Орусия

​Путиндин кол баласына айланган Эрдоган

1 февраля 2018 г. 16:38 2365

Орусия президенти түрк кесиптешин НАТОну уратууга пайдаланып жатат

Мен бир аз мурун арабдардын боор эзген тамашасы жөнүндө жаздым эле. Алар 34 мусулман өлкөсүнөн турган каолиция түзүп, өз каалоосу менен исламчыл террорго каршы аттанганын айтышкан... Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы ибн Салмандын куудулдугу жакшы күлдүрдү, бирок көрсө ал түрк президенти Таййип Эрдогандын жанында шоона эшпей калат экен. Күрддөрдүн «Демократиялык биримдик» кыймылы көзөмөлдөгөн Африн аймагында «Зайтун чырпыгы» аттуу аскердик операция баштаган түрк лидери эч ким теңеле албаган, таш боор куудулдугун көрсөттү. Ал тынчтыкты чагылдырган зайтун чырпыгын согуш үчүн колдонуп, үстү-үстүнө жыйылган жаназаларсыз бейпилдик мүмкүн эмес деген эки жүздүү акыйкатын кашкайта ашкереледи.

Эрдогандын аракетинин аркасында эмне бар

Кандай болбосун зайтун чырпыгы тынчтыкты гана чагылдырбастан, чыныгы ниетти жашыруу куралына да айланды. Эрдогандын дөөсүнгөн жоопкерсиздиги менен күрддөрдөн үркүүсү (15 млн түрк күрдү жана сириялык күрддөр көз-карандысыз Күрдистан курса, ага Түркиянын бир бөлүгү да кирип кетиши мүмкүн) себеп болгон аскердик авантюранын аркасында таптакыр башка оюн жатат. Ага Путин менен Асад да кирет, жана бул экиликте Түркиянын президенти (өзү каалап-каалабаса да) күчтүүрөөк оюнчулар үчүн ары бери жумшалган кол бала болуп бермекчи.

Путин бул оюнда эч нерсе жоготпойт, ал утушу гана мүмкүн. Күрддөргө таандык Африн аймагынан орус аскердик көзөмөлчүлөрүн алып чыгып кетип, исламчыл баш кесерлери коштогон түрк армиясынын киришине уруксат берүүсү менен Путин чаалыгып-чарчабай туруп, ар кыл даражадагы үч артыкчылыка жетмекчи.

Көңүлдү башка тарапка буруу

Дүйнө өкмөттөрү, аналитиктер менен ЖМКнын көңүлү Африндеги чабуулга байланып калды. Бул мыйзам ченемдүү, анткени ИГИЛге каршы согушка артыкчылык берилбей калганда, түрк чабуулу опурталдуу сириялык каршылашуунун негизги чордонуна айланды. Аны менен бир учурда Дамасктын чет жагындагы «тынчтанган аймактар» аталган Гута жана Идлиб шаарларында сириялык армия менен орусиялык авиациянын чабуулу башталды. «Тынчтанган аймактардагы» бейпилдикти Орусия, Иран жана Түркия бирге кепилдемек болгон. Бул тууралуу келишимге алар 2017-жылдын май айнда Астанада кол коюшкан. Ал эки шаарда курчоодо калган карапайым калктын абалы барган сайын оорлошуп бара жатканын Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жакында айтты. Жүз миңдеген аял, бала жана эркектер суу-ашсыз, дары-дармексиз туңгуюкта калды.

Дүйнө өкмөттөрү болсо Африндеги от күч алып, дымып жаткан Иракка өтүп кетпесин деген ой менен алек... Гута менен Идлибдеги карапайым калк болсо заалым бийлигине каршы баш көтөргөндөр менен бирге кырылып жатат...

Асаддын кандуу колунан оорун алганда...

