык билбеген эркектер

7 февраля 2018 г. 11:17 5486

Аябасак аябайлы...

Катындар жөнүндө.

Аялзатында дайыма кандайдыр бир табышмак болушу керек.

Фейсбуктагы экранга: “Кокуй, мени балээ басты, сахарым 5,4 болуп кетиптир. Врач диабет башталат деди. Ыйлабатам. Эртең эндокринологго барам.

Мен, боорукер акмак, адамды аяп, байкушту көк мээ врачтар чочутуп койгонго, каяктагы диабет – бул норма да. Талпактап барса, кабыл алганы үчүн акча, андай-мындай...

Маанайыңыз чөкпөсүн деп жазып коём, кыйраткансып. Ал болсо кайра эле бышактап бир деме деп жазыптыр. Кой, байкушка чалып, сооротуп, тынчтантып коёюн. Адам да, кантсе да...

Сүйлөштүк бир аз, мадам эс алгансып калды.

Бир убакта страничкасына кирсем, кайра эле килтейген тамгалар менен кайрылуу жазып салыптыр – менде жүрөктүн гипертоникалык жана ишемикалык оорусу бар дешти.

Баары кирип алып кайра башынан сооротуп баштаптыр.

Ал комменттеринде бышактап алган.

Мен – бул алтымыш жашка чыккан кишинин баарында эле бар оору, ыйлаганда эмне деп жаздым.

Анан личкама – сиз кайсыл бетиңиз менен менин курагымды ачыкка чыгардыңыз. Мага муну эстеткенде жаман болом...

Ой энеңдиии...

Мен албетте кечирим сурадым. Комментимди өчүрүп салыңыз деп сунуштадым, өзүм болсо ойлонуп отуруп калдым...

Килтейген тамгалар менен экранды толтуруп, жыйырма жаштагыларда эч качан болбочу, кырктагыларда чанда кезиккен ооруңдун баарын жазып салсаң – бул норма. Бирок карыган какбаш экениңди моюнга алгың келбейт!

Гипертония сенин курагыңы айтып турганы калппы?

Коронардык оору эч нерсени каңкуулаган жок, бети жок Пахман келип, уяты жок кеңкелес, анан мына..., аялдарга жаш курагын айтуу – уят! Табышмактын табышмагы деп ушуну айт. Комптун жанында жалаң жыйырма жаштагылар чогулуп алып, селкини оору тооруптур деп ойлоп жатышат деп ишенип алган окшойт ал. Байкуш, гипертония, атеросклероз, диабет...

Чын эле бири-биринен сала аяп алышкан. Ал болсо жыргап отурат, аяп жатышат, сонун сөздөрдү айтып атышат.

Чыгып кеттим.

Эркектер силер катындарды кантип түшүнөсүңөр? Кантип, иттики!?

Силер катындар “жок” деген сайын асыласыңар, чынбы? Чын да!

Анткени алардын логикасы боюнча – бул макул деген жооптуп жалгыз варианты.

Дагы бир жолу ФБда бирин аясамбы, карап тур. Эмне башымды оорутам.

Көздү жуумп жанынан өтүп кетем, маа демектен көгөргөнчө арыздангыла. Мен иттин эмне иши бар?

Мына ушинтип айбандашат тура киши.

***

Жакшылык билбеген айбандар

Күйөөм мени менен жашап-жашабаарын билбей жүргөндөгү сүйлөшкөн кыздарынын биринин жазган каттын эски батирибизде канча жылдан бери сактап келдик. Ал айлампа сууга кирген тезектей ары бери айланып жүргөндө, кыз үмүттөнгөн, анан капкаяктагы кемпир менен жашаганы кетип калбадыбы. Анан байкуш кыз айласы кетип, түбөлүк сүйүүсүн билдирип, ага сонун ыр жазып, “сен ушинтмек белең?” деген сөз менен колуна карматкан.

Ошентип сактап жүрдүк.

Мен сактадым.

Мен киши чын жүрөктөн жасаган нерсеге аябай аяр мамиле кылам.

Жаңы батирге келгенде бир күнү эстеп калдым. Ал кат көптөн бери көрүнбөй калганы эсиме түштү.

  • Сенушинтмекбелең жазган кат кайда?
  • Кайсыл кат дейт, - алайып, эстей албай.
  • Силер ажырап кеткенде жазган каты бар го.
  • Эч кандай ыр-пыр эсимде жок. Көчүп жатканда ыргытып жиберген окшойм.
  • Сен ушинтмек белең, - деп, жиним келип, эркектин баары жакшылыкты билбеген айбандар, деген ой менен тишимди тазалагана талпактап жөнөп калдым.

Маанай пас.