Жорум

Жыйналышка чогулуп алып ЖЭБди сактап калгандарга тариф көтөрөсүңөрбү?

2 февраля 2018 г. 2:29 3448

Бүгүн оюма эмнелер келип турганын билесиңерби?

Акыркы төңкөрүштү эстеп отурам.

Баягы туш келди таштар учуп, элдин баары эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган биринчиси эмес, так ошол экинчиси, баары кадимкидей эле түшүнүп турган, снайперлер аткылап, таамай атылган октор менен адашкан октордон бир канча жан кыйылган жана элди өкмөтү да, аскерлери да баш болуп өз жайына таштап кеткен экинчи төңкөрүш эске түштү. Анык алаамат башталып, медиктер күн-түн дебей иштеген күн...

Бала-чаканы үйгө таштап коюп, ок алдында жарадарлар менен шейит кеткендерди сууруп чыгып, операция столунда 24 саат бою тике туруп операция кылган, үйгө чала калып тынч-аман жатканын билип, кайра оорулууларга кайткан күн...
Шаардын карапайым жашоочулары элдик кошуундарды түзүп, өмүрлөрүн тобокелге салуу менен калааны мародерлордон коргоп турушту,өз күчтөрү менен тартипти сакташты.

Андан кийин өкмөт өз кабинеттерине келип, жумшак орундуктарга бекем отурушту. Дагы бир канча убакыттан кийин гана менттер менен күч кызматкерлерине батир берди, элге айткан ыраазылыгы ушул болду. Ал эми дарыгерлерге андан да көп “рахмат” айтышты, чогулуштарда кысым көрсөтүлдү, кылмыш иши козголду, “бизде медицина эң жаман” деп айгай салынды...
Карапайым калк жумуш ордунда күн сайын эрдик жасап атканда, башкаруучулар жыйын куруп, кайым айтышып, күнөөлүүлөрдү издеп, бири-бирин кызматтан алган ошол күндөрдөгү көрүнүштөн улам, мен алардан дал ушул жумушчулар ал жакта от жагып, жарылган түтүктөрдү жамап турганда гана мунун баарын жеңе ала турганыңарды түшүнөсүңөрбү деп сурагым келет.

Карапайым адамдар иштин баарын жасап атканда силер жыйынга чогулуп, акылдуусунуп, ЖЭБди сактап калууга жан үрөп жаткан кишилерге жылуулуктун тарифтерин көтөрүү тууралуу кыйкыра берсеңер болот. Ошолорго, дарыгерлерге, мугалимдерге тарифти көтөрүп кое турганыңарды түшүнүп жатасыңарбы?!

Эгер алар бети кызарбай туруп арыз жазган өздөрүнүн директору сыяктуу баарына түкүрүп, иштен кетип калышса, баарына кол шилтеп, жумушка чыкпай коюшса жылуулуктун баасын көтөрө албайсыңар. Анда силер эч нерсе кыла албайсыңар. Силердин жыйыныңардын да эч кимге кереги жок болуп калат.
Силер, өзүңөр деле депутат жана өкмөт катары мааниге ээ болбой каласыңар – себеби, бири-бириңерге да, элге да айтаар сөзүңөр калбайт. Буйрук берчү киши калбайт, ал эми өзүңөр эч ким эмес болуп каласыңар. Башкаруучу мырзалар, силер бийлик карапайым жумушчунун күчү менен кармалып турганын түшүнмөйүнчө, өлкөдө эч нерсени кыйрата албайсыңар. Цехке барып, ал жакка карапайым жигитти директорлукка дайындабасаңар жана муну өз жыйыныңарда жарыялабасаңар, абал оңолбойт. Биз барып, карапайым Васянын ЖЭБдеги эң билимдүү жумушчу экенин билдик. Биз силердин сөзүңөрдү уккубуз да келбей калды. Биз акыл менен баарын жасоону убада берген адисти көргүбүз келет. Антпесе, азыр өткөн революциядагыдай көрүнүштү көрүп турам. Жумушчулар баарын жөнгө салып койсо, эртең силер келип алып, өз кишиңерди аларга жетекчи кылып дайындайсыңар. Ал дагы баарын уурдап, жумушчуларды “начар иштейсиңер” деп жазалайт. Ошол эле нерселер кайталанат.