Орусия

​Түштүк жазы. Өзбекистандын чекист-башчысынын кетиши тууралуу

3 февраля 2018 г. 17:55 4317

Өлкөсүн дүйнөгө ачам деген Өзбекстан президентинин көп демилгесин атайын кызмат жайлатып жаткан. Улуттук коопсуздук кызматын Мирзиёевдин адамы башкарыш керек болчу

Улуттук коопсуздук кызматты (УКК) 22 жыл башкарган Рустам Иноятовдун төрагалыктан кетүүсүн талкуулаган өзбек соцтармактарында «Каримов кайра өлгөндөй эле болду!» деген сөздөрдү жолуктурууга болот. Андан бир аз мурун УККнын төрагасынын эки орун басары жана 11 облустук УКК жетекчиси жумуштан алынган болчу.

73 жаштагы совет жана өзбек мамлекеттик коопсуздугунун ардагерин кетирүү чечимин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 31-январда УККнын Ташкенттеги башкы имаратына келип билдирди. Ал бул чечимин өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримовдун 80 жылдыгын өткөргөнгө чейин айтпаганын баса белгилеш керек.

Өзбекстанда өткөн жетекчилердин элесине шек келтирүү адаты жок. Мисалы советтик доордо козголгон атактуу «пахта кылмыш иши» Өзбекстанды башкарган Шараф Рашидовдун өлүмүн тездеткен деп ойлогондор Ташкентте көп. Мен Ислам Каримовго 1990-жылдардын орто ченинде жолукканымда, бул кылмыш иши өзүнө козголгондой жаман болгонун айткан. Ошондуктан анын мураскери Мирзиёев ыраматлык патронунун эң жакын адамын 2016-жылдын сентябрында дароо кетире алмак эмес.

Албетте, эбегейсиз бийлиги бар атайын кызматтын башчысын Мирзиёевдин дароо кетирбегенинде андан да башка олуттуу себептер бар.

Бийликти өткөзүү

Каримов өлүм төшөгүндө жатканда, президенттикке дагы бир күчтүү талапкер – биринчи вице-премьер министр Рустам Азимовдон бийликти Мирзиёевге оодарууда Иноятовдун чечкиндүү колдоосу мунун негизги себеби болгон. Дал ошол 2016-жылы жай аяктап, күз башталганда Мирзиёев менен Иноятов биринин президент болуусу, экичисинин кызматын сактап калуусу тууралуу кепке келишкен деп болжосо болот. Бул келишимдин мөөнөтү канча болгонун биле албайбыз.

Анткени менен мурунку башкы чекист дароо президенттин саясий-укуктук маселелер боюнча кеңешчиси дайындалып, эртеси 1-февралда бардык куугунтуктан бошотулган сенаторлук макамга да отурганы билинди.

Иноятовдун капыстан деп айтууга мүмкүн болбогон кетүүсү көпчүлүккө эмнеге катуу тийди? Картайган генералдын диабет оорусу бар экени, анын көп эл катышкан иш-чараларды сүйбөй сыртка көп чыкпай калганы жашыруун эмес эле да.

Анткени Иноятовдун кетүүсүнө үмүттөнүшсө да, ишенгенден коркушчу. Биздин тархытагы заалым режимдердин аягы эмне менен бүткөнүн билгендер мындай ирекке (реакцияга) таң калбайт.

1953-жылы Лаврентий Берияны тезден камакка алганда же Түркмөшбашынын мураскери Гурбангулы Бердымухаммедов коопсуздук кызматынын башчысы Акмурад Режжеповдон дароо кутулганда гана жаңы лидерлер бийлигин сактап калышкан. Генерал Режжепов Түркмөнбашынын мурунку жеке табыбына бийликти өткөрүп бергенден көп өтпөй камалып, бир нече жылдан кийин капаста жан берген.

Атайын кызмат жана реформалар

Өзбекстанда андай үрөй учурган окуялар болгон жок. Жаңы президент маданияттуу лидер көрүнгүсү келет. Ага калтырылган мурас оор, экономикадан баштап, тышкы саясат, сот жана билим берүүгө чейин бардык тармакты реформалоо керек. Бирок УККнын таасирлүү бакан ооздору жана көзөмөлчүлөрү менен башынан аягына чейин чыпкаланган өлкөнү ордунан жылдыруу оор.

Коррупция менен күрөшүүнү шылтоолоп, чекисттер коомдук турмуштун бардык тармагына, ЖОЖдордогу сынактарга чейин формалдуу катышып келишет. Анткени арам кекиртектикти буладай таза жана жетекчиликке бирилген атайын кызмат гана жеңе алат дешет. Советтик КГБны көп жыл башкарган Юрий Андропов ошентип эсептеген, Каримов да буга ылайык тарбия көргөн, өз президентине берилген Иноятов да ишин ошого жараша түптөгөн.

