Батыш

Балдарды мектепке машина менен жеткизүү туура эмес дейт психологдор

5 февраля 2018 г. 17:30 3137

Эксперттер окуучуларды мектепке жеткирүүнүн кайсыл түрүн туура көрүшөт? Эмне үчүн ата-энеси автоунаа менен ташыбаган балдар жакшыраак окушат?

Немистердин башталгыч мектептеринин, андан деле чоңураак балдар окуган мектептердин эшигинин алдында, биринчи сабакка 10-15 мүнөт калганда күндө бир көрүнүш кайталанат. Чаңыртып сигнал берип, бири-бирин качырып, башка машиналардан араң буйтап өтүп, мектептин алдында ата-энелердин унаалары чогулат. Балдар алардан жүгүрүп түшүп, уйпаланган ата-энелер чүрпөлөрүнүн үстүнө рюкзактарын арта сылып, башкалардын балдарын тебелеп кетчүдөй бордюрларга чыга, машиналарын «согуш майданынан» шашкалактап айдап кетишет. Бул көрүнүш сабак бүткөн маалда кайра кайталанат.

Германияда балдарды жеткирүүнүн бул ыкмасын «ата-эне таксиси» (Elterntaxi) деп аташат. Мектеп жакын жайгашып, ага машина менен баруунун кажети жок болсо да ата-эненин жарымынан көбү бул ыкмага качырып, балдарын мектептин так оозуна чейин жеткиргенге аракеттенишет.

Ата-эне унаасы баарынан кооптуу

Натыйжада – башаламандык. Мектептин жанында тыгын, жумушуна кечигип жаткан ата-энелер ачуусу келип, авариялар көп болот. «Ата-эне таксиси» ойдогудай коопсуз эмес. Федералдык статистикалык мекеменин маалыматы боюнча былтыр 15 жашка чейинки 10 миңден ашык бала ата-энесинин унасында отурганда кырсыкка кабылган.

«Ата-эне таксилеринин» айдоочулары өз балдарына ашыкча жан үрөшөт, чүрпөлөрүн аягандыктан көбүрөөк уктап алышсын дейт. Бирок, биринчиден, бул болгону он мүнөттүн тегерегиндеги эле убакыт. Экинчиден, шведдик Карлстад университетинен Жесика Вестман баса белгилегендей, мындай жеткирүүлөр баланын психикасына терс таасир берип, алардын торолушун жайлатат.

Балдар көчө мейкиндигин өздөштүрөт

Мектеп окуучулары, айрыкча башталгыч класста окугандар мектепке жөө же велосипед менен, же өз курбулары менен коомдук транспортто чогуу барганы эң жакшы. Аларга бул коопсузураак, мектепке чейин өздөрүнө тиешелүү нерселерди сүйлөшүп алганы жакшы, мындан балдар тез торолушат. «Балдарды жаштайынан өз алдынчалыкка көндүрүү керек, - дейт психолог Клаус Зайфрид. – Алар кичик кезинен эле жол мейкиндигин өздөштүргөнү жакшы». Андан сырткары, мектепке өздөрү барган балдар биринчи сабак учурунда эмес жолдо эле «ойгонуп» алышат. Эрте ойгонгондор материалды мыктыраак өздөштүрөт!

Ганновердеги Альберт Швейцер атындагы мектеп «ата-эне таксисине» каршы өзгөчө ыкма колдонууну чечкен. Мугалимдер менен ата-энелер мектепке келчү жолду 350 метр илгерирээк жагынан тосуп, унаа өткөрүшпөйт. «Айыптуу аймакты» тосоттор менен бөгөп, «ата-эне таксилери солго, балдар оңго!» деген транспарант орнотушат.

Deutsche Welle, Окуу жана карьера