Орусия

​Орусия Иран досун жарым жолдо калтырды

6 февраля 2018 г. 17:51 1603

Ар бир өлкө эң биринчи кезекте өз кызыкчылыгын ойлойт. Орусия да тышкы саясат менен эл аралык мамилелерге келгенде ошондой. Орусия сыяктуу эле Жакынкы Чыгышта жана дүйнө саясатында Иран да өз кызыкчылыгын ойлогону талашсыз. Бул аймактын акыркы жылдардагы көйгөйлөрү, айрыкча Сирия жаны анын тегерегиндеги маселелер Иран менен Орусиянын кызыкчылыктарын жакындатты. Бирок азыр Сирияда ИГИЛдин мизи майтарылган соң, орусиялыктар бир нече бүдөмүк эки анжы билдирүү жасагандан кийин эки тараптын бул аймакта эки башка жолу жана максаттары бардай көрүнө баштады. Ирандын бул аймакта Америкага каршы жаңы коалиция түзүү сунушун Орусия ошондон улам четке какты деген ой кетет.

Иранды чакырыгы талаада калды!

Араб тилдүү “Аль-Кудс” гезити: “ОФнын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер бонча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий Орусия, Иран, Пакистан жана Ирак кирген регионалдык коалиция түзүү боюнча ирандыктардын сунушун кабыл алган жок. Мында Москва менен Тегерандын ортосунда бир нече саясий келишпестиктер бар экенин баса белгиледи”, - деп жазган. Лондондо чыккан араб басылмасы: “Бул маселе боюча жакында ирандык жогорку даражалуу аткаминердин бири “Тегеран кааласа Жакынкы Чыгышта Ирак, Пакистан жана балким башка мамлекеттер кирген коалиция түзөт, жана Батыш Азиялык бул биримдик АКШ менен тирешип, Вашингтондун бул аймактагы бардык оюндарын таасирсиз калтырат”, - деди” - деп билдирген.

Орусиялык ИТАР-ТАСС агенттигинин айтымында Леонид Слуцкий буга чейин Сириядагы террорчулукка каршы Иран менен Орусия бири-бирин түшүнүп, жакшы кызматташтыкка жеткенин айтып, бирок Ирандын бул аймакта Вашингтонго каршы жаңы коалиция түзүүсүнө каршы пикирлери бар экенин баса белгилеген. Слуцкий: “Мындай кадамдардын зарылчылыгы жок. Анткени Москва өз саясаты жана өз кызыкчылыгына карашы керек. Айрыкча Орусия менен Ирандын ортосунда билинип турган бир нече келишпестиктер бар”, - деген. Агенттик болсо Слуцкийдин сөзүнөн кийин: “Башкы командачы Аятолла Хаменеинин кеңешчиси генерал-майор Сейид Сафави Ирандын мамлекеттик телевиденисине берген маегинде “АКШ батыш-азиялык аймактагы бардык карама-каршылыктардын отун өчүрбөй кармап, аларды тескеп туруудан баш тартканы көрүнбөйт”, - деп айтты”, - деген сөздөр менен билдирүүсүн улаган. Генерал-майор Батыш Азия регионалдык жана дүйнөлүк державалардын кагылышкан жери бойдон калууда деген оюн да айткан.

Мисалы Сауд Аравиясы бир нече мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү менен өзүн ири регионалдык күч катары гана эмес, оюнчуларды тескеген калыс катары да көрсөтүү аракетинде.

Мындан бир аз мурун Тегеран ИГИЛди жеңгендердин арасына Орусияны киргизбестен, Иран, Ирак жана Сирияны атоо менен чектелген. Орусиянын Коргоо министрлиги ИГИЛди жеңүүдө сириялык генералдарды атап, Ирандын куралдуу күчтөрүн айткан эмес.

Ирандын ЖМКлары жакында Сирияны сындап, президенти Башар Асад орустарга кулак төшөп, өлкөсүн сактап калууда өз аскерлерин мактап, Иранга байланыштуу күчтөр тууралуу үн каткан эмес дешкен.

Абийирдин жоктугубу?

Эл аралык алакалар боюнча эксперт, ирандык саясат таануучу Хасан Ханизаде “Арман” басылмасына Орусиянын ирандыктардын сунушун четке каккандыгы тууралуу: “Орусия тышкы саясатында апачык эле бир гана өз кызыкчылыгын көздөө аракетинде, - дейт. – Орустар тышкы саясатында кандайдыр бир моралдык принциптеринин жоктугун далилдешти. СССР убагында да ошондой болчу, азыр да. Орустар регионалдык жана дүйнөлүк иштерде өзүнүн гана жолун улаш үчүн достору менен тарапташтарын дайыма жарым жолдо калтырган”.

Орусия “тышкы саясатынын компасы” кайсыл жакты көрсөтсө, ошол тарапка багыттанат деген Ханизаде: “Москва өзүнүн улуттук кызыкчылыгы эмне деп эсептесе, ошого артыкчылык берээрин буга чейин далай жолу далилдеген”, - деп баса белгилеген соң, Сирияга таңууланган согуш жана кризиске каршы турууда белгилүү бир роль ойноду дегенге макул болуп, бирок Орусия Сириядагы террорчулукка каршы күрөшкө Тартустагы аскердик деңиз базасын жана Чыгыш Орто деңиздеги позициясын сактап калыш үчүн кошулган деген оюн билдирди. Анын айтымында жети жылдан берки сириялык кризисте Орусия террордук топторго каршы күрөшкөнү менен АКШ жана Израиль ортосундагы алакаларын сактап кала берген.

Бир аз убакыт мурун ирандыктардын Каршылык күчтөрү менен сириялык армияга Израилдин сокку урганына Орусиянын унчукпай туруп бергени, анын макулдугу алынганын далилдеди. Жок дегенде эле орустардын бул соккудан кабардар экени билинди.

“Иран менен Орусиянын биргелешкен аракети орустардын кызыкчылыгы талап кылганчалык эле уланат, - деген доктор Ханизаде сөзүн минтип жыйынтыктады – Түрк армиясынын Африндеги операциясы жана Идлибдеги абалы тууралуу да орустар кабардар болчу, бирок мында да унчугушкан жок. Натыйжада күрддөр менен түркүрдүн араздашуусу Сирияга кирип келүүсүнө жол беришти. АКШнын Сирияда 2000 аскери да Орусиянын макулдугу менен турат. Эл аралык алака жана регионалдык кызматташууда башкалардын көңүлү жана кызыкчылыгы орустардын башын оорутпайт, аларды өз кызыкчылыгы гана тынчсыздандырат”.

Khorasan, Иран