1999-жылдын октябрында Каримов менен жолугуп, коштошоор алдында андан жакын адамдарына ишенип-ишенбесин сурап калдым. Ал дароо эч күмөнсүз, толук ишенээрин айтты. Анан күч органдардагы адамдардын ысымдарын атады, Иноятов да алардын ичинде эле.

Чоочун, сот тармагынан келген 51 жаштагы Ихтиер Абдуллаев УККга жетекчи болду. Ал буга чейин Өзбекстандын генпрокурдук кызматын аркалаган. Атайын кызматты кайра куруп чыгууда ага канчалык ыйгарым укуктар берилээри али түшүнүксүз. Бирок «конторанын» унчукпаган каршылыгына капташаарын айтуу кыйын эмес.

Өлкөнү сырткы дүйнөгө ачам деген Мирзиёевдин демилгелеринин жайлап калганынын себеби дал ушундай көмүскө каршылык болду. Өз жарандарына чыгыш визаларын алып салуу, өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн кириш визаларын жокко чыгарууну бийлик кеңири айтып чыкканы менен бул демилгелер кийинкиге калтырылды. Коңшулар ортосунда мамиленин кайра калыбына келгендигинин белгиси катары Ташкент менен Душанбенин ортосундагы абаа каттамдарын жандандыруу да бюрократиялык тосоттордон өтпөй калды. Өзбекстандагы булактар муну да УККнын кызматкерлеринен турган эскиликти жактаган топтун тескерилиги менен түшүндүрүшөт.

Өзбекстандын дүйнөдөн обочолонуу концепциясын Каримов менен Иноятов бирге иштеп чыкканын айтсак анча апырткан болбойбуз. Натыйжада каржы кризистери, керексиз адам жана идеялардын кирүүсүнөн сактанганы менен өлкө дүйнөлүк өнүгүү жолунан четтеп калган. Мисалы валютанын эркин алмашуусуна дал ушул УКК бөгөт койгон. Каримов убагында валютаны эркин алмаштыруу кылмыш эсептелген КМШнын жалгыз өлкөсү Өзбекстан болчу. Андыктан көптөгөн дүйнөлүк компаниялар чыгып кетип, кээси сумдарды евро менен долларга алмаштыра албаны үчүн өзбек бийлигин сотко берген.

Кээ бир маалыматтар боюнча Иноятов Алишер Усманов жана Искандер Махмудов сыяктуу орусиялык олигархтардын Өзбекстанга келишине каршы болгон. Каримов убагында алар Ташкентке орустардын таасирин алып келчү коркунуч катары каралган. Бийлик алмашканда Мирзиёев чет өлкөлүк маанилүү зыяраттарга Усмановдун жеке «Боингин» колдонуп калды, ал учакты минип БУУнун Генассамблеясына да барды.

Жаңы тышкы саясат

Мирзиёев Каримовдун өлүмүнөн эки ай өтүп-өтпөй Орусия менен эки тараптуу кызматташууну күчөтүп, ири аскер-техникалык долбоорго кол койдурду. Орусияда иштеген өзбек эмгек мигранттарына да мамиле өзгөрдү. Каримов аларды көрөйүн деген көзү жок болчу, чыккынчы жана жалкоо деп да атап жиберген. Мирзиёев болсо көйгөйдү түшүнүп, аны жеңилдетүү убадасын берди.

Ташкент коңшулары Кыргыз Республикасы жана Тажикстан менен чек ара араздашууларын чечүүдө да жакшы ийгиликтерге жетти. Өзбекстанда президенттик макам киргенден бери биринчи жолу Душанбеге зыярат даярдалып жатат.

Өзбек лидери Борбор Азиянын жетекчилеринин дайыма иштеген форумун түзүүнү сунуштаган. Март айына мерчемделген беш өлкөнүн президентинин Астанада жолугуусу мунун биринчи кадамы болушу мүмкүн. Мындай биригүү аракети 1990-жылдан бери боло элек, буга чейинки жыйындын баары натыйжасыз аяктачу.

Чынында мындай аймактык кызматташууга Борбор Азияны кытайдын күчтөнүүсүнө туруштук бере алчу уюм түзөт деп, АКШ менен Евробиримдик түртүп жатат. Вашингтондун Борбор Азия менен «С5+1» форматында кызматташуусун Москва эмитен кызгана баштады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мында аймактагы орусиялык кызыкчылыктарга коркунуч бар экенин ачык билдирди. Демек каримовдук курстан алыстайм деген Мирзиёевди алдыда далай көйгөй күтүп турат.

Аркадий Дубнов, rbc.ru