Борбор Азия

Кыргыздын эркиндиги бийликке экономикалык жактан эмне үчүн пайдалуу

5 февраля 2018 г. 13:04 818

Орусиялык миллиардер Михаил Фридман «Форбс» басылмасына берген макаласында учурда калыптанып жаткан «индиго экономикасы» деген кызыктуу көрүнүшкө көңүл бурган.

Индиго экономикасы экономикалык өнүгүүнүн өтө эле башкача негиздерин түптөйт. Алардын пайдубалы өнүккөн инфраструктурага эмес эркин инсандар жараткан кошумча наркка негизделген. Аны иновациялык экономика десе да болот.

Адамзат учурдагы технологиялык өнүгүү аркылуу көмүр жана мунай-газдан көз каранды болбой, энергия алуунун башка жолдоруна өттүүдө. Мисалы Жаңы Зеландияда 2018-жылы көмүр менен иштеген акыркы ири ТЭЦ жабылат. Анткени күндүн энергиясын топтогон электрчордондор көмүр менен иштегендерди басып өттү.

Индиго экономикасынын жакшы мисалы – Минскдеги Жогорку технологиялардын паркы. 2016-жылы ал 27 миң кишиге жумуш берип, 820 млн АКШ долларлык кызматын сатты. 9 жарым миллион калкы бар өлкө үчүн бул бир топ эле чоң сумма.

Кимдир бирөөлөр Беларуста демократиялык башкаруу жок деп талашуусу мүмкүн. Мен болсо минскилик Жогорку технологиялар паркы бийликтин жардамынан улам эмес, анын каршылыгына карабай ушундай ийгиликке жеткенин белгилегим келет. Парктын ийгиликтүү долборлорунун көбү бутуна турган соң АКШ же Канадага кетип жатат. Ошондуктан башка, либералдык эркин шарттарда индиго экономикасынын өндүрүү жана робототехника сыяктуу тармактары үчүн Парк мындан да ийгиликтүү болмок.

Бирок, өкүнүчтүүсү бардык өлкөлөр эле инновациялык экономиканын артыкчылыгын колдоно албайт. Доорубузда төртүнчү индустриалдык ыңкылаптан өтүп жаңы экономиканын мөмөлөрүн пайдаланып баштаган өлкөлөр менен бул белди ашып өтө албаган мамлекеттердин ортосундагы ажырым барган сайын көбөйүп барат.

Михаил Фридман макаласында жазгандай, маселе бардык эле мамлекет жаңы экономикалык өнүгүүнүн эрежелерин кабыл ала албаганында жатат. Көйгөй инфраструктуранын жоктугуна байланыштуу эмес, аны учурдагы техника менен бат эле курса болот. Негизги маселе индиго экономикасына керектүү чөйрө түзүүнүнү түшүнбөстүктө же аны каалабагандыкта жатат.

Масачусетс техноогиялык институтунун профессору Лорен Грэм инновацияларга негизделген индиго экономикасына мүмкүнчүлүк түзө алчу чөйрөнү жакшы аныктаган.

Ал интеллектуалдык жана жеке менчикти коргоп, сот системасынын көз карандысыздыгын сактап, коррупция менен күрөшүп, мыйзам үстөмдүгүн камсыздаган ачык коому бар мамлекетти сүрөттөгөн. Мындай чөйрө сын пикирге, эркиндикке жана ката кетирүүгө ачык. Булардын баары ачык коомдун кол менен кармалбаган баалуулуктары. Бирок дал ушулар инновациялык экономикага жагымдуу шарт түзөт.

Өкүнүчтүүсү биздин коом ушул күнгө чейин сын сөздү көтөрө албаган, сотторду жана алардын чечимдерин көзөмөлдөгөн, мыйзамдын үстөмдүгү болбогон, сөз эркиндиги чектелген абалда жашап келет.

Мен 2018-жылы Кыргызстан бул оорулардан кутула алат деген ойдомун. Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттин жетекчиси жана Сапар Исаковдун өкмөт башчы катары экономикалык өсүүнүн жаңы пайдубалын түптөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Индиго экономикасы төмөнкү үч фактордун негизинде түптөлөт:

1.Укуктук чөйрө

Интеллектуалдык жана жеке менчик укук тарабынан бекем сакталышы керек. Эффективдүү атаандаштык чөйрөсүн кубаттап, укукка ишенүүнү калыптоо зарыл.

Кыргызстанга мурун болуп көрбөгөнчөлүк көз каранды эмес сот системасын куруу шарт. Адам ким болбосун, кандай статуска ээ болбосун укугу бекем корголушу керек.

2.Эркиндик

Инновация ката кетирүү укугу болмоюнча мүмкүн эмес. Ката кетирүү укугу – бул ыңгайсыз суроо узатуу, сын пикир айтуу эркиндиги. Кандай болбосун авторитетке ыңгайсыз суроо бере албоо, талашып-тартышуунудан коркуу маанайы түзүлсө, адамдар баарлашпай, реалдуу көйгөйлөрдүн чыныгы тамырларын таба албай калышат.

Сөзү, журналисттик иликтөөсү, жарандык көз карашы үчүн куугунтукталган кишилерди көргөн инсан өз оюн айткысы келбейт. Мындай коомдо инновациялардын пайда болуусу мүмкүн эмес.

3.Демилгечи жана ишкердин молдугу

Маселе өлкөдө билим берүүнү жакшыртууда гана эмес, эң мыкты мээлердин мамлекетке тартылуусунда. Ал үчүн жашаганга ыңгайлуу жана жагымдуу шартарды куруу зарыл. Шаарлар дайыма инновация, маданият жана санаттын борбору болуп келишкен. Бирок биздин шаарлар ыңгайлуу жана жагымдуу болушу үчүн шаар куруунун коомдук мейкиндикти, парктарды калыптоо ык-амалдарын өзгөртүүбүз зарыл. Кезектеги молл же мейманкана эмес, жалпыга пайдалуу курулушка артыкчылык бериш керек.

Жашоого ыңгайлуу шаар индиго экономикасынын адамдарын кармап калат. Мындай адамдар көп болсо инновациялык ишкана, стартап жана кызматтарды ачууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Бул үч фактор бири-бири менен тыгыз байланыштуу жана бири-биринин натыйжалуулугун арттырат.

«Таза коом», (Open Government Partnership) маалыматтарды баарына ачуу саясаты туура жана сонун. Бирок биздин негизги ресурсубуз адамдар. Эң мыкты мээлер Кыргызстанда калууга, Борбор Азиянын эң күчтүү мээлери бизге келишине шаарларыбыз ыңгайлуу болушу керек.

Журналисттерди макаласы же иликтөөсү үчүн куугунтуктоону токтотуу зарыл. Ыңгайсыз суроолорду туура кабыл алып, көз карандысыз сот системасын калыптап, шаардагы коомдук мейкиндиктерди калыптоого катышам деген жарандарды угуу керек.

Ушундай жөнөкөй эле нерселер Кыргызстандын индиго экономикасына киришине шарт түзөт. Чындап келгенде анын эшиги биз үчүн кеңири ачык турат.

Шамиль Ибрагимов, kloop.kg