Африн, андан батышыраак турган Манбиж жана Түркиянын чек арасын бойлой сириялык күрддөр жайгашкан бардык жерде түрк аскерлери аткарып жаткан нажас аракеттер акыры Башар Асаддын ишине жарап берет. Башкача айтканда Орусия колдонуп жаткан сириялык бийликке керек. Турк армиясы эртеби-кечпи баары бир чегинүүгө мажбур. Түрктөрдүн сак-саламат чегинүүсүнө Эрдоган убагында тактан оодарам деген, бул аймактарды небак колдон чыгарган сирия бийлиги гана кепилдик бере алат. Түркияга каршы күрөшүү үчүн сириялык армиядан өздөрү «суранганы», отурукташкан жерлеринен сүрүлүп чыкпашы үчүн кандай кун төлөөрүн күрддөр түшүндү дегендик. Исламчыл баш кесерлер менен бириккен түрк аскеринен көрө сириялык армия артыгыраак. Түрк авиациясынын учурда орус жана сириялык авиация менен ракеталардан коркпогону, түрк бийлигинин эч кимди ылгабастан, (азыркы же кечээги) душманынын колунан да жем жей берчү саткындыгын ашкерелеп турат.

НАТОго каршы курал

Эрдогандын «зайтун чырпыгынын» эң маанилүү жагы, анын Түндүкатлантикалык альянс курулгандан бери НАТОну кулатуу үчүн Москванын колуна тийген эң күчтүү куралы болгондугунда. Бул кыялынан да ашкан куралга Путин колун да тийгизбейт. Анткени саны жагынан НАТОдо экинчи орунду ээлеген түрк армиясы бүгүн-эртең Сириянын түндүгүндөгү Манбижде америкалык армия менен бетме-бет келет. Ал жерде күрддөрдү колдогон 2000 АКШлык аскер бар. Буга чейин дүйнөдөгү эң күчтүү согуштук альянска кирген эки өлкө бири-бирин бир сыйра эскертип да, коркутуп да алды.

НАТОго кирген өлкө Орусиядан, б.а. альянстын тарыхий каршылашынан заманбап курал сатып алып (С-400 комплекстери), эми Москва менен макулдашып, шериктештерине каршы согуш ачты десе болот. Орусия эч кандай жоопкерчилик жүктөнбөстөн бир ок менен эки коён атып жатат. Ал болгону Эрдоганга жолтоо болбой тура турганы жетиштүү...

Путин ВКУнун өчү алышы мүмкүн

Путиндин Африндеги чебер жүрүшү кыска мөөнөттүк гана натыйжа бербейт. НАТО дагы эле эч нерсе болбогонсуп тура бериши мүмкүнбү? Согуштук альянстын стратегиясы ишенимдүүлүккө негиделет. Бирок НАТОдо Түркияга ишенген ким калды? Орус гроссмейстерлери Эрдогандын фигурасын Африн чакмагына коюшту. Анын натыйжасында Түндүкатлантикалык альянс эки анжы абалда калды. Же Түркиянын ишенимсиздиги баардык мүчөлөрүнө жугуп, НАТО Варшава келишими уюмунун тагдырын кайталап, күн өткөн сайын чирип баштайт (Путин үчүн кандай сонун реванш). Же оор илдетке чалдыккан мүчөсүн – Түркияны, алсыздык жана өлүмдөн качып, кесип ыргытышат...

Экинчи чечим эрктүү жана талашсыз көрүнөт. Черчилдик чечим десе болот. Тактап айтканда, биздин жетекчилердин тарыхий чекиндүүлүгү жок болгондуктан, ал мүмкүн эместей. Учурдагы аскердик аракети Сириядан Балтика деңизине чейин созулган Түндүкатлантикалык альянстын тагдыры Сириянын түндүгүндө, Африн менен Манбиж арасында чечилип жатат...

Ошондуктан Путин Эрдоганды колдонуп, Афринде катуу жүрүш жасады десе болот. Адам өлүктөрүнө толгон талаасыз жеңишти элестете албаган дөөсүнгөн түрк лидери, мурунку душманы Башар Асад менен бирге Путиндин «шестёркасына» айланды... Күрддөр болсо Батыш үчүн кезектеги пайдалуу акмак болуп беришти. Алар тиешелүү кызматын аткарган соң өз тагдырына ташталды. Биз алар үчүн да, көтөрүлүшчүлөр менен бирге курчоодо калган ачка Гута жана Идлиб тургундары үчүн да согушпайбыз.

Ал убакта Ирак жана Сирияда жеңилди деген чала өлүк ИГИЛ жаракаттарын жалап-жуктап, эс-учун жыя баштады. Атаандашынын алсыраганын пайдаланып бардык жерде күчкө толо баштаган Аль-Каида жөнүндө кеп кылбай эле коёлу...

Пьер Брюне, Causeur, Франция