Ислам дүйнөсү

​Атанын суугу жана мандолина

2 февраля 2018 г. 14:53 1359

Кар жаап жатат.

Беш-алтоо кучакташып алгандай лапылдап түшүүдө.

Бул жумадагы күндемдерден алыс, көңүлдө жашынып калган нерселерди жазгым келди

***

Ушул күндөрү маанилүүлүгү дагы арткан бала кезимден эсимде калган эки элес бар: Атанын суугу жана мандолина.

Мен үчүн кыш элестери ушулар. Сырттан тонунун жүн жакасындагы суук жана тор баштыкка көтөргөн мандолинасы менен келген ата. Суугун өзүнө калтырып, ыракатын балдарына ала келген кең далы немени туш тарабынан кучактаганга шашкан балдарынын козулардай болуп эшиктен кирээри менен жүгүрүп тосуп чыгаарын билип кубанган, тоңуп калганына карабай кадамдарын кылдат таштаган атанын мээримин дайыма издейт экен киши.

Качантан бери... Ушул күндөрдөгү ар абалда аталык мамилеге суусаганыбыз, ооздо андай даамдын бири да калбаганынан болсо керек.

Баарыбыз чарчадык. Сезимдерибиз өйдө-төмөн болду. Күтүлбөгөн мынчалык катуу суукка чыдаганга аракет кылуудабыз. Бул сууктан өзгөчө чарчагандар бар, бирок ким болбосун, аз да болсо андан өз насибине түшкөнүн алууда.

Өкмөт-ата да мээримсиз экен көрсө. Балдарын суукка таштап салды. Суук колдору менен кээ бир баласынын далысынан калп эле сыламыш болуп, окторду көздөй түртө салууда. Кээлерин капасканалардын булуң-бурчуна камап койгон. Бейтап төшөгүнөн, операция үстөлүнөн кишен салууда балдарына. Кай бирине көк асманды бир көрүүгө уруксат бербей, кай бирин деңизге чөктүрүп өлтүрүүдө. Аки таш аңдарында тыптыйпыл күйгүзүп жибергендери бар. «Душман» деген мөөр басып, оозун тиктирип ачка таштап койгону да бар. Эптеп качып кутулгандын жонуна сагыныч жүктөп, өлсүн дейт.

Бирок адам адам бойдон кала берет экен. Өмүрүн берген мамлекетинен мээрим таба албаган соң, өмүрүнүн ичиндеги элестерге жабышат тура.

Жолго ташталган белгилер

Жомок экенин билесиз. Жакыр адам жубайынан айрылган соң Ханс жана Гретта деген эки баласы менен калат. Өгөй энеси балдарына ичи жылыбай коёт. Жокчулук, өгөй эненин жектөөсү... акыры балдарды токойго алып барып таштап келели деп мерчемдешет. Ханс муну билип калып, күн мурунтан чөнтөгүнө майда таш толтуруп алат. Токойго бара жатышканда таштарды жолго бирден таштап кете берет. Атасы менен өгөй энелери балдарды токойго таштап, үйгө кайтып келишет. Мына кутулдук дегенче болбой, Ханс калтырган таштарын карап отуруп карындашын жетелеп эртеси кайтып келет. Өгөй эне дароо кайра токойго алып жөнөйт. Ханс аргасыздан чөнтөгүнө салынган нанды тоголоктоп таштап кете берет. Кайра токойдо калышат. Үйгө кайталы десе, күкүмдөр жок, чымчыктар чокуп кеткен болот...

Жомок уланат, бирок буга чейинкиси айтайын деген оюм үчүн жетиштүү.

Ханс сыяктуу жакшы күндөргө кайтуу максатында жолго элестерди калтырып кетүү кишинин жүрөгү өлүп калбаш үчүн керек экенине дайыма ишенип келем. Ар бир киши басып өткөн жолундагы эски сүрөттөрдөн, эсинде калган абалдардан, инсандардан жана жашоо-турмушунан эң жакшы элестерди топтоп калаарына ишенем.

Акыркы убактарда эсимден кетпеген дагы бир нерсе бар: Эстеген нерселерден уялбоо...

Бул замандарда өз токоюнда күткөндөрдү, из кууганга аракеттенгендерди тирүү кармачу нерсе ушул. Катадан тоскон күч катары улуулардын, өткөн күндөрдүн элестерин урматтоо инсандын өзүнө-өзү каршы чыгуусуна, жок жерден уйпалангандан кутулуусуна автокөзөмөл куралы катары керек. Мындай элестер мээрим жарашпагандардан мээрим күтүү суугуна үшүтпөйт.

Акыркы сөз

Нобель сыйлыгын алган польшалык акын Чеслав Милош, эске тутууну колдонулуусу сөзсүз керек болгон курал экенин айткан. Ансыз деле башка куралды кармап көрбөгөн байкуштардын колунан түшпөгөн куралы эс тутуму гана. Ким болсо да жүрөктө катылган элестерге эч качан таасир бере албайт.

Хакан Зафер, tr724.com